Киши шайлоо участкасында добуш берип жатат. Архив

Жапаров: талапкерлер добуш сатып алууну токтотсун, мен админресурсту тыям

103
(жаңыланган 18:03 13.10.2021)
Мамлекет башчы мындан ары административдик ресурс колдонгондор кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Парламенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлер добуш сатып алууну токтотсун, мен админресурсту тыйып берем. Бул туурасында президент Садыр Жапаров парламентте билдирди.

Ал бүгүн министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн антын кабыл алып, андан соң кайрылуу жасады.

"Бул жердеги депутаттар көпчүлүгүңүздөр кайрадан шайлоого катышып жатасыздар. Менин сиздерден суранарым, келиңиздер, шайлоону таза, адилеттүү жана так өткөрөлү. Талапкерлер, партиялар, сиздер добуш сатып алуу токтотсоңуздар, административдик ресурсту колдонбоо жагын мен токтотуп берейин. Буга эрким да, күчүм да жетет", — деди Жапаров.

Ошол учурда депутаттар кубаттап кол чаап жиберишти. Мамлекет башчы андан ары сөзүн эми админресурс колдонгондор кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

"Мурдагыдай мугалим, дарыгер, айыл өкмөт, аким жана башка мамлекеттик кызматта иштегендер кайсы бир партияга же талапкерге үгүт жүргүзүшүнө бөгөт коёбуз. Андай аракеттерди түп-тамырынан кыркабыз. Бул жолу элдин эркин тандоосун камсыздайбыз. Аны үчүн кызматтан алуу менен чектелбей, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен жазага тартабыз", — деди президент.

Аны менен катар Жапаров добуш сатып алууга бөгөт коюу үчүн жалпы элдин да жардамы керек болорун кошумчалады.

103
Белгилер:
добуш, сатып алуу, админресурс, Садыр Жапаров, шайлоо, депутат
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021 (47)
Тема боюнча
Президент таза шайлоо өтөрүн убадалап, кымбатчылык боюнча оюн айтты
Москвадагы талибдердин делегациясы

Москва талибдерден афган элине либералдуу мамиле күтөрүн айтты

94
(жаңыланган 19:12 25.10.2021)
Кабуловдун айтымында, аймактык өлкөлөр өкмөттү түзүүдө талибдерден "чечкиндүүрөөк жана батыл кадамдарды" күтүп жатат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Талибдерде ("Талибан"*) инклюзивдик өкмөттү түзүү боюнча кандайдыр бир мөөнөт боюнча алкак, чектөө жок. Бул тууралуу РФтин Афганистан боюнча атайын өкүлү, ТИМдин Азия департаментинин экинчи директору Замир Кабулов билдиргенин РИА Новости жазды.

"Жок, эч кандай мөөнөт коюлган эмес. Бул "Москва форматынын" милдети да эмес болчу. Биз талибдерге алардын мындан аркы иши жана анын графигин тагуу үчүн чогулган жокпуз, андай эмес", — деген Кабулов "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинде журналисттерге брифинг өткөрүп жатып.

Диломаттын айтымында, аймактык өлкөлөр өкмөттү түзүүдө талибдер "чечкиндүү жана батыл кадамдарды" жасайт деген пикирде.

Кабулов, андан сырткары, Москва талибдерден элге карата либералдуу мамиле кылууну күтө тургандыгын айтты.

"...Жаңы бийликтен биз көбүрөөк либерализмдин жаралышын, ооба, өзүнүн маданий-диний салттарына таянышын, бирок либерализмдин көбүрөөк болушун күтүп жатабыз", — деди Кабулов.

Буга чейин да аталган темада кеп кылган Кабулов Москвадан талибдерге дүйнөлүк коомчулуктун пикирине кулак төшөп, ири алдыда элдин үнүн угуу боюнча айткандарын билдирген.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм

94
Белгилер:
Афганистан, Россия, ТИМ, санкциялар, 'Талибан' кыймылы, Замир Кабулов
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Бишкекте КМШнын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жолукту. Эмне талкууланды
Москвага талибдердин делегациясы келди
Нарындын мэри Арслан Сталбек уулу

Шаардык кеңеш шайлаган Нарындын мэрин БШК кызматтан алып койду. Себеби

190
(жаңыланган 18:38 25.10.2021)
Жаңы мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу шаардык кеңеште өткөн шайлоонун жыйынтыгын БШК тааныган жок.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын шаарынын мэри тандалган шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу БШКдан билдирди.

Белгилей кетсек, 22-октябрда Нарын шаардык кеңешинин депутаттары Арслан Сталбек уулун калаа мэри кылып шайлаган.

БШК ошол эле күнү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганын билдирди. Буга "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамы күчүнө киргени себеп болгону белгиленет.

Аталган мыйзамга президент Садыр Жапаров 21-октябрда кол койгон. Ага ылайык, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын мэри президент тарабынан дайындалат.

190
Белгилер:
Нарын шаары, мэр, БШК, шайлоо, жыйынтык, кызматтан алуу
Тема боюнча
Салык кызматынын төрагасына жаңы орун басар дайындалды
Жапаров мэр, акимдерди өзү дайындамай болду, акимдин укуругу узарды. Жаңы мыйзам
Россия-казак чек арасындагы өткөрмө бекетте чек арачы. Архив

Россияга товарларды Казакстан аркылуу ташуу. Жаңы эреже макулдашылды

0
(жаңыланган 23:13 25.10.2021)
Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан Россияга коңшу мамлекет (Казакстан) аркылуу товар жөнөтүү боюнча жаңы эрежени сүйлөштү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, 22-октябрда Кыргызстандан Казакстан менен Россияга барган жана ал жактан келген товар менен автоунааларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тартибине кол коюлган.

Министрдин орун басары Эльдар Алишеров бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана жүк ташуучулар менен жолугуп, бул эрежеде эл аралык жүк ташууда электрондук идентификаторлорду (навигациялык пломба) колдонуу каралгандыгын белгилеген.

Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

"Ошол эле учурда ата-мекендик экспортчулар сөзсүз түрдө экспорттук операция боюнча эсеп-фактураларын (ЭСФ) алып жүрүшү керек. Эгерде чек арадан өтөрдө ЭСФ жок болсо, Казакстандын Финансы министрлиги жүк ташуучу автоунааларды кайра Кыргызстанга жиберүүгө укуктуу", — деп жазылган маалыматта.

Казак тарап өлкө аймагына автоунааларды киргизүүдө жүк ташуучу унааларды текшербей эле аларга навигациялык пломбаларды орнотуп коёру кошумчаланды. Алишеровдун айтымында, Кыргызстандан Казакстанга барчу жүк ташуучу автоунаалар эреже бузса, барчу жерине жеткенде кошумча көзөмөлдөн өтөт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Казакстан, жүк ташуучу унаа, Россия, эреже
Тема боюнча
Кошумча нарк салыгы былтыркыдан 10 млрд. сомго арбын чогулду. Себеби
Тартыштык 9,1 миллиард сом. Кыргызстандын 2022-жылга карата бюджетинин божомолу