Президенттин администрациясында бөлүмдөрдүн ордуна 4 башкармалык болору айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБольшая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова
Большая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2021
Жазылуу
Кечээ министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрация жетекчиси Акылбек Жапаров администрациянын түзүмү толугу менен өзгөрөрүн айткан.
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Президенттин администрациясында азыркы бөлүмдөрдүн ордуна төрт башкармалык иштейт. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ишенимдүү маалымат булагы билдирди.
Анын айтымында, администрациянын тармактык бөлүмдөрү жок кылынды. Алардын ордуна башкармалыктар иш алып барат:
  • чечимдерди даярдоо;
  • укуктук камсыздоо;
  • чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө;
  • саясий жана стратегиялык изилдөө.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Мамлекеттик салык кызматына Алтынбек Абдувапов төрага болду
Башкармалыктын түзүмүндө бир нече бөлүм болору кошумчаланды.
Буга чейин ЖМКлар Чечимдерди даярдоо башкармалыгын качкын президент Курманбек Бакиевдин мурдагы жардамчысы Алтынбек Эргешевдин жетектей турганын айтышкан.
Кечээ министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрация жетекчиси Акылбек Жапаров администрациянын түзүмү толугу менен өзгөрөрүн айткан
Администрация азырынча расмий комментарий бере элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0