Шайлоо участогундагы байкоочулар. Архив

Жапаров КМШ жана башка уюмдардын байкоочуларын парламенттик шайлоого чакырды

86
(жаңыланган 17:15 15.10.2021)
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин шайлоосу 28-ноябрда өтөт. Өлкөдө VII чакырылыштын депутаттары шайланмакчы.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров КМШ байкоочуларынын миссиясын жана башка уюмдардын байкоочуларын Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзүү үчүн чакырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 15-октябрда, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны видеоконференция режиминде өттү.

"Салтка айлангандай, КМШ байкоочуларынын миссиясы жана башка уюмдардын байкоочулары биздин өлкөбүздөгү парламенттик шайлоолорго мониторинг жасоого активдүү катышат деген ишеничтемин", — деген Жапаров.

Ал ошондой эле жарандардын шайлоо укугун жана эркиндигин камсыздоо жана коргоо өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүнүн маанилүү принциптеринен болуп саналарын кошумчалаган.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.

86
Белгилер:
Кыргызстан, Садыр Жапаров, парламент, шайлоо, КМШ, комиссия
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021 (280)
Тема боюнча
Жапаров: Афганистанда кырдаал курчуп отурса, Борбор Азияда абал кыйындайт
Жогорку Кеңештин жыйындар залы. Архив

Депутаттар БШКнын мүчөлөрүн парламентке чакырып жатат

9
(жаңыланган 12:15 01.12.2021)
Жыйынга төрагалык кылып жаткан вице-спикер Аида Касымалиева БШКны чакыруу маселесинин юридикалык жагын тактап көрөрүн билдирди.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы жана бардык мүчөлөрүн чакырып, маалымат угууну сунуштады.

Эл өкүлү Наталия Никитенко добуштарды саноодо манипуляциялоо болгонун айтууда.

Ал эми Шайлообек Атазов Ош шаарындагы №8 Төлөйкөн шайлоо округунда одоно мыйзам бузуулар болуп, добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонулганын белгиледи.

Айнура Осмонова БШК менен кошо укук коргоо органдарын да чакырып, шайлоо боюнча отчёт беришин талап кылды.

Мындай демилгени парламентарийлер Айбек Осмонов, Аманкул Токтомамбетов жана Акыл Кемелов да колдоду.

Ошол эле учурда Тазабек Икрамов айрым мыйзам бузууларды эске албаганда шайлоо таза өткөнүн айтты.

Андан соң жыйынга төрагалык кылып жаткан вице-спикер Аида Касымалиева аталган сунуштун юридикалык жагын тактап көрөрүн билдирди. Ал мындай жагдай шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялана электе басым катары кабылданбашы керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары бүгүн кезектеги жыйынын өткөрүүдө.

9
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, БШК, чакыруу, маалымат
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
УКМК добуштар чуусу боюнча: АСУ туура иштеген, ката сайттан кеткен
Беш депутат келди. Парламенттин кезексиз жыйыны кворум жок өтпөй калды
"Ынтымактан" депутат болуп келчүлөрдүн эмне бизнеси бар. Тизме
Түркия жана Кыргызстан желектери. Архив

УКМК: Түркия Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярдык көргөн эмес

21
(жаңыланган 12:07 01.12.2021)
Мамлекеттик комитет тышкы саясий күчтөрдүн өлкө ишине кийлигишүүгө жол берилбей турганын белгиледи.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Түркиянын Кыргызстанда төңкөрүш жасоого даярдап жатканы ачыкталды деген маалыматты төгүндөп билдирүү таратты.

Буга чейин интернет айдыңында жана айрым чет өлкөлүк ЖМКларда жеке булактарына таянуу менен Бишкекте Түркиянын катышуусу менен мамлекеттик төңкөрүш даярдалганы тууралуу кабарлар жарыяланып кеткен.

"Маалымат чындыкка дал келбейт", — дешти УКМКдан.

Комитет бир дагы чет мамлекет Кыргызстандын ички саясий ишине кийлигише албай турганын расмий билдирди. Андан тушары, мындай аракеттерге УКМК жол бербей турганы айтылды.

21
Белгилер:
Түркия, Кыргызстан, УКМК, мамлекеттик төңкөрүш, саясат
Тема боюнча
УКМК бийликти күч менен басып алууга шектелген депутат Жетигеновду камакка алды