УКМК эмнеге унчукпай отурушу керек. Жапаров атайын кызматтардын тыңшоосу боюнча айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековБольшая пресс-конференция президента Садыра Жапарова
Большая пресс-конференция президента Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров бүгүнкү маалымат жыйында аны бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары каралап келе жатат деген пикирин айтты.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. УКМК өз милдетин аткарып, шек жараткан адамдардын телефондон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого укуктуу. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров маалымат жыйын учурунда айтты.
Ага ЖМК өкүлдөрү эмне себептен атайын кызматтар тарабынан жарандардын сүйлөшүүлөрүн тыңшоолор болуп жатат деген суроо берди.
“Курал пайдалануу, бийликти басып алуу аракеттери боюнча сүйлөшкөндөр болуп жатканда УКМК эмнеге унчукпай карап отурушу керек. Мыйзам чегинде шек жараткан жарандарды тыңшаса болот. Эч бир себеби жок эле бир дагы адамды, журналистти эч ким тыңшабайт”, —  деди Жапаров.
Ошондой эле андан күч органдарына суракка чакыруулар көбөйгөнү боюнча сурашты.
Исправительная колония общего режима №2 во Владимирской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Жапаров: түрмөдө бай киши отурбайт, ырайым сурагандар кедейдин балдары
“Ар кандай туура эмес чакырыктар болсо, коопсуздук үчүн шектүүлөр суралышы керек. Бирок журналисттерге бул ыкма колдонулган жок. Мурда бийлик учурунда аткаминерлер менен соттошуп жүргөн журналисттер көп эле. Акыркы бир жылда ушундай болдубу? Мени каралагандарды Кудайга гана коюп жатам. Сотко берип, суракка чакыртпагыла деп айткам”, — деди президент.
Мындан тышкары, Жапаров бүгүнкү маалымат жыйында аны бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары каралап келе жатат деген пикирин айтты.
Sputnik Кыргызстан иш-чараны тексттик трансляция аркылуу чагылдырып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0