Садыр Жапаров депутаттарды элди дүрбөтпөй маселени тактап сүйлөөгө чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы өзү да депутат болгонун, бирок бир жолу "баланча мындай дейт" деп эмес, өзү 100 пайыз ишенгенден кийин гана трибунага чыкканын айтты.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров парламентте билдирүү жасап жатып депутаттарды трибунага чыгып сүйлөөрдөн мурун ошол маселени тактап алууга чакырды.
Мамлекет башчы эл өкүлүнүн ар бир сөзүн эл олуттуу кабыл аларын белгиледи.
"Урматтуу депутаттар, трибунага чыгып сүйлөөрдө ошол ишти тактап, чын-бышыгын аныктап алып анан сүйлөсөңүздөр деген суранычым бар. Мен кечээ жакында концентраттар боюнча маселе көтөргөн депутат Аккулу Бердиев жөнүндө айтып жатам. "17 фура алтын чыгып кетти" деп элдин баарын дүрбөттү. Алтын аралашмасы бар концентраттар кечээ эле чыгып жаткан жок, 20 жыл болду. Албетте, мыйзамдын негизинде, бүгүнкү күндө 3,5-4 миллиард сом түшүп жатыптыр. Бул акча бизди багып жатат дегенден алыспыз. Жакында мунун салыгын көтөрөбүз же Кыргызстандын аймагында иштеп чыга турган мыйзам долбоорун киргизебиз. Жөн отурган жокпуз", — деди Жапаров.
Мамлекет башчы өзү да депутат болгонун, бирок бир да жолу "баланча мындай дейт" деп эмес, өзү 100 пайыз ишенгенден кийин гана трибунага чыкканын айтты.
"Ошондуктан салмактуу маселе көтөрүүнүн алдында депутат катары биринчи текшерип, чын-төгүнүн билип анан трибунага чыксаңыздар жакшы болот эле. Анткени сиздер депутатсыздар, кайсы жерге болбосун барып, текшерүүгө, комиссия түзүүгө укугуңар бар. Далилдүү маселе элге да ишенимдүү болот", — деген чакырык жасады президент.
Алтын. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Өлкөдөн канча баалуу металл концентраты чыгарылып кетти? Статистика
Белгилей кетсек, ЖК депутаты Аккулу Бердиев былтыр ноябрда "Эркеч-Там" бажысынан кармалган 17 фура алтын концентраты "Достук" (Өзбекстан менен чектешет) посту аркылуу Кытайга чыгарылып кеткенин билдирген. Концентрат ташыган компанияга Финпол тарабынан кылмыш иши козголгонуна карабай "Гик Кайди" компаниясы лицензиясын жаңылап алганына нааразы болгон. Ал эми Бажы кызматынын башчысы 17 фура эмес, 14 контейнер болгонун белгилеп, мында мыйзам бузуу болбогонун айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0