Президент Садыр Жапаров документке кол коюп жатат. Архив

Министрлер кабинети эми жаңы эреже менен иштейт. Мыйзамга президент кол койду

4805
(жаңыланган 20:04 11.10.2021)
Буга чейин Кыргызстандын өкмөтү жаңы Конституцияга ылайык, министрлер кабинети болуп түзүлгөнү менен иш жүзүндө "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" мыйзамы менен иштеп жаткан.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндөгү" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Конституциялык мыйзам бүгүндөн баштап күчүнө кирет, андан кийин президент тарабынан министрлер кабинетинин түзүмү жана курамы аныкталып, талапкерлерди макулдашуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизилет.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын өкмөтү жаңы Конституцияга ылайык, министрлер кабинети болуп түзүлгөнү менен иш жүзүндө "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" мыйзамы менен иштеп жаткан. Мындан улам жаңы Баш мыйзамга шайкеш келтирүү үчүн "Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбоору жазылган. Ал парламентке биринчи окууга киргизилгенде бир топ сын-пикир айтылган. Бирок депутаттар оңдоп-түзөтүлсүн деген шарт менен колдоп берген. Мыйзамдын автору президент Садыр Жапаров.

Документке ылайык, министрлер кабинетинин төрагалыгына жана министрлерге, башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилигине талапкерлерге төмөнкүдөй талаптар коюлат:

  • жогорку билим;
  • мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда жалпысынан 10 жылдан кем эмес иштеген болушу керек;
  • анын ичинен 5 жыл жетекчилик кызматтарда же 10 жылдан кем эмес тиешелүү тармактарда тажрыйбасы болушу шарт;
  • Кыргыз Республикасынын жараны болуп, башка мамлекеттин жарандыгы жок жана соттолбогон болушу керек.

Министрлер кабинетинин төрагасы бир эле учурда президенттин администрациясын дагы жетектейт.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине бир катар чектөөлөр дагы белгиленген.

Тактап айтканда, дайындалган жооптуу кызматкерлер ишкердик менен алектенүүгө, референдум учурунда (шайлоо кампанияларында) административдик ресурстарды колдонууга укугу жок. Мындан сырткары, кызматка киришип жатып декларациясын төрагага берүүгө тийиш.

Мыйзамда ошондой эле министрлер кабинетинин же анын айрым мүчөсүнүн кызматтан кетүү маселелери жөнгө салынган:

  • Министрлер кабинетинин мүчөсү кызматтан кетүү жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу;
  • Отставка президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат;
  • Президент өз демилгеси менен же Жогорку Кеңештин, же Элдик курултайдын сунушун эске алуу менен министрлер кабинетинин төрагасын же башка мүчөсүн кызматтан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алуу укугуна ээ.

Министрлер кабинетинин төрагасы мыйзамдарды демилгелөө укугуна ээ болуп, ченем жаратуучу орган болгондуктан, мыйзамда министрлер кабинетинин мыйзам чыгаруу ишине катышуусун аныктоочу укуктук ченемдер да каралган.

4805
Белгилер:
президент, Садыр Жапаров, Министрлер кабинети, мыйзам
Тема боюнча
Жергиликтүү бийлик акимдин көзүн карап калат. Чуулуу мыйзамдын чоо-жайы
Министрлер кабинети жана жергиликтүү бийлик жөнүндө мыйзамдар кабыл алынды
Москвадагы талибдердин делегациясы

Москва талибдерден афган элине либералдуу мамиле күтөрүн айтты

94
(жаңыланган 19:12 25.10.2021)
Кабуловдун айтымында, аймактык өлкөлөр өкмөттү түзүүдө талибдерден "чечкиндүүрөөк жана батыл кадамдарды" күтүп жатат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Талибдерде ("Талибан"*) инклюзивдик өкмөттү түзүү боюнча кандайдыр бир мөөнөт боюнча алкак, чектөө жок. Бул тууралуу РФтин Афганистан боюнча атайын өкүлү, ТИМдин Азия департаментинин экинчи директору Замир Кабулов билдиргенин РИА Новости жазды.

"Жок, эч кандай мөөнөт коюлган эмес. Бул "Москва форматынын" милдети да эмес болчу. Биз талибдерге алардын мындан аркы иши жана анын графигин тагуу үчүн чогулган жокпуз, андай эмес", — деген Кабулов "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинде журналисттерге брифинг өткөрүп жатып.

Диломаттын айтымында, аймактык өлкөлөр өкмөттү түзүүдө талибдер "чечкиндүү жана батыл кадамдарды" жасайт деген пикирде.

Кабулов, андан сырткары, Москва талибдерден элге карата либералдуу мамиле кылууну күтө тургандыгын айтты.

"...Жаңы бийликтен биз көбүрөөк либерализмдин жаралышын, ооба, өзүнүн маданий-диний салттарына таянышын, бирок либерализмдин көбүрөөк болушун күтүп жатабыз", — деди Кабулов.

Буга чейин да аталган темада кеп кылган Кабулов Москвадан талибдерге дүйнөлүк коомчулуктун пикирине кулак төшөп, ири алдыда элдин үнүн угуу боюнча айткандарын билдирген.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм

94
Белгилер:
Афганистан, Россия, ТИМ, санкциялар, 'Талибан' кыймылы, Замир Кабулов
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Бишкекте КМШнын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жолукту. Эмне талкууланды
Москвага талибдердин делегациясы келди
Нарындын мэри Арслан Сталбек уулу

Шаардык кеңеш шайлаган Нарындын мэрин БШК кызматтан алып койду. Себеби

190
(жаңыланган 18:38 25.10.2021)
Жаңы мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу шаардык кеңеште өткөн шайлоонун жыйынтыгын БШК тааныган жок.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын шаарынын мэри тандалган шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу БШКдан билдирди.

Белгилей кетсек, 22-октябрда Нарын шаардык кеңешинин депутаттары Арслан Сталбек уулун калаа мэри кылып шайлаган.

БШК ошол эле күнү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганын билдирди. Буга "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамы күчүнө киргени себеп болгону белгиленет.

Аталган мыйзамга президент Садыр Жапаров 21-октябрда кол койгон. Ага ылайык, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын мэри президент тарабынан дайындалат.

190
Белгилер:
Нарын шаары, мэр, БШК, шайлоо, жыйынтык, кызматтан алуу
Тема боюнча
Салык кызматынын төрагасына жаңы орун басар дайындалды
Жапаров мэр, акимдерди өзү дайындамай болду, акимдин укуругу узарды. Жаңы мыйзам
Россия-казак чек арасындагы өткөрмө бекетте чек арачы. Архив

Россияга товарларды Казакстан аркылуу ташуу. Жаңы эреже макулдашылды

0
(жаңыланган 23:13 25.10.2021)
Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан Россияга коңшу мамлекет (Казакстан) аркылуу товар жөнөтүү боюнча жаңы эрежени сүйлөштү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, 22-октябрда Кыргызстандан Казакстан менен Россияга барган жана ал жактан келген товар менен автоунааларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тартибине кол коюлган.

Министрдин орун басары Эльдар Алишеров бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана жүк ташуучулар менен жолугуп, бул эрежеде эл аралык жүк ташууда электрондук идентификаторлорду (навигациялык пломба) колдонуу каралгандыгын белгилеген.

Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

"Ошол эле учурда ата-мекендик экспортчулар сөзсүз түрдө экспорттук операция боюнча эсеп-фактураларын (ЭСФ) алып жүрүшү керек. Эгерде чек арадан өтөрдө ЭСФ жок болсо, Казакстандын Финансы министрлиги жүк ташуучу автоунааларды кайра Кыргызстанга жиберүүгө укуктуу", — деп жазылган маалыматта.

Казак тарап өлкө аймагына автоунааларды киргизүүдө жүк ташуучу унааларды текшербей эле аларга навигациялык пломбаларды орнотуп коёру кошумчаланды. Алишеровдун айтымында, Кыргызстандан Казакстанга барчу жүк ташуучу автоунаалар эреже бузса, барчу жерине жеткенде кошумча көзөмөлдөн өтөт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Казакстан, жүк ташуучу унаа, Россия, эреже
Тема боюнча
Кошумча нарк салыгы былтыркыдан 10 млрд. сомго арбын чогулду. Себеби
Тартыштык 9,1 миллиард сом. Кыргызстандын 2022-жылга карата бюджетинин божомолу