Бишкектеги өкмөт үйү. Архив

Жапаров министрлер кабинетин отставкага кетирди

164
(жаңыланган 17:30 12.10.2021)
Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар жаңы курам түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантышат.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин азыркы курамы отставкага кетти. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар министрлер кабинетинин жаңы курамы түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантышат.

164
Белгилер:
Кыргызстан, Министрлер кабинети, отставка
Тема боюнча
Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка Акылбек Жапаровду сунуштап, себебин түшүндүрдү
Россиянын президенти Владимир Путин

Путин: коммунисттер менен улутчулдарга бирдей кароо такыр туура эмес

52
(жаңыланган 01:00 22.10.2021)
Россиянын башчысы экинчи дүйнөлүк согушка байланыштуу маселелерди талашууга аргументтери бар экенин айтты.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Коммунисттер менен улутчулдарды бирдей кароо такыр туура эмес. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Эл аралык “Валдай” дискуссиялык клубунун жыйынында билдирди.

Путин тарыхый эстеликтер тууралуу сөз болгондо экинчи дүйнөлүк согушка байланыштуу маселелерди талашууга аргументтери бар экенин айтты.

“Бизде 1917-жылдан 1990-жылга чейинки өлкөнүн башкаруучуларына көптөгөн дооматыбыз бар. Бул кадыр эсе көрүнүш. Бирок экинчи дүйнөлүк согуштун алдында коммунисттер менен улутчулдарды бир жерге коюп, жоопкерчилигин 50\50 пайыздан бөлүп кароо такыр орунсуз”, — деди Россия лидери.

Путин бул сөздөрдү СССРдин мураскери аталган Россиянын башчысы жана орус жараны болгону үчүн гана айтып жатпаганын белгиледи.

“Мен муну изилдөөчү катары айтып жатам. Архивде жаткан документтерди окуп чыктым”, — деди Россиянын башчысы.

Анын айтымында, анын арасында лагерлер жана репрессия сыяктуу Сталин жөнүндө көп нерсени эстесе болот.

“Бирок мен документтерден анын резолюцияларын көрдүм. Совет өкмөтү экинчи дүйнөлүк согуштун башталышына жол бербөө үчүн күрөшкөн”, — деди Путин.

Ошондой эле ал тарыхты бурмалоо аракети ар дайым болушу мүмкүн экенин, бирок жок дегенде документтерди окуп коюуга чакырды.

52
Белгилер:
Владимир Путин, тарых, улутчул, коммунист
Тема боюнча
Путин Афганистандын экономикасын калыбына келтирүү үчүн көмөктөшүүгө чакырды
Россиянын президенти Владимир Путин

Путин Афганистандын экономикасын калыбына келтирүү үчүн көмөктөшүүгө чакырды

71
(жаңыланган 23:58 21.10.2021)
Россия лидери баңгизатты өндүрүү жана сатуу Афганистанда негизги көйгөйдү жаратып жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Афганистандын экономикасын калыбына келтирүү үчүн жардам берүү керектигин билдирди.
Ал бүгүн Валдай форумунда сүйлөп жатат.

“Кырдаал өз убагында жана тийиштүү темп менен жөнгө салынышы үчүн, албетте, Афганистандын экономикасын калыбына келтирүүгө жардам берүү керек”, — деди Путин.

Россия лидери баңгизатты өндүрүү жана сатуу өлкөдө негизги көйгөйдү жаратып жатканын белгиледи.

“Бирок акчалары жок болсо, алар кайда барат. Социалдык маселелерин кантип каржылайт?” — деди Путин.

71
Белгилер:
Владимир Путин, Афганистан, экономика, жардам берүү
Тема боюнча
Путин: азык-түлүккө болгон кризис дүйнөдө мындан ары да курчушу мүмкүн
Электростанциядагы жарылуудан улам Кабул толугу менен жарыксыз калды
Афганистан: "Москва форматындагы" сүйлөшүүгө Кыргызстандан Абдуразаков катышууда
Кыргызстандык гимнаст Айша Изабекова

Гимнаст Айша Изабекова Япониядагы дүйнө чемпионатына катышат

0
Учурда Айша Москвадагы Ирина Винер-Усманованын гимнастика борборунда даярдык көрүүдө. Мелдеш 27-30-октябрь күндөрү Китакюсю шаарында өтөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандык гимнаст Айша Изабекова Японияда өтө турчу дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу КРдин Көркөм гимнастика федерациясынын президенти Назира Айдарова билдирди.

Мелдеш 27-30-октябрь күндөрү Китакюсю шаарында өтөт.

Федерациянын башчысы дүйнө чемпионатынын жаңы эрежеси боюнча бир өлкөдөн бирден гана спортчу катыша аларын белгиледи.

Учурда Айша Москвадагы Ирина Винер-Усманованын гимнастика борборунда даярдык көрүүдө. Японияга спортчуну машыктыруучусу Аделина Шаяхметова жана калыс Злата Тулубаева коштоп барат.

Айша Изабекова 18 жашта. Көркөм гимнастика боюнча спорт чебери, Кыргызстандын абсолюттук чемпиону, Азия кубогунан күмүш жан коло медалдарды алган. Азия жана дүйнө чемпионаттарына катышкан.

Айша — ардагерлер арасында дүйнө чемпиону Чынарбек Изабеков менен Көркөм гимнастика федерациясынын президенти Назира Айдарованын кызы.

0
Белгилер:
Япония, Чынарбек Изабеков, гимнастика, мелдеш, Айша Изабекова
Тема боюнча
U23: дүйнө чемпионатына Кыргызстандан эки балбан кыз барат