Киши портфель менен. Архив

ЖКга депутат болом деген ниетин 387 киши билдирди

308
(жаңыланган 22:13 13.10.2021)
Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, бир талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүүгө укуктуу.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттыгына өз талапкерлигин 387 жарандын көрсөткөндүгү боюнча маалымат келип түштү. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Комиссия “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда, тагыраак айтканда, 13-октябрда саат 18:00дө аяктаарын эске салды.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо үчүн документтер БШКга 18-октябрь саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.

Талапкерлигин көрсөткөндөрдүн тизмеси.

308
Белгилер:
Кыргызстан, шайлоо, талапкер, тизме
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо (58)
Тема боюнча
Жапаров: талапкерлер добуш сатып алууну токтотсун, мен админресурсту тыям
Талапкерлер күрөөгө төккөн акчасын шайлоодон кийин кайтарып алат. Жол-жобосу
Москвадагы талибдердин делегациясы

Москва талибдерден афган элине либералдуу мамиле күтөрүн айтты

94
(жаңыланган 19:12 25.10.2021)
Кабуловдун айтымында, аймактык өлкөлөр өкмөттү түзүүдө талибдерден "чечкиндүүрөөк жана батыл кадамдарды" күтүп жатат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Талибдерде ("Талибан"*) инклюзивдик өкмөттү түзүү боюнча кандайдыр бир мөөнөт боюнча алкак, чектөө жок. Бул тууралуу РФтин Афганистан боюнча атайын өкүлү, ТИМдин Азия департаментинин экинчи директору Замир Кабулов билдиргенин РИА Новости жазды.

"Жок, эч кандай мөөнөт коюлган эмес. Бул "Москва форматынын" милдети да эмес болчу. Биз талибдерге алардын мындан аркы иши жана анын графигин тагуу үчүн чогулган жокпуз, андай эмес", — деген Кабулов "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинде журналисттерге брифинг өткөрүп жатып.

Диломаттын айтымында, аймактык өлкөлөр өкмөттү түзүүдө талибдер "чечкиндүү жана батыл кадамдарды" жасайт деген пикирде.

Кабулов, андан сырткары, Москва талибдерден элге карата либералдуу мамиле кылууну күтө тургандыгын айтты.

"...Жаңы бийликтен биз көбүрөөк либерализмдин жаралышын, ооба, өзүнүн маданий-диний салттарына таянышын, бирок либерализмдин көбүрөөк болушун күтүп жатабыз", — деди Кабулов.

Буга чейин да аталган темада кеп кылган Кабулов Москвадан талибдерге дүйнөлүк коомчулуктун пикирине кулак төшөп, ири алдыда элдин үнүн угуу боюнча айткандарын билдирген.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм

94
Белгилер:
Афганистан, Россия, ТИМ, санкциялар, 'Талибан' кыймылы, Замир Кабулов
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Бишкекте КМШнын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жолукту. Эмне талкууланды
Москвага талибдердин делегациясы келди
Нарындын мэри Арслан Сталбек уулу

Шаардык кеңеш шайлаган Нарындын мэрин БШК кызматтан алып койду. Себеби

191
(жаңыланган 18:38 25.10.2021)
Жаңы мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу шаардык кеңеште өткөн шайлоонун жыйынтыгын БШК тааныган жок.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын шаарынын мэри тандалган шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу БШКдан билдирди.

Белгилей кетсек, 22-октябрда Нарын шаардык кеңешинин депутаттары Арслан Сталбек уулун калаа мэри кылып шайлаган.

БШК ошол эле күнү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганын билдирди. Буга "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамы күчүнө киргени себеп болгону белгиленет.

Аталган мыйзамга президент Садыр Жапаров 21-октябрда кол койгон. Ага ылайык, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын мэри президент тарабынан дайындалат.

191
Белгилер:
Нарын шаары, мэр, БШК, шайлоо, жыйынтык, кызматтан алуу
Тема боюнча
Салык кызматынын төрагасына жаңы орун басар дайындалды
Жапаров мэр, акимдерди өзү дайындамай болду, акимдин укуругу узарды. Жаңы мыйзам
Россия-казак чек арасындагы өткөрмө бекетте чек арачы. Архив

Россияга товарларды Казакстан аркылуу ташуу. Жаңы эреже макулдашылды

0
(жаңыланган 23:13 25.10.2021)
Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан Россияга коңшу мамлекет (Казакстан) аркылуу товар жөнөтүү боюнча жаңы эрежени сүйлөштү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, 22-октябрда Кыргызстандан Казакстан менен Россияга барган жана ал жактан келген товар менен автоунааларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тартибине кол коюлган.

Министрдин орун басары Эльдар Алишеров бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана жүк ташуучулар менен жолугуп, бул эрежеде эл аралык жүк ташууда электрондук идентификаторлорду (навигациялык пломба) колдонуу каралгандыгын белгилеген.

Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

"Ошол эле учурда ата-мекендик экспортчулар сөзсүз түрдө экспорттук операция боюнча эсеп-фактураларын (ЭСФ) алып жүрүшү керек. Эгерде чек арадан өтөрдө ЭСФ жок болсо, Казакстандын Финансы министрлиги жүк ташуучу автоунааларды кайра Кыргызстанга жиберүүгө укуктуу", — деп жазылган маалыматта.

Казак тарап өлкө аймагына автоунааларды киргизүүдө жүк ташуучу унааларды текшербей эле аларга навигациялык пломбаларды орнотуп коёру кошумчаланды. Алишеровдун айтымында, Кыргызстандан Казакстанга барчу жүк ташуучу автоунаалар эреже бузса, барчу жерине жеткенде кошумча көзөмөлдөн өтөт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Казакстан, жүк ташуучу унаа, Россия, эреже
Тема боюнча
Кошумча нарк салыгы былтыркыдан 10 млрд. сомго арбын чогулду. Себеби
Тартыштык 9,1 миллиард сом. Кыргызстандын 2022-жылга карата бюджетинин божомолу