Портфельчен адам. Архив

Бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөткөндөр 200дөн ашты

181
(жаңыланган 15:00 12.10.2021)
БШКга арыз бергендердин арасында учурдагы ЖК депутаттары, мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер жана башкалар бар.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгондордун саны 228ге жетти. Бул туурасында БШКнын сайтында көрсөтүлгөн.

Эл өкүлү болууга ниеттенгендердин дээрлик баары өзүн-өзү көрсөткөн, болгону эки партиянын атынан үч талапкер чыккан. Алардын арасында учурдагы ЖК депутаттары, мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер жана башкалар бар.

Шайлоого катышуу үчүн документ тапшыруу мөөнөтү 18-октябрда саат 18:00дө аяктайт.

Белгилей кетсек, жаңы Конституция боюнча 90 депутаттын 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Ар бир округга орто эсеп менен 100 миң шайлоочу киргизилген.

181
Белгилер:
округдар, шайлоо, БШК, талапкер, каттоо
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо (61)
Тема боюнча
Серепчи: парламенттик шайлоодо күтүлбөгөн жыйынтык чыгып калышы да мүмкүн
Парламенттик шайлоо менен кошо айрым аймактарда жергиликтүү кеңештер да шайланат
Лаборатория кызматкери. Архив

Россиядан адамга тажрыйба жүргүзүү талап кылынууда. Артында ким турат?

22
(жаңыланган 16:27 28.10.2021)
Дүйнөдөгү эң эле жек көрүндү медиктердин бири, Аллергиялык жана инфекциялык оорулар улуттук институтунун директору Энтони Фаучинин айланасында тутанган чыр күчөп баратат.

Фаучи антиковиддик ыкмалары үчүн жаман көрүнүп келген, бирок бул жолу ал жаныбарларды кыйнаганы үчүн сынга кабылууда. Эч кимге зыяны жок, кичинекей күчүктөргө тажрыйба жүргүзгөнү үчүн... Абалга баам салган Виктор Мараховскийдин макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.

Аталган маселеге тынчсызданган тараптардын айтымында, ЖМКларга "Фаучинин ден соолук институтунун бөлүмүндө эксперимент жүргүзгөндөр күчүктөргө дары берип, андан соң инфекция жуктурулган машалар (москит — ред.) бар торго баштарын салганы" тууралуу маалыматтар чыгып кеткен.

АКШ конгрессинин 24 мүчөсү дарыгер менен ал жетектеген институтту кыйноолорду токтотууга чакырды. Көпчүлүк 1,7 миллиондук салыгы текшерилбеген эксперименталдык дарылар сайылып эле тим болбостон, кийин өлүмгө кептеген 44 күчүктү кыйноого чыгымдалганына нааразы.

Бул жерден эмнени айтууга болот?

Биринчиден, бул "бизден өтө деле алыс эмес жерде" болду. Углеводородсуз тоңуп, ишке аша бербеген жашыл экономикасын көтөрө чаап Европа Россияга догурунган сымал эле дүйнө да болгон сыноолорго жаныбарларды колдонууну улантууда.

Натыйжада: "Россиялык бизнес Европада тоскоолдукка учуроодо, жергиликтүү ретейлерлер оюнчуктарды сатуудан баш тартып жатат, анткени ЕАЭБде продукцияны алгач милдеттүү түрдө жаныбарларга сыноо талабы бар" дегенди окуп жатабыз. Мындан улам оюнчук чыгаргандар бул талапты Евразиялык экономикалык комиссиянын алдында мактап-жактоого мажбур.

Баса, бул кичине болсо дагы таасири күчтүү ажаан азчылык катуу чыгынса, аракети ар тараптуу болсо дүйнөнү өзү каалагандай өзгөртүп коё аларын көрсөткөн айкын мисал.

Экинчиден, жаныбарларга эксперимент жүргүзүүгө тыюу салуу талабы — кимдин чындап кандай экенин, нагыз маңызын көрсөтүп койду.

Жаныбарларга, биринчиден, биолог, медик жана ветеринарларды окутуу үчүн, экинчиден, кийин адам пайдалана турган продукцияны (дары-дармек, косметика, оюнчук) сыноо үчүн эксперимент жүргүзүлөт.

Жаныбарларды "кыйноо/өлтүрүү/мазактоону" жоюуга үндөгөндөр эки жөнөкөй нерсени талап кылышууда:

а) окуу, тажрыйба, эксперименттерди компьютердик моделдерге, жасалма материалдан өндүрүлгөн моделдерге жана кайсы бир деңгээлде пробиркадагы культураларга жасоого болот;

б) экспериментти макул болгон тарапка гана жасоо керек. Ал адам эле болушу мүмкүн.

Чындап келгенде компьютердик моделдер баары бир тирүү жандай болбойт. Бул үчүн ал атомунан баштап баары дал өзүндөй болушу керек, болбосо схемалардын дайым бир нерсени унутта калтыруу тобокелчилиги бар. Табияттагы процесстерге "арыш таштап", бирок аны ишке ашыра албай койгон компьютердик моделдөө тажрыйбасы бизде жетишерлик. Демек, бул ойдон азырынча баш тарта турган оң. Клеткалык культуралар деле толук маалымат бере албайт.

Бирок эң башкы маселе башкада. Күчүк, коёнектерди мыкаачы окумуштуулардан коргомуш болуп жаткандардын чыныгы жүзү таптакыр бөлөк.

Мисалы, кайсы бир косметика чыгарган компания жаныбарларды эксперимент жасоодон коргогон ишкана катары сыймык менен жарнамаланып келет. Белгилүү бир түйүндүн дүкөнүнө кирип калып, сатуучудан ("команданын лидеринен", бейджигинде ушундай экен) самынды эмнеге жаныбарларга эксперимент жүргүзүүгө каршы күрөшкөн коёнектер түшүрүлгөн кагазга ороп бергенин сурадым.

— Бул пропаганда эмес, болгону биздин компания жаныбарларга эксперимент жүргүзүүгө каршы. анткени алар өз макулдугун бербейт.

— Адамдарга жүргүзүлүшү керекпи?

— Адам макулдук бере алат.

— Алар муну жыргап кеткенинен жасабайт да. Куурал турмушта жашаган жакырлар, бактысыз адамдар барат го мындай кадамга. Кантсе да алар жаныбарлардан жакшыраак эмеспи, — дедим.

— Эмнеси менен жакшы, — деп күлдү сатуучу.

Мына ушул жерден сак болуш керек.

Жаныбарларды коргоочулардын (кеп мыкаачылык тууралуу болуп жаткан жок) кимиси менен болсо да сүйлөшө келсең, сөздүн башындабы, ортосундабы, айтор, бул киши негизи эле адамды жаныбардан төмөн көрөрүнө ынанасыз.

Башкача айтканда, ЖАНЫБАРГА ЭКСПЕРИМЕНТ ЖҮРГҮЗҮЛБӨГӨН кайсы бир косметиканы сатып алып жаткан адам жакыр жашаган же кыйналып-кысталып турган кишилердин тажрыйба жүргүзгөн мышык, күчүк, коёнек, чычкан болууга макулдук бериши үчүн акча төлөп калышы ыктымал экен. Азыр эмес, албетте, кийин "өз ыктыяры менен макулдук берүүгө" аргасыз болгон келечекте. Ал эми интеллектуалдуу, "күнөөсү жок" адамдар бул продукцияны сатып алып, байкуш жаныбарларды коргоп адамгерчиликтин туу чокусун көрсөтөт имиш.

Анткени жаныбарларды мажбурлоого болбойт, ал эми адамдарды бурчка такап айласын кетирүүгө болот.

...Эң эле акылга сыйбаган жапайычылык — мунун адамгерчилик деп саналганында. Чындап келгенде бул — адамды жек көрүүчүлүк.

Адам баласы жаныбардан кыйла жакшы. Кеп ушунда.

Ал эми адам жаныбардан төмөн турат деп эсептегендер же өз ыктыяры менен ошол жандыктарды алмаштырып экспериментке макул болушу керек, же эки жүздүүлөнбөй адамды жек көрөрүн моюндашы зарыл.

22
Белгилер:
адам, жаныбарлар, эксперимент, косметика, күчүк, мышык, дарыгерлер, тажрыйба
Тема боюнча
Аюуларды коркутат дешти. Үрөйдү учурган роботтордун видеосу
Шайлоо участогунда добуш берип жаткан кыз. Архив

Тизмеге кирүү жол-жобосу. Россиядагы кыргызстандыктар шайлоого кантип катышат

50
(жаңыланган 14:59 28.10.2021)
Буга чейин биометрикалык маалыматтарын тапшырып койгон жарандар консулдук каттоодон элчиликке келбестен, аралыктан өтө алышат.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги парламенттик шайлоодо добуш берүүгө катыша турган жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү өнөктүгү 12-ноябрда соңуна чыгарын эскертти.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, Россиядагы кыргызстандыктар шайлоого катышуу үчүн консулдук каттоого туруп, биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек.

Ал эми буга чейин эле биометрикалык маалыматтарын тапшырып койгон жарандар консулдук каттоодон элчиликке келбестен, аралыктан өтө алышат. Бул үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:

Элчиликтин расмий сайтынан консулдук каттоого туруу үчүн атайын форманы көчүрүп алуу (кыргыз же орус тилинде);

  • Форманы так жана даана колго толтуруу;
  • Жүзү даана тартылган сүрөтүн чаптоо;
  • Сүрөтү чапталган форма менен улуттук паспортун сканерден өткөрүп элчиликтин msk.ku.kg@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүү зарыл.
  • Жогорудагы аракеттер жасалгандан кийин жаран 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Шайлоо участкалары Москвада, Санкт-Петербургда, Сургутта, Самарада, Краснодарда, Казанда, Екатеринбургда, Новосибирскиде, Красноярскиде, Тюменде, Томскиде, Иркутскиде, Хабаровскиде, Владивостокто жана Түштүк-Сахалинде ачылат.

50
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, элчилик, Жогорку Кеңеш, шайлоо
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021
Тема боюнча
Шайлоо 2021: талапкерлер кайсы телеканалдардан дебатка чыгары белгилүү болду
Партиялык система менен 1046 киши депутат болууну мелжеп жатат. Статистика
Көмүр саткан жайларга рейд жүргүзүлүүдө

Чүйдө көмүр саткан жайларга рейд жүргүзүлүүдө. Сүрөт

12
(жаңыланган 16:57 28.10.2021)
Текшерүүгө Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен Экономика жана коммерция министрлигинен тышкары бир катар мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери чыкты.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкектин төмөнкү жагындагы айланма жолдогу жана Сокулук районундагы көмүр саткан жайларда рейд жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Рейды по урегулированию цен на уголь на топливных базах и стационарных точках объездной дороги Бишкека и в Сокулукском районе. 28 октября 2021 года
© Фото / пресс-служба ГААР при ПКР
Бишкектин төмөнкү жагындагы айланма жолдогу жана Сокулук районундагы көмүр саткан жайларда рейд жүргүзүлүүдө

Текшерүүгө аталган агенттиктен, Экономика жана коммерция министрлигинен тышкары бир катар мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери чыкты.

"Сатуучуларга көмүрдүн баасы көтөрүлбөшү керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Сатуучулар мыйзамды бузуу менен мындан ары дагы бааны жогорулатса жоопко тартылары боюнча эскертүү берилди.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасын мамлекет убактылуу жөнгө салып турмай болгон.

Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021-2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

12
Белгилер:
Чүй облусу, Бишкек, көмүр, баа, рейд
Тема боюнча
Бийлик Бишкек менен аймактарда көмүрдүн баасын бекитти. Канчадан ашпаш керек?