Акча каражаттары. Архив

Талапкерлер күрөөгө төккөн акчасын шайлоодон кийин кайтарып алат. Жол-жобосу

142
Саясий партиялар бир миллион сом, бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлер 100 миң сом шайлоо күрөөсүн төгөт.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлердин күрөө фонду тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, партиялар бир миллион сом, бир мандаттуу округдан чыккандар 100 миң сом шайлоо күрөөсүн төгөт.

Төмөнкү жагдайда кайтарып ала алат:

  • Партия өтпөй калып, бирок добуштардын бир пайызына, бир мандаттуу округдагылар беш пайызына ээ болсо, 10 күндүн ичинде БШКга каржылык отчётун тапшырса;
  • БШК тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;
  • Бюллетендин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого катышуудан баш тартса.

Төмөнкү учурда күрөө кайтарылып берилбейт:

  • Мыйзамдарды бузуунун натыйжасында добуш берүү күнүнө чейин талапкерди, саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоо жокко чыкса;
  • Саясий партиянын алган добуштары жараксыз деп табылса.

Күрөөдө калып кеткен каражат республикалык бюджетке которулары белгиленди.

 

142
Белгилер:
шайлоо, күрөө, талапкер, кайтаруу
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо (57)
Тема боюнча
Бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөткөндөр 200дөн ашты
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо. 28-ноябрда эмнелерди эске алуу керек?
Россиянын президенти Владимир Путин

Путин: коммунисттер менен улутчулдарга бирдей кароо такыр туура эмес

67
(жаңыланган 01:00 22.10.2021)
Россиянын башчысы экинчи дүйнөлүк согушка байланыштуу маселелерди талашууга аргументтери бар экенин айтты.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Коммунисттер менен улутчулдарды бирдей кароо такыр туура эмес. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Эл аралык “Валдай” дискуссиялык клубунун жыйынында билдирди.

Путин тарыхый эстеликтер тууралуу сөз болгондо экинчи дүйнөлүк согушка байланыштуу маселелерди талашууга аргументтери бар экенин айтты.

“Бизде 1917-жылдан 1990-жылга чейинки өлкөнүн башкаруучуларына көптөгөн дооматыбыз бар. Бул кадыр эсе көрүнүш. Бирок экинчи дүйнөлүк согуштун алдында коммунисттер менен улутчулдарды бир жерге коюп, жоопкерчилигин 50\50 пайыздан бөлүп кароо такыр орунсуз”, — деди Россия лидери.

Путин бул сөздөрдү СССРдин мураскери аталган Россиянын башчысы жана орус жараны болгону үчүн гана айтып жатпаганын белгиледи.

“Мен муну изилдөөчү катары айтып жатам. Архивде жаткан документтерди окуп чыктым”, — деди Россиянын башчысы.

Анын айтымында, анын арасында лагерлер жана репрессия сыяктуу Сталин жөнүндө көп нерсени эстесе болот.

“Бирок мен документтерден анын резолюцияларын көрдүм. Совет өкмөтү экинчи дүйнөлүк согуштун башталышына жол бербөө үчүн күрөшкөн”, — деди Путин.

Ошондой эле ал тарыхты бурмалоо аракети ар дайым болушу мүмкүн экенин, бирок жок дегенде документтерди окуп коюуга чакырды.

67
Белгилер:
Владимир Путин, тарых, улутчул, коммунист
Тема боюнча
Путин Афганистандын экономикасын калыбына келтирүү үчүн көмөктөшүүгө чакырды
Россиянын президенти Владимир Путин

Путин Афганистандын экономикасын калыбына келтирүү үчүн көмөктөшүүгө чакырды

87
(жаңыланган 23:58 21.10.2021)
Россия лидери баңгизатты өндүрүү жана сатуу Афганистанда негизги көйгөйдү жаратып жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Афганистандын экономикасын калыбына келтирүү үчүн жардам берүү керектигин билдирди.
Ал бүгүн Валдай форумунда сүйлөп жатат.

“Кырдаал өз убагында жана тийиштүү темп менен жөнгө салынышы үчүн, албетте, Афганистандын экономикасын калыбына келтирүүгө жардам берүү керек”, — деди Путин.

Россия лидери баңгизатты өндүрүү жана сатуу өлкөдө негизги көйгөйдү жаратып жатканын белгиледи.

“Бирок акчалары жок болсо, алар кайда барат. Социалдык маселелерин кантип каржылайт?” — деди Путин.

87
Белгилер:
Владимир Путин, Афганистан, экономика, жардам берүү
Тема боюнча
Путин: азык-түлүккө болгон кризис дүйнөдө мындан ары да курчушу мүмкүн
Электростанциядагы жарылуудан улам Кабул толугу менен жарыксыз калды
Афганистан: "Москва форматындагы" сүйлөшүүгө Кыргызстандан Абдуразаков катышууда
Аял кол чатыр менен. Архив

Күн кайра ачылабы? Дем алышка карата аба ырайы

0
Апта этегинде кээ бир аймактарга жаан жааса, тоолуу жерлерге кар түшүшү ыктымал. Жекшемби күнү жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет ушул аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайы божомолун жарыялады.

Билдирмеге караганда, апта этеги кээ бир облустарда жаанчыл болуп, абанын температурасы төмөндөшү күтүлүүдө. Бирок айрым аймактарга жаан жаабайт.

Чүй облусу

23-октябрда түнкүсүн айрым райондордо жаан, тоолуу жерлерге кар жаашы күтүлөт. 23-октябрда күндүз жана 24-октябрда күн ачык болору айтылды.

Талас облусу

Таласта дем алышта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 8...10 градус болушу ыктымал.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облусу

23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондорго жаан, кар жааса, тоолуу жерлерге кар түшүшү күтүлүүдө. Ал эми 23-октябрда күндүз жана 24-декабрда жаан жаабай турганы божомолдонду. Бул аймактарда абанын температурасы 15...17 градуска чейин жылыйт.

Нарын облусу

23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу жерлерге кар жааса, 23-октябрда күндүз жана 24-октябрда күн ачык болору айтылды. Абанын температурасы 3...8 градус болушу ыктымал.

Ысык-Көл облусу

23-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. 23-октябрда күндүз айрым райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми 24-октябрда жаан жаабайт. Абанын температурасы 5...10 градуска жылышы ыктымал.

0
Белгилер:
дем алыш, аба ырайы, Кыргызгидромет, божомол, жаан
Тема боюнча
Оору күчөдү, мектептер онлайн окутууга өтөбү? Мэриянын жообу
Ноябрь айында аба ырайы кандай болот. Синоптиктердин божомолу