Атамбаев кайрадан соттолуучу болду. Жогорку сот өкүмүн калыбына келтирди

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Жазылуу
Бир жыл мурда Жогорку сот кримавторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Алмазбек Атамбаевге чыккан өкүмдү жокко чыгарып, райондук сотко кайра кароого жөнөткөн.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Жогорку сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата сот өкүмүн күчүнө киргизди, ал кайрадан соттолуучу болуп эсептелет. Маалыматты Sputnik агенттигинин кабарчысына жактоочусу Сергей Слесарев тастыктады.
Чечим 12-октябрда кабыл алынган.
Эске салсак, Жогорку сот кримавторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Алмазбек Атамбаевге чыккан өкүмдү жокко чыгарып, райондук сотко кайра кароого жөнөткөн. Ага чейин Атамбаев Биринчи май райондук соту тарабынан 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган болчу.
"Өзүнүн чечими менен Жогорку сот мурдагы президентти 11 жыл эки айга эркинен ажыратуу чечимин калыбына келтирип койду. Эми ал кайрадан соттолгон адам болуп эсептелет. Өзүнүн мурдагы чечимин Жогорку сот Башкы прокуратуранын сунуштамасы менен четке какты. Башкача айтканда, ошол кезде ал өкүмдүн мыйзамсыз жокко чыгарып койгонуна макул болду", — деди Слесарев.
Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрация жетекчиси Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Беш президент менен тең иштешкен Акылбек Жапаров тууралуу 11 факт
Жактоочунун айтымында, Жогорку сот бир жыл мурда чечим кабыл алып жатып Атамбаевдин укуктары корголбогонун, чечим чыгарар алдында жарыш сөзгө катышпаганын билдирген.
Эми Башкы прокуратура сунуштамасы менен Атамбаевдин адвокаттарынын даттануулары каралган отурум болот. Бирок Слесарев факт жүзүндө чечим кабыл алынып калганын кошумчалады.
Жогорку соттон кийинчерээк толук маалымат берилерин айтышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0