Улукбек Марипов министрлер кабинетинин төрагалыгынан бошотулду

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасы  Улукбек Марипов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Жазылуу
Садыр Жапаров Марипов туурасында "оор мезгилде кыйынчылыктарды бирге басып өткөндүктөрүн, жаш кадр экенин жана тажрыйба топтогондугун" айткан.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Улукбек Марипов министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Улукбек Марипов министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруудан бошотулду", — деп айтылган маалыматта.
Жапаров буга чейин социалдык тармактагы аккаунтуна министрлер кабинетинин отставкасы тууралуу билдирүү жасаган.
"Ал эми Улукбек Асамидинович да жаман иштеген жок. Жакшы иштеди. Жаш кадр. Оор мезгилде кыйынчылыктарды бирге басып өттүк. Тажрыйба топтоду. Анын келечеги алдыда", — деген президент.
Бир аз мурдараак Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагалыгына Акылбек Жапаровдун талапкерлигин сунуштап, чечимин түшүндүргөн.
Эскерте кетсек, Улукбек Марипов премьер-министрлик кызматка ушул жылдын февраль айында дайындалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0