Министрлер кабинетинин жаңы курамына кимдер кирди? Тизме

© AFP / ANDREAS SOLAROАткаминерлер. Архив
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Жазылуу
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кызматынан бошотулуп, ордуна Акылбек Жапаров дайындалган.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети министрлер кабинетинин сунушталып жаткан жаңы курамын жактырды.
Буга чейин президент Садыр Жапаров министрлер кабинетин отставкага кетирип, жаңы курамды сунуштаган.

Тизме:

  • Арзыбек Кожошев — министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
  • Азиз Аалиев — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
  • Эдил Байсалов — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
  • Камчыбек Ташиев — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана УКМКнын төрагасы;
  • Руслан Казакбаев — тышкы иштер министри;
  • Эркинбек Осоев — транспорт жана коммуникация министри;
  • Аскарбек Жаныбеков — айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
  • Доскул Бекмурзаев — энергетика министри;
  • Динара Кутманова — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
  • Алымкадыр Бейшеналиев — саламаттык сактоо министри;
  • Болотбек Купешев — билим берүү жана илим министри;
  • Бактыбек Бекболотов — коргоо министри;
  • Улан Ниязбеков — ички иштер министри;
  • Бообек Ажикеев — өзгөчө кырдаалдар министри;

Жаңы жүздөр

  • Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;
  • Алмаз Бакетаев — финансы министри;
  • Аяз Баетов — юстиция министри;
  • Азамат Жаманкулов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
  • Кудайберген Базарбаев — эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри.
Жаңылыктар түрмөгү
0