Афганистан: "Москва форматындагы" сүйлөшүүгө Кыргызстандан Абдуразаков катышууда

© Фото / пресс-служба МИД КРТышкы иштер министрлигинин 4-саясий департаментинин директору Авазбек Абдуразаков
Тышкы иштер министрлигинин 4-саясий департаментинин директору Авазбек Абдуразаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Жазылуу
Бүгүн Россиянын борборунда Афганистан боюнча "Москва форматында" сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ага региондогу 10 мамлекеттин делегациясы катышууда.
БИШКЕК, 20-окт. – Sputnik. Москвада талибдердин катышуусунда өткөнү жаткан Афганистан боюнча сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын атынан Тышкы иштер министрлигинин 4-саясий департаментинин директору Авазбек Абдуразаков катышууда.
Анын айтымында, Кыргызстан талибдердин бийлигин таануу маселесинде БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын алкагында иш алып барат.
"Муну менен катар биз Афганистандын жаңы бийлигинин изоляциясын конструктивдүү эмес деп эсептейбиз. Эл аралык жана регионалдык күн тартибинин маанилүү маселелери боюнча кызматташуунун жана диалогдун фундаментин түзүү керек", — деди Абдуразаков.
Ал ошондой эле Россия тарап пикир алмашууга, кризистен чыгуу жолдорун талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүп бергенин белгиледи.
Талибан делегациясын мүчөлөрү Москвадагы эл аралык сүйлөшүүлөрдө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Москвага талибдердин делегациясы келди
"Борбордук Азия — баарыбыздын үйүбүз. Биздин жалпы үйдө тынчтык жана бакубатчылык болушун каалайбыз", — деди дипломат.
Эске салсак, бүгүн, 20-октябрда, Москвага "Талибан"* кыймылынын делегациясы келди. Анда Афганистан боюнча сүйлөшүүлөр "Москва форматында" өтөт. Жыйынга региондогу 10 өлкөдөн делегациялар келди.
* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм
Жаңылыктар түрмөгү
0