Бирөө кечигип, экинчиси баш тартты. 21 партия шайлоонун кийинки этабына өттү

© Sputnik / Акылбек БатырбековЖогорку Кеңештин имараты. Архив
Жогорку Кеңештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Жазылуу
"Ак Асаба" кечигип калганы үчүн документи кабыл алынган эмес. "Кыргызстандын прогрессивдүү жаштары" жарышка катышуудан баш тартты.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 21 партия калды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
Кечээ, 18-сентябрда, саат 18:00дө партиянын тизмесиндеги талапкерлердин бардык документин БШКга тапшыруу мөөнөтү аяктады.
Буга чейин каттоодо турган 23 саясий уюмдун 20сы документин толугу менен, "Жашасын Кыргызстан" партиясы жарым-жартылай тапшырган. Ал эми "Ак Асаба" кечигип калганы үчүн документи кабыл алынган эмес. "Кыргызстандын прогрессивдүү жаштары" партиясы шайлоого катышуудан баш тарткан.
Натыйжада төмөнкү 21 партия жарышка аттанууда:
  • "Улуттар Биримдиги";
  • "Ишеним";
  • "Альянс";
  • "Кыргызстан жашылдар партиясы";
  • "Бирдиктүү Кыргызстан";
  • "Ата Мекен";
  • "Ыйман Нуру";
  • "Эл үмүтү";
  • "Азаттык";
  • Ынтымак";
  • "Күчтүү регион";
  • "Бүтүн Кыргызстан";
  • "Аруузат – Эл Куту";
  • "Ата-Журт Кыргызстан";
  • "Мекенчил Эл";
  • "Ордо";
  • "Багыт";
  • "Жашасын Кыргызстан";
  • "Улуу Журт";
  • "Легалайз";
  • "Социал-демократтар".
Жаңылыктар түрмөгү
0