Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамынан ажыратылабы? Жапаровдун жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековВнеочередное заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции "Ала-Арча"
Внеочередное заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Жазылуу
Азыркы мамлекет башчы Жээнбековдун өтө чоң кылмыштары жок экенин, ошол эле учурда саясий жоопкерчиликтери бар деп белгиледи.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Журналист мамлекет башчы Садыр Жапаровдон Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууга кандай көз карашта экенин сурады. 
Ушул тапта Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ЖМК өкүлдөрү менен жыйын куруп, суроолоруна жооп берүүдө.
Журналисттердин бири ага "Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу маселеси көптөн бери көтөрүлүп келет. Буга кандай карайсыз?" деген суроо берген. 
"Ал боюнча маселе жок, экс-президент бойдон калат. Биз президенттерди жоопко тартып, куугунтуктаган салтты токтотолучу. Анын өтө чоң кылмыштары деле жок. Албетте, саясий жактан жоопкерчиликтери бар", — деген Жапаров.
2020-жылдын 5-октябрында, Жогорку Кеңешке шайлоонун дал эртеси, өлкөдө толкундоолор башталган. Буга бир катар партиялардын добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразылыгы себеп болгон. Мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын өткөрүп берген соң Жээнбеков экс-президент макамын алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0