Жапаров жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды дайындады. Тизме

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2021
Жазылуу
Буга чейинки судьялардын иштөө мөөнөтү аяктаган. Буга байланыштуу Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялыгына жети талапкер сунушталган.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Өлкөдө айрым аймактардагы жергиликтүү сотторго судьялар дайындалганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мамлекет башчы Садыр Жапаровго Судьяларды тандоо боюнча кеңеши кайрылып, судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялыгына жети талапкерди сунушташкан. Президент жети талапкер боюнча кеңештин сунуштарына макул болуп, аларды дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койгону айтылды.
Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүүгө жиберилгендер:

Нарын облусу

Ак-Талаа райондук сотуна:
  • Доулбеков Азат Азейинкулович;

Кочкор райондук сотуна:

  • Султаналиев Медел Керимжанович;

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл райондук сотуна:
  • Жумаев Токтогул Темиркулович;
Каракол шаардык сотуна:
  • Ниязалиев Самар Анарбекович;

Чүй облусу

Аламүдүн райондук сотуна:
  • Жумаков Жаныбек Темирбекович;

Бишкек шаары

Ленин райондук сотуна:
  • Бердыбаев Бакбуркан Асанканович;
Свердлов райондук сотуна:
  • Айдыралиева Айсейил Абдыкадыровна.
Жаңылыктар түрмөгү
0