Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров. Архив

Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка Акылбек Жапаровду сунуштап, себебин түшүндүрдү

432
(жаңыланган 16:33 12.10.2021)
Буга чейин Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгы менен бирге экономика жана финансы министри кызматын аркалаган.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагалыгына Акылбек Жапаровдун талапкерлигин сунуштап, чечимин түшүндүрдү.

Президент “Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзамга кой койгонун эске салып, өкмөттүн жаңы курамына талапкерлерди Жогорку Кеңешке макулдашууга жөнөткөнүн айтты.

 

"Өкмөт башчысы алмашат. Ага Акылбек Жапаровду сунуштадым. Эмне себептен алмаштырды деген суроолор жаралат. Ар бир мамлекеттин эң негизги көйгөйү — бул казынаны толтуруу. Казына көбөйсө, элдин жашоосу жакшырат, пенсия-жөлөк пулдар, эмгек акылар көтөрүлөт, инфраструктура жана башка тармактар жакшырат. Биз Акылбек Жапаров менен макулдашып, келиштик. Быйыл казынаны 280 миллиард сом менен жапсам, эмдиги жылы 400 миллиард сомго жакындатам деп сөз берди", — деди өлкө башчы.

Андыктан аны азырынча сындабай, убакыт берүүнү суранып, "эгер убадасына турбаса, чара көрөрүн" билдирди.

"Анын иштерин текшерип турганга күчүм да, убактым да жетет. Эң негизгиси өзүм таза болсом баары таза болот. Өзүм казынага кол салсам, анда баары ага кол сала башташат. Мен мурункулардын катасын кайталабайм", — деди Жапаров.

Ошондой эле президент Акылбек Жапаров анын көзөмөлүнүн алдында “Кумтөр” маселесин бүтүргөнүн, казынага 24 миллиард сом кошумча акча түшүргөнүн билдирди.

Буга чейин Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгы менен бирге экономика жана финансы министри кызматын аркалаган.

432
Белгилер:
Акылбек Жапаров, кызмат, Министрлер кабинети, жетекчи
Тема боюнча
Абыкеевдин ордуна жаңы мамлекеттик катчы келди
Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчылыктан кетип, жаңы кызматка дайындалды
Шайлоо участогунда добуш берип жаткан кыз. Архив

Тизмеге кирүү жол-жобосу. Россиядагы кыргызстандыктар шайлоого кантип катышат

35
(жаңыланган 14:59 28.10.2021)
Буга чейин биометрикалык маалыматтарын тапшырып койгон жарандар консулдук каттоодон элчиликке келбестен, аралыктан өтө алышат.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги парламенттик шайлоодо добуш берүүгө катыша турган жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү өнөктүгү 12-ноябрда соңуна чыгарын эскертти.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, Россиядагы кыргызстандыктар шайлоого катышуу үчүн консулдук каттоого туруп, биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек.

Ал эми буга чейин эле биометрикалык маалыматтарын тапшырып койгон жарандар консулдук каттоодон элчиликке келбестен, аралыктан өтө алышат. Бул үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:

Элчиликтин расмий сайтынан консулдук каттоого туруу үчүн атайын форманы көчүрүп алуу (кыргыз же орус тилинде);

  • Форманы так жана даана колго толтуруу;
  • Жүзү даана тартылган сүрөтүн чаптоо;
  • Сүрөтү чапталган форма менен улуттук паспортун сканерден өткөрүп элчиликтин msk.ku.kg@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүү зарыл.
  • Жогорудагы аракеттер жасалгандан кийин жаран 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Шайлоо участкалары Москвада, Санкт-Петербургда, Сургутта, Самарада, Краснодарда, Казанда, Екатеринбургда, Новосибирскиде, Красноярскиде, Тюменде, Томскиде, Иркутскиде, Хабаровскиде, Владивостокто жана Түштүк-Сахалинде ачылат.

35
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, элчилик, Жогорку Кеңеш, шайлоо
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021
Тема боюнча
Шайлоо 2021: талапкерлер кайсы телеканалдардан дебатка чыгары белгилүү болду
Партиялык система менен 1046 киши депутат болууну мелжеп жатат. Статистика

Жапаров бюджетти 400 млрд. сомго чыгаруу үчүн каяктан акча табарын айтты. Видео

380
(жаңыланган 14:39 28.10.2021)
Кечээ парламент 2022-жылга карата бюджеттин долбоорун биринчи окуудан колдоду. Талкуу учурунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бюджетти толтуруу боюнча дымактуу планын айтып берди.

Финансы министри Алмаз Бакетаев баяндама жасап, кийинки жылы консолидацияланган бюджет 400,7 миллиард сомго жетерин билдирди. Бул бардык бюджетти кошуп эсептөөдөн чыккан сумма. Ал эми чыгашасы 399,7 миллиард сомду түзүп, профицит 1 миллиард сом болору пландалган.

Консолидацияланган бюджетке төмөнкүлөр кирет:

  • Мамлекеттик бюджет (республикалык жана жергиликтүү) — киреше 302,7 млрд., чыгаша 310,8 млрд., дефицит 8,1 млрд.;
  • Республикалык бюджет — киреше 279,6 млрд., чыгаша 288,7 млрд., дефицит 9,1 млрд.;
  • Социалдык фонд — киреше 38,4 млрд., чыгаша 40,3 млрд., дефицит 1,9 млрд.;
  • Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду — киреше 1,9 млрд., чыгашасы да ушул суммага барабар;
  • Активдер жана милдеттемелер — киреше 54,5 млрд., чыгаша 46,6 млрд., профицит 7,9 млрд.

Жыйында депутат Таабалды Тиллаев мындай дымактуу планды колдой турганын айтып, бирок анчалык көп сумманы каяктан табарына кызыгып сурады.

Буга жооп берген министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров негизги киреше булагын салык менен бажы тармагынан күтүп жатканын билдирди. Аны менен катар бийликтин саясий эркине ишенип турганын айтты.

"Бажы кызматына 50 миллиард сомдон ашык, Салык кызматына да 50 миллиарддан ашык кошулат. Атайын каражаттар жана салыктык эмес кирешелер менен жалпы жонунан 2 миллиард долларга жакын (болжол менен 170 миллиард сом) кошумча акча табабыз деп жатабыз. Ушунун баары жаңы Салык кодекси менен иреттелет. Бизде саясий эрк бар, мен ошого ишенем. Быйыл 6-7 тоннанын тегерегинде алтын ала турган болсок, эмдиги жылы 15тен 18 тоннага чейин алабыз. Анын таза кирешеси 300дөн 400 миллион долларга чейин барат. Ошентип кен казуучулардан дагы чоң киреше тапканы турабыз", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал мурда бажыдан бирөөлөрдүн чөнтөгүнө жыл сайын 1 миллиард долларга чукул акча кетип жатканын кыйытты.

"1 миллиард кетчү беле так билбейм. Бирок эмдиги жылы 50 миллиард сом кошулса, демек, ошончо акча бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп жүргөн да. Биз ушунун баарын жокко чыгаруу тапшырмасын алдык. Мен ошондой милдет менен премьер-министр болуп келдим. Эгер салыкчыларды айтсак, ар бир сектор, экономика, дүкөн жегичтердин аянтчасы болуп калган. Акча бюджетке түшпөй эле калкалагандарга берилип кетчү. Ошондой жаман көрүнүштү жокко чыгаруудабыз", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Парламенттин шаршемби күнкү жыйынында 2021-жылдын такталган бюджетин бекитүү долбоору да каралып, биринчи окуудан өттү.

Жыл башында Республикалык бюджет 172,9 миллиард сом болуп бекитилген. Ал сумма 188,2 миллиард сомго көтөрүлүп, 15,3 миллиардга өсүп жатат. Ал эми чыгаша 181,3 миллиард сом деп белгиленсе, азыр 207,400 миллиард сомго чыгууда. Демек, жыл башындагы 8,4 миллиард сомдук дефицит 19 миллиард сомго чейин өсөт.

"Чыгашалардын өсүшү социалдык милдеттемелерди каржылоого жана капиталдык салымдарга байланыштуу. Ошондой эле медицина жана маданият кызматкерлеринин маянасын жогорулатууга, COVID-19 боюнча компенсация төлөөгө, вакцинацияга, гемодиализге, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, энергетикага, Мамлекеттик ипотекалык компанияга керектелет", — деди финансы министри Алмаз Бакетаев.

Акылбек Жапаров өлкөнү өнүктүрүү саясаты так аныкталып бүткөнүн белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстанда 200 миң бай үй-бүлө бар. Бир миллионго жакын орто катмар, 200 миң үй-бүлө кедей жашайт. Мындан кийин өкмөт колунда жок тургундарга айыл өкмөт аркылуу эмес, түз жардам берет.

380
Белгилер:
Акылбек Жапаров, бюджет, акча, Мамлекеттик салык кызматы, РФ Бажы кызматы
Тема боюнча
Жапаров: жаңы схема беш айда 746 млрд. сом көмүскөгө кетип жатканын аныктады
Документке кол коюп жаткан мамлекеттик кызматкер. Архив

Дары-дармек департаментине жаңы жетекчи дайындалды

0
(жаңыланган 15:32 28.10.2021)
Жетекчи буга чейин Дары-дармек жана медициналык каражат департаментинде алдыңкы адис болуп эмгектенген.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Нурдин Кагаздиев Дары-дармек жана медициналык каражат департаментине жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Кагаздиев жогорку билимдүү. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. 36 жашта. Буга чейин Дары-дармек жана медициналык каражат департаментинде алдыңкы адис болуп эмгектенген.

0
Белгилер:
саламаттык сактоо, дары-дармек менен камсыздоо департаменти, жетекчи
Тема боюнча
Фарммафия: УКМК мурдагы министрдин тууганын кармады