Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрация жетекчиси Акылбек Жапаров

Беш президент менен тең иштешкен Акылбек Жапаров тууралуу 11 факт

2675
(жаңыланган 09:20 14.10.2021)
Акылбек Жапаров эки тизгин, бир чылбырды колго алып, эми бир учурда министрлер кабинетин жана президенттин администрациясын жетектемей болду. Жогорку Кеңеш анын талапкерлигин жана өкмөттүн жаңы курамын жактырган соң президент бекитти.

Акылбек Жапаровду тааныбаган кыргызстандык аз болсо керек. Ошентсе да Sputnik Кыргызстан агенттиги анын бейнесине кызыгып, эмгек жана өмүр жолундагы кызыктуу фактыларды чогултту.

Кичи мекени Кочкор

Акылбек Жапаров ушул жылдын 14-сентябрында 57 жашка чыкты. Ал Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Бирок кичи мекени Кочкор. Мектепти да ошол жактан бүтүрүп, ошол аймакта чоңойгон. Атасы Үсөнбек Жапаров дарыгер, апасы Бегайым Сарынжиева инженер болуп иштеген. Үй-бүлөдө беш эркек, бир кыз болгон. Айылга жазган катында улуу агасын атасынын эжеси багып алганын айтып, үйдө улуу катары башкаларга баш-көз болуп, үй оокаттарына бышып чоңойгонун белгилеген.

"Бышык чоңойдук. Атам менен апам кызматта болгондуктан баарыбыз үй оокатына көндүк. Үйдү шыпырып, полду мизилдете жуучубуз. Апам камыр жууруп кетет, нанды бышырып, тамак жасап коебуз. Азыр ойлосом, уй сааганды эле жакшы үйрөнө албай калыптырмын, ал эми иним ал иштин майын чыгарчу. Бирок колдон келишинче тырмышып саачумун", — деген Жапаров.

Билими

1986-жылы Фрунзенин политехникалык институтун "инженер-куруучу" адистиги боюнча, 2002-жылы Бишкектин каржы-экономикалык академиясын "каржы жана салык системалары" адистиги боюнча бүтүргөн. Экономика илимдеринин доктору. Кыргыз, орус, англис, түрк тилдерин билет.

Акылбек Жапаров. Архивное фото
пресс-служба ЖК КР
Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрация жетекчиси Акылбек Жапаров

Мугалим

Акылбек Жапаров эмгек жолун мугалимдик кесиптен баштаган. Ал Фрунзе политехникалык институтунда окутуучу болуп иштеген.

Беш президент менен иштешкен аткаминер

Акылбек Жапаровдун мамлекеттик кызмат жана саясаттагы карьерасы өлкөнү Аскар Акаев жетектеп турганда эле башталган. Акаев президент кезинде Жапаров биринчи вице-премьердин жардамчысы, президенттин алдындагы Баалуу кагаздар боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү, комиссиянын катчысы, Каржы министрлигинин башкы инспектору болуп иштеген.

2005-жылы бийлик алмашып, Курманбек Бакиев президент болгондон кийин Акылбек Жапаров каржы министринин милдетин аткаруучу, экономика жана каржы министри, каржы министри, биринчи вице-премьер-министр болгон.

Алмазбек Атамбаев ажо болуп турган кезинде Акылбек Жапаров бир жыл (2011-2012) Каржы министрлигин тескеген.

Ал эми Сооронбай Жээнбековдун убагында Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Кийинки президент Садыр Жапаров да бул кадрдан кыя өткөн жок. Азыркы бийликтин тушунда Акылбек Жапаров экономика жана финансы министри болуп, эми министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрация башчысы болду.

Государственный и политический деятель Кыргызстана, депутат Жогорку Кенеша  — Акылбек Усенбекович Жапаров
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрация жетекчиси Акылбек Жапаров

Жогорку Кеңешке үч жолу депутат болгон

Жапаров 2000-жылдан 2005-жылга чейин ЖКда иштеп, салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча комитеттин төрагасы болгон. Кийин 2010-жылы парламентке "Ар-Намыс" саясий партиясынын тизмеси менен келген. 2015-жылы "Бир Бол" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Ант берген атминер. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Койлорго паспорт берүүнү, 100 долларга жашаса болорун сунуштаган

Акылбек Жапаровдун сунуштары, демилгелери көп учурда коомчулукта талкуу жаратып келет. Алсак, 2010-жылы биринчи вице-премьер болуп турган кезинде ал малды паспорттоштуруу демилгесин көтөрүп чыккан. Кезинде бул сунуш ача пикир жаратканы менен кийин ЕАЭБ малды идентификациялоо талабын койгон. Ансыз биримдикке кирүүгө мүмкүн эмес эле. Ошондон улам Кыргызстанда малды каттоо башталып, бул процесс азыр да уланып келет.

2012-жылы каржы министри болуп жүргөн убагында Акылбек Жапаров Кыргызстанда айына 100 долларга жашаса болорун айтып, элди дагы бир ирет "дүрбөткөн". Мындан сырткары, иштеп жаткан пенсионерлерге пенсия бербөө тууралуу сунушу да коомчулукта нааразычылык жараткан.

"ХИПИК" программасына кирүүнү колдоп...

2006-жылы Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк Кыргызстанга тышкы карыздан кутулуусу керектигин айткан. Ал учурда Кыргызстандын тышкы карызы ички дүң продукциянын 80 пайызын түзүп турган. Бул учур өлкө экономикасы үчүн оор болуп, Кыргызстанга HIPC (Heavily Indebted Poor Countries) программасына өтүү сунушталган. Бул демилгени Акылбек Жапаров колдоп чыккан. "ХИПИК" — карызын төлөй албай калган жарды мамлекеттер үчүн түзүлгөн программа. Бирок коомчулуктун ызы-чуусунан улам ал нерсе ишке ашкан эмес.

Депутат Акылбек Жапаров на заседании Комитета по бюджету и финансам 18 мая 2020 года
© Фото / Пресс-служба ЖК
Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрация жетекчиси Акылбек Жапаров

Апрель революциясында сабалган

2010-жылы 6-апрелде Таласка чогулган эл менен жолугуу үчүн ошол кезде вице-премьер болуп турган Акылбек Жапаров менен ИИМ башчысы Молдомуса Конгантиев барган. Чогулгандар бийлик өкүлдөрүн кармап алып катуу сабашканы айтылат. Молдомуса Конгантиевдин сабалганы видеого тартылып калса, Жапаровдун дайыны чыкпай кийин пайда болгону айтылып келет. Айрым маалыматтар боюнча, бул аралыкта вице-премьер ур-токмокко алынган.

Үч күн жок болуп кызматтан кол жууган

2020-жылдын октябрь айында Акылбек Жапаров президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго коомдук башталыштагы кеңешчи болгон. Бирок Садыр Жапаров Акылбек Жапаров үч күн жумушка чыкпагандыктан аны иштен алганын айткан. Акылбек Жапаров кийин дайынсыз кеткен себебин ооруп калганы менен түшүндүргөн.

Үй-бүлөсү

Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапарова — жеке ишкер. Ал "Тридас", "Айс МАКС" "Алма Агро" өңдүү ЖЧКлардын жетекчиси. Жубайлардын Саадат, Ажар аттуу кыздары жана Максат аттуу уулу бар.

Аялы ээлик кылган ишкана салыктан качты деп айыпталган

2020-жылдын октябрь айында Финпол МИС аттуу ишкана ири суммадагы салык төлөөдөн качканы аныкталганын маалымдаган. Бул ААКка эки юридикалык тарап ээлик кылары айтылган. Алардын бири Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапарова болуп чыккан. Финпол менчигинде 30га чукул өндүрүш, коммерциялык жана айыл чарба багытындагы кыймылсыз мүлкү бар ишкана милдеттүү төлөмдөрдү төлөбөй жүргөнүн айткан. Ошондой эле акыркы жылдары ири кирешесине карабай нөлдүк отчетторду тапшырып келгенин, мунун кесепетинен мамлекетке 90 миллион сомдук чыгым келтиргени айтылган. Финансы полициясына тиешелүү органдардан келип түшкөн маалыматтарга караганда, аталган компания 2009-жылы этти тазалоо жана үрөн чыгаруу боюнча заводду реконструкциялоо үчүн Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү фонду аркылуу 200 миллион сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда алган. Аны 2012-жылы төлөп бүтүшү керек болчу. Бирок Финполдун маалыматына караганда, каражат башка максаттарга колдонулуп, кутулуу мөөнөтү эки ирет жылып, 2025-жылга калтырылган. Ошондой эле аталган компания университет, менчик мектеп, дүкөн, дарыкана, кампа жана цехтерге ижарага имарат берери кошумчаланган.

 Заместитель председателя кабинета министров, министр экономики и финансов КР Акылбек Жапаров на третьем Кыргызско-российском бизнес-форуме в Чолпон-Ате
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрация жетекчиси Акылбек Жапаров

Ошол эле жылдын декабрь айында ЖМКлар Жапаровдун жубайы Анара Жапаровага таандык компания 90 миллион сомдун 28 миллион сомун кайтарганын жазып чыгышкан. Ал эми Финполду ошол кезде жетектеп турган Сыймык Жапыкеев Акылбек Жапаровдун аялынын компаниясы мамлекетке 1 миллион доллар зыян келтиргенин айтып, анын 200 миң доллары кайтарылганын айткан.

2675
Белгилер:
Акылбек Жапаров, факты, өмүр, каржылык, экономика, саясат, аткаминер
Тема боюнча
Бизден күнөө кеткен. Жапаров Кытай эмнеге чек арасын толук ачпай жатканын айтты
Жапаров: маянасын көбөйтүп, кыздарды мугалимге турмушка чыккыдай кылабыз
Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка Акылбек Жапаровду сунуштап, себебин түшүндүрдү
РФ президенти Владимир Путин Валдай клубунун пленардык жыйынында

Өзгөрүүлөр доорундабыз. Путиндин "Валдай" клубунун жыйынындагы кеби

32
(жаңыланган 23:32 23.10.2021)
РФ президенти Владимир Путин "Валдай" клубунун пленардык жыйынында кенен сөз сүйлөдү. Россия президенти өлкөсү бүт дүйнө сымал эле улам тереңдеп, улам олуттуу тартып бараткан өзгөрүүлөрдү баштан кечирип жатканын белгиледи.

"Акыркы жылдары көпчүлүктүн көөнүндө "Кудай өзгөрүүлөр доорунда жашатпасын" деген кытай макалы бар. Бирок кааласак да, каалабасак да биз аны баштан кечирип жатабыз", — деди Путин.

Путиндин баамында, дүйнө азырынча жаңы тең салмактуулукка жетише элек. Бардык багыттагы бирдиктүү өзгөрүүлөргө эбак көнүүгө тийиш элек, бирок анте алган жокпуз. Россиялык президенттин "Валдай" эл аралык талкуу клубундагы сөзүнүн урунттуу учурларынан РИА Новости агенттиги тандап алып, өзүнчө берген.

РФ президенти пандемия дүйнөлүк коомчулук кандай морт экенин дагы бир ирет эскертип, жашап кетүү үчүн турмушубуздун түзүлүшүн кайра карап чыгуу абзелдигин айтат. Ошону менен бирге эле Путин капитализмдин азыркы үлгүсүнүн убагы өткөнүн, чиеленишип бараткан карама-каршылыктардан анын жардамы менен чыгууга болбостугун белгилейт. Анын пикиринде, дүйнөдө азык-түлүк каатчылыгы күчөгөндөн күчөй берет. Бул көйгөйлөрдүн баары жүрүп отуруп коомго терең жик салат.

РФ президентинин айтымында, бардык мамлекеттер орток көйгөйлөрдү биргеликте чечүүгө даяр экенин билдиргени менен иш жүзүндө дайым андай боло бербейт. Пандемия терс тенденцияларды тездетип гана койду. Анткен менен маселе татаал, саясатчылар эң оболу өз мекендештеринин алдында жооптуу, ошол себептүү эл аралык жана транс-улуттук темалар экинчи планга жылат, жалпысынан кадыресе жана туура кадам.

Президент белгилегендей, дүйнөнүн бүгүнкү абалы — кансыз согуштун натыйжасы, андан сабак алып, бүтүм чыгарып, куралдуу чоң тирешсиз жаңы дүйнө түзүмүн орнотуу зарыл.

БУУ реформасы

Россия лидери аталган жыйында Бириккен Улуттар Уюмуна кеңири токтолду. РФ президенти БУУну айныгыс баалуулук деп атап, дүйнө аны сактап калууга тийиш экенин белгиледи. Ыргагы ыкчам өзгөрүүлөргө көнүүгө дайым үлгүрө бербесе да шашпоо, аны реформалоодо катачылыкка жол бербөө керек. Башка мамлекеттердин анын Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү маселе Россия тарабынан эмес, консенсус менен чечилиши шарт. Ал эми кеп, анын пикиринде, тең салмактуулукту таба билгенде.

"Эгер туруктуу мүчөлөрдүн вето укугун бузуп койсок, анда Бириккен Улуттар Уюму дал ошол күнү кыйрайт, ал жөн гана Улуттар лигасына айланып калат, бүттү", — дейт президент. 

Президент РФ Владимир Путин на пленарной сессии XVIII ежегодного заседания Международного дискуссионного клуба Валдай. 21 октября 2021 года
© Sputnik / Максим Блинов
РФ президенти Владимир Путин "Валдай" клубунун пленардык жыйынында

COVID-19га каршы күрөш

Россиялык президент COVID-19 пандемиясы боюнча токтолуп, анын курмандыктарынын саны Биринчи дүйнөлүк согуштагы жоготууларга тете, ал тургай андан да ашык экенин эске салды. Ошону менен бирге эле илдетке каршы күрөштө эл аралык жардамга зарылып турган өлкөлөргө каршы санкциялар дале сакталуу бойдон турат.

"Анда батыштык саясий ойдун гумандуу башаты кайда? Иш жүзүндө эч нерсе жок. Курулай гана сөздөр", — деди Путин.

РФ мамлекет башчысы ар бир мамлекетти орунсуз дымактарын жыйыштырып, бул көйгөйдү жеңүүдө чогуу иштөөгө чакырды.

Коронавируска каршы милдеттүү эмдөөнү Путин колдобой турганын, анткени таңууланган чечимден буйтап кетүүгө болорун, ал эми бийлик дартка чалдыккандан көрө эмделген дурус экенин элге далилдеп берүүгө тийиштигин айтты.

Акыл чегиндеги консерватизм

Баалуулуктар да россиялык лидердин сөзүндө негизги темалардан болду. РФ президенти аларды ар бир улуттун маданий-тарыхый өнүгүшүнүн уникалдуу өндүрүмү экенин айтты. Өз ара чырмалышы ой таанымды кеңейтип, өз салт-санааңды башкача карап чыгууга мүмкүндүк берет. Бирок бул процесс убакытты талап кылып, ажырагыс болушу шарт.

"Белгисиз жана болжоп болгус шарттарда баалуулукту таңуулоо аракеттери ансыз да курчуп турган кырдаалды дагы ырбатып, адатта терс реакцияны жаратып, күтүлбөгөн жыйынтыктарга дуушар кылат", — деди РФ президенти.

Путин жыйында Мартин Лютер Кингдин: "...Төрт балам терисинин түсүнө эмес, алардын адамдык сапаттарына карап бааланчу күндүн келерин кыялданам" деген сөзүн келтирди.

"Мына, нагыз баалуулук. Бирок ушул чакта баары башкача болуп жатканына күбөбүз", — деди Путин. Дүйнөлүк түзүм кайра калыптанып жаткан маалда (соңу эмне болору белгисиз) салкын кандуу консерватизм – төмөнгө чөктүрбөй, башаламандыкка батырбай кармаган акылга сыярлык жүрүм-турум чийини.

Путиндин баамында, Батышта аял менен эркектердин укугу тууралуу талкуулар таптакыр эле ашыкча өзгөчө темага айланып, "эркек", "аял" деген түшүнүктөрдүн өздөрүн жок кылууга белсенүүгө чейин жеткендей. Россия лидери эркек бала оңой эле кызга айланып, же, тескерисинче, кыз жеңил эле жигит боло аларына балдарды ынандырып, иш жүзүндө аларга тагдырын талкалап коё турган тандоого түртүшкөнү үрөй учура турган жагдай экенин белгилейт.

Кошумча кептер

Владимир Путин "Валдай" клубунун жыйынында совет учурунан да сөз козгоду. Теңдөө принцибине карабастан өлкөдө өзгөчө жеңилдиктер болгонун, жеке өзү да башка бир топ замандаштарындай эле ошол доордун көйгөйлөрүнө да тушугуп, жагымдуу жактарын да татканын, маселен жакшы билимге ээ болгонун белгиледи.

"Советтик киши" деген сөз айкашы идеологиялык түс алганын, бирок аны каралоо, мазактоо оройлук жана адепсиздикке жатарын айтты.

Путин Афганистандагы окуяларга да токтолбой койгон жок. Айтымында, ал жактагы кырдаал олуттуу мааниге ээ, анткени баары өз чек араларында туруктуу мамлекетти карайт, мындан тышкары, өлкөдө террордук топтор бар. Ал белгилегендей, Афганистанга экономикасын калыптандырып, активдерин ачууга көмөктөшүү керек. Ошол эле убакта Кошмо Штаттардын лидери Жозеф Байдендин америкалык күчтөрдү өлкөдөн чыгарып кетүү чечимин туура деп баалап, бирок аны башкача ашыруу керек эле деп кейиди.

Кеп кезеги Украина маселесине жеткенде Путин бул өлкөнүн калкына алардын мүдөөсүн аткарчу бийлик органдарын мыйзамдуу жол менен түзүүгө мүмкүнчүлүк беришпей тургандай туюларын айтты. Ошол эле убакта аталган республиканын аймагын Россия үчүн кооптуулук жаратчу аскердик өздөштүрүү аракеттери жүрүп жатканын белгиледи.

Клубдун жыйынында россиялык президент "Түндүк агым — 2ни" да унутта калтырбады. Заманбап технологиялардан улам көмүр кычкыл газынын чыгарылышы Украина аркылуу транзит менен жеткирүүгө салыштырмалуу 5,6 эсе азыраак экенин, ал эми экологдордун жаңы магистралга койгон дооматтары суу кечпей турганын айтты.

Ошону менен бирге эле ал мындай долбоорлор дүйнөгө катаал каатчылыктардын алдын алууга жардам бере аларын, Россияны энергетика тармагында чектөө аракеттери жакшылыкка алып келбей турганын кошумчалады. Айтымында, эгер эртең германиялык жөнгө салуучу бул түтүк аркылуу газ берүүгө уруксат берсе, Москва көгүлтүр оттун көлөмүн 17,5 миллиард куб метрге арттыра алмак.

Мамлекет башчысы катары негизги жетишкендиктери боюнча суроолорго берген жообунда Путин экономиканын жана өнөр жайдын дээрлик талкаланып калган айрым, анын ичинде коргоо тармагынын калыптанышын атады. Ошондой эле жетишкендиктерге россиялык президент террорчулукка каршы күрөштү да кошту.

"Болочокто коом менен мамлекеттин бардык ресурстары адамдын кызыкчылыгынын тегерегине топтолушун каалайм", – деди мамлекет башчысы. Владимир Путин кезегинде россиялык үй-бүлөлөр кандай кыйынчылык жана азаптарды башынан кечиргенин көргөнүн, бирок өлкө орус улутунун өзөгүндөгү өнүгүүгө болгон күчтүү өбөлгө менен аларга туруштук бере алганын баса белгиледи.

"Валдай" эл аралык талкуу клубунун жыйыны быйыл Сочиде 18–21-октябрда "Глобалдык силкинүү — XXI: адам, баалуулук, мамлекет" деген аталышта өттү.

32
Белгилер:
Россия, Владимир Путин, талкуу, дүйнө, лидер
Тема боюнча
Адистер Путиндин "Валдай" жыйынында айткандары боюнча өз көз караштарын билдирди

Садыр Жапаров маалымат жыйында эмнелерди айтты. Видео