Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив

Беш эсе тез иштейбиз! Акылбек Жапаровдун өлкөнү өргө сүйрөй турчу 12 убадасы

1742
Биз беш эсе тез иштейбиз, элге эптеп эмес, татыктуу жашоону камсыздайбыз. Өлкөнү, экономиканы өнүктүрүүнү төрт фактор менен карайбыз. Аткаруу бийлигинин башына жаңы команда мына ушундай дымагы менен келди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматка дайындалып жатканда алдыдагы пландарынын чекесин чыгарды. Эң эле амбициялуусу — бюджетти кийинки жылы 2,5 эсе көбөйтүү болду. Ошондой эле ал ага акыркы шанс берилип жатканын белгилеп, бардык күч-аракетин жумшап иштөөгө сөз берди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Жапаровдун убадаларын тизмектеди.

  1. Биздин муундагы саясатчыларга дагы бир жолу, балким, акыркы шанс берилип жатат. Мен аны 100 пайыз колдонууга бар күчүмдү жумшайм деп сөз бере алам.
  2. Республикалык бюджетти быйыл 280 миллиард сом менен жабабыз. Жыл башында 172,9 миллиард сом болуп бекитилген болчу. 2022-жылы 400 миллиард сомго, 2023-жылы 500 миллиардга, 2024-жылга 600 миллиардга жеткиребиз.
  3. Кийинки жылы мугалимдердин айлыгы эки эсе көбөйтүлөт. Муну менен эле токтобой, "кимге турмушка чыгасың?" десе "мугалимге" деген деңгээлге чейин чыгарабыз.
  4. 2022-жылы биринчи кезекте дарыгер, маданият кызматкерлеринин да маянасын көбөйтүү каралат;
  5. Кыргызстандын кооз жерлери жайгашкан туристтик аймактарга каттаган жолдордун баары кийинки жылы жазда оңдолуп, асфальт төшөлөт.
  6. Күрөшкө катышкан кыз-келиндер үчүн быйыл машыгуу залын куруп берүүгө даярбыз.
  7. Кытайдан товар ташуунун көлөмү көбөйөт. 15-октябрдан тарта "Торугарт" бекетинен өткөрүлгөн машиналардын саны 32ден 64кө, "Эркечтамдан" 22ден 44кө чыгат.
  8. Эптеп жашоо үчүн эмес, элге татыктуу жашоону камсыз кылуу үчүн бардык күчүбүздү жумшоого милдеттүүбүз.
  9. Өлкөнү өнүктүрө турган төрт факторго катуу көңүл бурабыз — капиталга болгон жеткиликтүүлүк, технологияга болгон жеткиликтүүлүк, жер ресурстарын эффективдүү пайдалануу, адам капиталынын өндүрүмдүүлүгү;
  10. Экономиканы көтөрүүдөгү төрт фактор — экономиканы фискалдаштыруу жана санариптештирүү, айыл чарбасын реформалоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, чакан жана орто бизнести колдоо, көмүскө экономика менен күрөшүү;
  11. Байлар көбүрөөк салык төлөшү керек. Ошол эле учурда мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыялар берилиши шарт. Дүйнө жүзүндө баары ошондой. Байлар дагы жумушчу орун түзүп, элди багып жатат. Салыктарын төлөсө биз дагы жардам беребиз. Олигархтар болбош керек, бирок байлар болсун. Алардын колу-жолу аркылуу кедейлер жумуш менен камсыздалууда.
  12. Биз беш эсе тез иштейбиз. Президент, парламент, өкмөттүн чечимдери аткаруучуларга беш эсе тез жетет. Биз аны көзөмөлдөөдө жаңы ыкмаларды пайдаланабыз.

Эскерте кетсек, кечээ, 13-октябрда, Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинетинин жаңы курамы дайындалды. Түзүмү боюнча да бир топ өзгөрүүлөр болду.

1742
Белгилер:
Акылбек Жапаров, убада, Министрлер кабинети, Кыргызстан, бюджет
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин жаңы курамын жактырды
Беш президент менен тең иштешкен Акылбек Жапаров тууралуу 11 факт
РФ президенти Владимир Путин Валдай клубунун пленардык жыйынында

Өзгөрүүлөр доорундабыз. Путиндин "Валдай" клубунун жыйынындагы кеби

46
(жаңыланган 23:32 23.10.2021)
РФ президенти Владимир Путин "Валдай" клубунун пленардык жыйынында кенен сөз сүйлөдү. Россия президенти өлкөсү бүт дүйнө сымал эле улам тереңдеп, улам олуттуу тартып бараткан өзгөрүүлөрдү баштан кечирип жатканын белгиледи.

"Акыркы жылдары көпчүлүктүн көөнүндө "Кудай өзгөрүүлөр доорунда жашатпасын" деген кытай макалы бар. Бирок кааласак да, каалабасак да биз аны баштан кечирип жатабыз", — деди Путин.

Путиндин баамында, дүйнө азырынча жаңы тең салмактуулукка жетише элек. Бардык багыттагы бирдиктүү өзгөрүүлөргө эбак көнүүгө тийиш элек, бирок анте алган жокпуз. Россиялык президенттин "Валдай" эл аралык талкуу клубундагы сөзүнүн урунттуу учурларынан РИА Новости агенттиги тандап алып, өзүнчө берген.

РФ президенти пандемия дүйнөлүк коомчулук кандай морт экенин дагы бир ирет эскертип, жашап кетүү үчүн турмушубуздун түзүлүшүн кайра карап чыгуу абзелдигин айтат. Ошону менен бирге эле Путин капитализмдин азыркы үлгүсүнүн убагы өткөнүн, чиеленишип бараткан карама-каршылыктардан анын жардамы менен чыгууга болбостугун белгилейт. Анын пикиринде, дүйнөдө азык-түлүк каатчылыгы күчөгөндөн күчөй берет. Бул көйгөйлөрдүн баары жүрүп отуруп коомго терең жик салат.

РФ президентинин айтымында, бардык мамлекеттер орток көйгөйлөрдү биргеликте чечүүгө даяр экенин билдиргени менен иш жүзүндө дайым андай боло бербейт. Пандемия терс тенденцияларды тездетип гана койду. Анткен менен маселе татаал, саясатчылар эң оболу өз мекендештеринин алдында жооптуу, ошол себептүү эл аралык жана транс-улуттук темалар экинчи планга жылат, жалпысынан кадыресе жана туура кадам.

Президент белгилегендей, дүйнөнүн бүгүнкү абалы — кансыз согуштун натыйжасы, андан сабак алып, бүтүм чыгарып, куралдуу чоң тирешсиз жаңы дүйнө түзүмүн орнотуу зарыл.

БУУ реформасы

Россия лидери аталган жыйында Бириккен Улуттар Уюмуна кеңири токтолду. РФ президенти БУУну айныгыс баалуулук деп атап, дүйнө аны сактап калууга тийиш экенин белгиледи. Ыргагы ыкчам өзгөрүүлөргө көнүүгө дайым үлгүрө бербесе да шашпоо, аны реформалоодо катачылыкка жол бербөө керек. Башка мамлекеттердин анын Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү маселе Россия тарабынан эмес, консенсус менен чечилиши шарт. Ал эми кеп, анын пикиринде, тең салмактуулукту таба билгенде.

"Эгер туруктуу мүчөлөрдүн вето укугун бузуп койсок, анда Бириккен Улуттар Уюму дал ошол күнү кыйрайт, ал жөн гана Улуттар лигасына айланып калат, бүттү", — дейт президент. 

Президент РФ Владимир Путин на пленарной сессии XVIII ежегодного заседания Международного дискуссионного клуба Валдай. 21 октября 2021 года
© Sputnik / Максим Блинов
РФ президенти Владимир Путин "Валдай" клубунун пленардык жыйынында

COVID-19га каршы күрөш

Россиялык президент COVID-19 пандемиясы боюнча токтолуп, анын курмандыктарынын саны Биринчи дүйнөлүк согуштагы жоготууларга тете, ал тургай андан да ашык экенин эске салды. Ошону менен бирге эле илдетке каршы күрөштө эл аралык жардамга зарылып турган өлкөлөргө каршы санкциялар дале сакталуу бойдон турат.

"Анда батыштык саясий ойдун гумандуу башаты кайда? Иш жүзүндө эч нерсе жок. Курулай гана сөздөр", — деди Путин.

РФ мамлекет башчысы ар бир мамлекетти орунсуз дымактарын жыйыштырып, бул көйгөйдү жеңүүдө чогуу иштөөгө чакырды.

Коронавируска каршы милдеттүү эмдөөнү Путин колдобой турганын, анткени таңууланган чечимден буйтап кетүүгө болорун, ал эми бийлик дартка чалдыккандан көрө эмделген дурус экенин элге далилдеп берүүгө тийиштигин айтты.

Акыл чегиндеги консерватизм

Баалуулуктар да россиялык лидердин сөзүндө негизги темалардан болду. РФ президенти аларды ар бир улуттун маданий-тарыхый өнүгүшүнүн уникалдуу өндүрүмү экенин айтты. Өз ара чырмалышы ой таанымды кеңейтип, өз салт-санааңды башкача карап чыгууга мүмкүндүк берет. Бирок бул процесс убакытты талап кылып, ажырагыс болушу шарт.

"Белгисиз жана болжоп болгус шарттарда баалуулукту таңуулоо аракеттери ансыз да курчуп турган кырдаалды дагы ырбатып, адатта терс реакцияны жаратып, күтүлбөгөн жыйынтыктарга дуушар кылат", — деди РФ президенти.

Путин жыйында Мартин Лютер Кингдин: "...Төрт балам терисинин түсүнө эмес, алардын адамдык сапаттарына карап бааланчу күндүн келерин кыялданам" деген сөзүн келтирди.

"Мына, нагыз баалуулук. Бирок ушул чакта баары башкача болуп жатканына күбөбүз", — деди Путин. Дүйнөлүк түзүм кайра калыптанып жаткан маалда (соңу эмне болору белгисиз) салкын кандуу консерватизм – төмөнгө чөктүрбөй, башаламандыкка батырбай кармаган акылга сыярлык жүрүм-турум чийини.

Путиндин баамында, Батышта аял менен эркектердин укугу тууралуу талкуулар таптакыр эле ашыкча өзгөчө темага айланып, "эркек", "аял" деген түшүнүктөрдүн өздөрүн жок кылууга белсенүүгө чейин жеткендей. Россия лидери эркек бала оңой эле кызга айланып, же, тескерисинче, кыз жеңил эле жигит боло аларына балдарды ынандырып, иш жүзүндө аларга тагдырын талкалап коё турган тандоого түртүшкөнү үрөй учура турган жагдай экенин белгилейт.

Кошумча кептер

Владимир Путин "Валдай" клубунун жыйынында совет учурунан да сөз козгоду. Теңдөө принцибине карабастан өлкөдө өзгөчө жеңилдиктер болгонун, жеке өзү да башка бир топ замандаштарындай эле ошол доордун көйгөйлөрүнө да тушугуп, жагымдуу жактарын да татканын, маселен жакшы билимге ээ болгонун белгиледи.

"Советтик киши" деген сөз айкашы идеологиялык түс алганын, бирок аны каралоо, мазактоо оройлук жана адепсиздикке жатарын айтты.

Путин Афганистандагы окуяларга да токтолбой койгон жок. Айтымында, ал жактагы кырдаал олуттуу мааниге ээ, анткени баары өз чек араларында туруктуу мамлекетти карайт, мындан тышкары, өлкөдө террордук топтор бар. Ал белгилегендей, Афганистанга экономикасын калыптандырып, активдерин ачууга көмөктөшүү керек. Ошол эле убакта Кошмо Штаттардын лидери Жозеф Байдендин америкалык күчтөрдү өлкөдөн чыгарып кетүү чечимин туура деп баалап, бирок аны башкача ашыруу керек эле деп кейиди.

Кеп кезеги Украина маселесине жеткенде Путин бул өлкөнүн калкына алардын мүдөөсүн аткарчу бийлик органдарын мыйзамдуу жол менен түзүүгө мүмкүнчүлүк беришпей тургандай туюларын айтты. Ошол эле убакта аталган республиканын аймагын Россия үчүн кооптуулук жаратчу аскердик өздөштүрүү аракеттери жүрүп жатканын белгиледи.

Клубдун жыйынында россиялык президент "Түндүк агым — 2ни" да унутта калтырбады. Заманбап технологиялардан улам көмүр кычкыл газынын чыгарылышы Украина аркылуу транзит менен жеткирүүгө салыштырмалуу 5,6 эсе азыраак экенин, ал эми экологдордун жаңы магистралга койгон дооматтары суу кечпей турганын айтты.

Ошону менен бирге эле ал мындай долбоорлор дүйнөгө катаал каатчылыктардын алдын алууга жардам бере аларын, Россияны энергетика тармагында чектөө аракеттери жакшылыкка алып келбей турганын кошумчалады. Айтымында, эгер эртең германиялык жөнгө салуучу бул түтүк аркылуу газ берүүгө уруксат берсе, Москва көгүлтүр оттун көлөмүн 17,5 миллиард куб метрге арттыра алмак.

Мамлекет башчысы катары негизги жетишкендиктери боюнча суроолорго берген жообунда Путин экономиканын жана өнөр жайдын дээрлик талкаланып калган айрым, анын ичинде коргоо тармагынын калыптанышын атады. Ошондой эле жетишкендиктерге россиялык президент террорчулукка каршы күрөштү да кошту.

"Болочокто коом менен мамлекеттин бардык ресурстары адамдын кызыкчылыгынын тегерегине топтолушун каалайм", – деди мамлекет башчысы. Владимир Путин кезегинде россиялык үй-бүлөлөр кандай кыйынчылык жана азаптарды башынан кечиргенин көргөнүн, бирок өлкө орус улутунун өзөгүндөгү өнүгүүгө болгон күчтүү өбөлгө менен аларга туруштук бере алганын баса белгиледи.

"Валдай" эл аралык талкуу клубунун жыйыны быйыл Сочиде 18–21-октябрда "Глобалдык силкинүү — XXI: адам, баалуулук, мамлекет" деген аталышта өттү.

46
Белгилер:
Россия, Владимир Путин, талкуу, дүйнө, лидер
Тема боюнча
Адистер Путиндин "Валдай" жыйынында айткандары боюнча өз көз караштарын билдирди

Садыр Жапаров маалымат жыйында эмнелерди айтты. Видео

83
Президент Садыр Жапаров бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жыл жыйынтыгы боюнча алгачкы маалымат жыйынын өткөрдү. Аны 150дөн ашуун жалпыга маалымдоо каражаты чагылдырды. 

Мамлекет башчы жыйын жаңы башталганда сасык тумоолоп калганын айтып, кечирим сурады.

Президент алгач доклад окуп, Кыргызстандын негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана бийликтин алдыдагы пландары менен бөлүштү. Андан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анын алкагында Жапаров коопсуздук боюнча суроого жооп берип жатып, өлкөгө Россиянын Канттагы базасы гана жетиштүү экенин, Өзбекстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөр аяктап калганын, ал эми Тажикстан менен делимитация жана демаркациялоо процедурасы уланып жатканын айтты. Аскер техникалары согушка даярдык эмес, тынч уктоо үчүн алынганын жана коңшу мамлекеттер менен мамилени чыңдоо аракеттери болуп жатканын билдирди.

Жапаров Сооронбай Жээнбеков экс-президент бойдон каларын айтып, куугунтуктоолорду токтотууга чакырды.

Мамлекет башчы жемкорлукка барган аткаминерлер аёосуз жазаланарын эскертип, жакында эле пара алууга шектелип кармалган президенттик администрациянын Ырайым кылуу комиссиясынын катчысы тууралуу үн катты.

Модератор журналист жалпысынан 56 редакциянын суроосуна жооп бергенин айтты. Иш-чара дээрлик төрт саатка созулду. Жапаров жыйынтык сөзүн айтып жатып, эмдиги жылы журналисттер менен Курултайда жолугарын айтты.

83
Белгилер:
Садыр Жапаров, маалымат жыйын, видео
Тема:
Жапаровдун 2021-жылдын октябрындагы маалымат жыйыны
Тема боюнча
Кыргызстанда Американын базасы жайгашабы? Жапаровдун жообу
ТЭЦ кум аралаш көмүр жаккан. Жапаров Кара-Кечедеги коррупция, саботаж тууралуу
Кесипкөйлүгүңүздөр азыр өтө маанилүү. Жапаров дипломаттарды куттуктады
Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун китептери. Архивдик сүрөт

Бишкекте Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленет

19
Атактуу жазуучу Төлөгөн Касымбеков тирүү болсо быйыл токсон жашка чыкмак. Ал он жыл мурда дүйнө салган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленерин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Эскерүү иш-чарасы 25-октябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

Төлөгөн Касымбеков Аксы районунун Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган. Орто билимге ээ болгон соң эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык кеңешинде жооптуу катчы болуп иштеген.

Касымбеков Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1957-жылы аяктаган. 1960-жылы "Ала-Тоо" журналында бөлүм башчы болуп ишке кирет. Журналда иштеген 13 жыл ичинде башкы редакторлукка чейин жетет. Андан соң 1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор болуп эмгектенген.

Кыргыз адабиятындагы салмактуу чыгармалардын бири, "Сынган кылыч" тарыхый романын 40 жашында жазган. Советтер Союзунун бардык элинин тилине которулган роман 1980-жылы англис тилинде да чыккан.

Жазуучу 1990-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, легендарлуу парламенттин мүчөсү болгон. Эл өкүлү болуп турган кезде тил, маданият жана билим боюнча, улуттар аралык парламенттик комиссиянын жетекчилигин аркалаган.

1986-жылы Кыргыз эл жазуучусу наамын алган, 2006-жылы мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты болуп, ошол эле жылы Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган.

Төлөгөн Касымбеков 2011-жылы 17-июнда 80 жашында инсульт алып көз жумган.

19
Белгилер:
Төлөгөн Касымбеков, жазуучу, эскерүү
Тема боюнча
"Сынган кылыч", Төлөгөн Касымбеков — аудио китеп