Дүйнө таң кала тургандай шайлоо өткөрөлү. Жапаров аткаминерлерге кайрылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жазылуу
Президент мурдакылардын катасын кайра-кайра кайталай бербей, келечек муунга үлгү болуучу шайлоону өткөрүп берүүгө чакырды.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Шайлоого кийлигишкен ар бир кызматкер жазасыз калбайт. Бул туурасында президент Садыр Жапаров жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен болгон кеңешмеде билдирди.
Мамлекет башчы былтыркы шайлоодогу административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу фактылары эч кимдин эсинен кете электигин айтып, шайлоонун шайтан оюндары баарына сабак болушу керектигин белгиледи.
"Менин алдымда алдыдагы шайлоону таза өткөрүү милдети турат. Мындан ары бардык шайлоолор таза өтөт, бардык күчүбүздү жумшайбыз. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт, ага жол бербешибиз керек. Мурдакылардын катасын кайра-кайра кайталай бербей, келечек муунга үлгү болуучу шайлоону өткөрүп берели. Ким кызматта туруп кайсы бир саясий партияга же талапкерге иштесе жумуштан алынып эле тим болбостон, жоопкерчиликке да тартылат. Райондо шайлоого кийлигишкен район акими менен айыл өкмөт башчылар эле жазаланбай, күч органдары, билим берүү бөлүмү, мугалимдер, дарыгерлер кайсы бир талапкердин пайдасына иштесе жазасыз калбасын эскертип коёюн", — деди Жапаров.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жапаров мэр, акимдерди өзү дайындамай болду, акимдин укуругу узарды. Жаңы мыйзам
Аны менен катар мамлекет башчы жаңы шайлоо системасы элге парламентти люстрациялоого шарт түзүп бергенин белгиледи. Мындан ары ар бир жаран өзүнүн өкүлүн шайлай алат.
"Ушундай бир таза шайлоо өткөрүп берели, дүйнө эли таң калсын. Анткени биздин тарыхта үч төңкөрүштүн баары шайлоонун айынан чыккан", — деди президент.
Соңунда Жапаров жергиликтүү бийлик башчыларына дагы бир ирет кайрылып, кийинки жумада кызмат адамдарын, мугалим, дарыгерлерди чакырып президенттин салам дубайын жеткирүүнү тапшырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0