Мамлекеттик салык кызматына Алтынбек Абдувапов төрага болду

© Фото / пресс-служба ГНС КРМамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Жазылуу
Буга чейинки жетекчи Илияз Иманбетов финансы министринин биринчи орун басары кызматына кетти. Тиешелүү буйруктарга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Алтынбек Абдувапов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрация жетекчиси Акылбек Жапаров кол койгон.
Дагы башка буйругу менен мурдагы башчысы Илияз Иманбетовду ээлеген кызматынан бошотуп, аны финансы министринин биринчи орун басары кылып дайындаган.
© Фото / пресс-служба ГНС КРФинансы министринин биринчи орун басары Илияз Иманбетов
Первый заместитель министра финансов КР Илияз Иманбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Финансы министринин биринчи орун басары Илияз Иманбетов
Жапаров бүгүн Абдуваповду жамаатка таанышырып, салык системасында олуттуу реформаларды жасай турганына ишеним артарын билдирген.
Жаңы жетекчи буга чейин Салык кызматынын төрагасынын орун басары болчу. Бул тармакта 2011-жылдан тарта эмгектенип келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0