Депутат Бактыбек Райымкулов. Архив

Райымкулов: чет элдик тыңчылар мыкты инсан Райым Матраимовду каралап жатат

86
(жаңыланган 15:35 13.10.2021)
Депутат андан көрө Матраимовго окшогон мыкты инсандарды командага кошуп иштете турган учур келди деп эсептейт.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, чет элдик тыңчыларга катуу чара көрүүнү суранды.

Себеби алар Райым Матраимовго окшогон мыкты жигиттерди каралап жатат деп күнөөлөдү.

"Качан болбосун бөлөк мамлекеттин кызыкчылыгын колдогондор өкмөткө тийишип келет. Чет өлкөнүн агенттерине, тыңчыларына катуу чара көрбөсө болбойт. Эң коркунучтуусу ушулар. Гомосексуалдарды, адамды жылаңачтап элге алып чыгып жаткандар да ушулар. Райым Матраимовго окшогон кыргыздын мыкты жигиттерин каралап келишет. Андан көрө ошондой мыкты инсандарды командага кошуп иштете турган учур келди да. Мен сизден ушуну өтүнөм, катуу чара көрүш керек", — деп кайрылды Райымкулов.

Буга УКМК төрагасы жооп берген жок.

86
Белгилер:
Бактыбек Райымкулов, Райымбек Матраимов, чара көрүү
Тема боюнча
Тойго барганым достошуп алгандык эмес. Ташиев менен Бекешевдин айтышкан видеосу
Бизден күнөө кеткен. Жапаров Кытай эмнеге чек арасын толук ачпай жатканын айтты
Талибан кыймылдын өкүлү Забиулла Муджахид

Тажикстан Афганистандын жаңы бийлигин тааныбай турганын айтты

5
(жаңыланган 19:15 28.10.2021)
Афганистанга коңшу мамлекеттердин министрлеринин жыйынына Кытай, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Пакистан жана Ирандын тышкы иштер министрлери катышкан.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Тажикстан бийлиги Афганистандын жаңы өкмөтүн тааныгысы келбейт. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин Афганистанга коңшу мамлекеттердин министрлеринин Тегеран шаарындагы жыйынында айтты.

Министрге шилтеме берип Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, жаңы бийлик Кабулду күч менен басып алып, өз элинин жана этникалык топтордун пикирин эске албастан өкмөттү ээлеп алды.

"Этникалык тажиктер афган элинин 46 пайызын түзгөндүктөн өкмөттөн орун алышы керек болчу", — деди Мухриддин.

Афганистанга коңшу мамлекеттердин министрлеринин жыйынына Кытайдын, Россиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Пакистандын жана Ирандын тышкы иштер министрлери катышкан.

Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен афган элине биринчилерден болуп Кыргызстан кол сунду. Сентябрь айынын соңунда КРдин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга барып, "Талибан"* өкмөтүнүн ТИМ башчысы Амир Хан Муттаки менен жолуккан. Президенттин маалымат кызматы Масадыков башында турган кыргыз делегациясы Кыргызстан элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткиргенин кабарлаган.

Афган бийлиги менен Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жарыялаган.

Кийин G20 мамлекеттери кезектеги жыйынында кааласа да, каалабаса да талибдер менен иштешип, ал тургай гуманитардык жардам берүүгө мажбур экенин билдиришкен.

Ал эми 20-октябрда Россиянын борборуна талибдердин делегациясы барып, Афганистан боюнча сүйлөшүүлөр "Москва форматы" боюнча жүргүзүлдү. Иш-чарага 10 мамлекеттин делегаттары катышты.

* — Кыргызстан жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм

5
Белгилер:
Афганистан, Тажикстан, өкмөт, бийлик
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Москва талибдерден афган элине либералдуу мамиле күтөрүн айтты
Талибан* жардам алууну кааласа көмөк көрсөтүшү керек. Россиянын позициясы
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив

Талант Мамытовду талапкер кылып каттабай койгон БШКнын чечими жокко чыкты

9
(жаңыланган 19:10 28.10.2021)
Соттун чечими жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, нааразы тарап Жогорку сотко кайрылууга укуктуу.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык административдик соту Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду шайлоого катышуу укугунан ажыраткан БШКнын чечимин жокко чыгарды. Маалыматты Жогорку соттон тастыкташты.

Белгилей кетсек, 24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Мамытов кызмат ордунан кетпегенин негиз кылып талапкер катары каттоодон баш тарткан. Спикер "Ынтымак" саясий партиясынын тизмеси менен шайлоого аттанган болчу.

Мындан улам "Ынтымак" партиясы БШКнын чечимине каршы даттанган. Бүгүн административдик сот саясий уюмдун арызын канааттандырды.

Соттун чечими жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, нааразы тарап Жогорку сотко кайрылууга укуктуу.

9
Белгилер:
Талант Мамытов, шайлоо, талапкер, каттоо, чечим
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Шайлоого аралашкан. Лейлектин акими кызматтан четтеп, Исфана мэри сөгүш алды