Тарых сабактары эсинде, элге умтулат... Жапаровдун маалымат жыйынын талдоо

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Садыр Жапаров
Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жазылуу
Кыргызстандык, россиялык саясат таануучулар жана медиаэксперттер өлкөдөгү татаал процесстерге карабастан президентке ишеним кыйла жогору экенин, ал эми өзү жыйынтыкты көздөгөн системаны түптөөгө тырышарын айтышты.
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн КР президенти Садыр Жапаровдун маалымат жыйынына 150дөн ашык журналист, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, эксперттер катышты. Иш-чара мамлекеттик телеканалдарда жана социалдык медиада түз алып көрсөтүлдү.
Эске салсак, парламенттик шайлоодон кийинки элдик толкундоолордон улам былтыр 16-октябрда Жапаров президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министрликке киришкен.
Sputnik Кыргызстан айрым саясат таануучулар жана медиаэксперттердин мамлекет башчысынын басма сөз жыйыны тууралуу пикирин билип көрдү.

Ырааттуу жана так

Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов маалымат жыйынга жолдо баратып баам салганын белгилеп, бир нече учурга токтолду.
© Sputnik / Эркин СадыковСаясат таануучу Шерадил Бактыгулов
Круглый стол Сотрудничество КР и РФ в сферах миграции, образования и медицины - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов
"Иш жүзүндө Жапаров 8-9 айдан тарта президент катары чыгууда. Мындай иш-чара өткөрүү чечимин кабыл алганы да көп нерседен кабар берет. Иштиктүү стиль, нускалык, көтөрүлгөн темалар боюнча тактык. Президенттин бул маалымат жыйынын ушундай мүнөздөөгө болот. Журналисттер менен жолугушууда келтирилген фактылар Садыр Жапаров премьер-министрликти аркалап турган убагындагы убада, билдирүүлөрүнө шайкеш келет. Дал ушунда анын ырааттуулугу байкалат. Коррупция менен күрөштөгү жакшы жылыштар, ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын башчысынын кармалышы – буга көрүнүктүү мисал. Парламентке өткөн бардык партиялар менен иштешерин айтканы да президент белгилеген урунттуу учурлардан. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун айткандары туура эмес экенин, ал кызуу кандуулукка алдырып койгонун да камтый кетти. Мындай учурлар мамлекет башчысы социалдык медиада кеңири талкууга алынган курч темаларга чындап эле көңүл бурарын айгинелеп турат", — деди Бактыгулов.
Анын айтымында, Жапаров — Ташиев тандеми боюнча дагы бир ирет токтолгону да кызык.
Бактыгулов: президент дал понять, что возврата к прежней жизни не будет
"Көпчүлүк бул тандем жакында бузуларын жоромолдошот. Бирок ал, тескерисинче, чыңдалып келет, эриш-аркак иш жүргүзүүгө күбө болгонубуз жакшы көрүнүш. Жакында эле жергиликтүү бийликке көбүрөөк укук берген мыйзам кабыл алынды. Бул орган канчалык күчтүү болсо, карапайым кыргызстандыктардын турмушу ошончолук жакшырат. Жаңы Конституция боюнча президенттин бийлигинин күчтөнүшү жакшы жыйынтык берет, себеби бизде парламенттик башкаруу формасы партиялык коррупцияга айланып кеткен. Көпчүлүк коалициясындагы үч-төрт фракция иш жүзүндө бардык кадрдык дайындоолорду тескеген", — деп эскерет таануучу.
Большая пресс-конференция президента Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Садыр Жапаровдун төрт саатка чукул созулган маалымат жыйыны. Сүрөттөр
Эксперт Жапаров алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоонун ачык жана таза өтүшүн камсыздоого да өзгөчө көңүл бурганын белгиледи. "Бийлик шайлоо таза өтөт деп билдирип, бирок иш жүзүндө баары тескерисинче болуп келгени – Кыргызстандын шайлоо тутумунун "эски жарасы". Бүгүн чындап калыс өткөрүүгө бардык чаралар көрүлүп жатканына күбөбүз. Маселен, шайлоочулардын добушун сатып алуу, партияларды аймактык жана республикалык чектен жасалма жол менен өткөрүүгө мүмкүндүк түзгөн чуулгандуу № 2 формасы жокко чыгарылды", — дейт Бактыгулов.
Ошону менен бирге эле эксперт мамлекет башчысы чек ара, саясат, билим берүү, дин, экономика жана энергетика өңдүү маанилүү темалар боюнча да көз карашын так билдиргенин белгиледи.
"Менимче, өлкөдө жакшы өзгөрүүлөр болот. Негизи Кыргызстан мурдагы жашоого кайтпай турган чекте экенибизди түшүнгөнүбүз оң. Өлкө баштан кечирген окуялардан тыянак чыгарып, келечекте терс көрүнүштөргө жол бербөөнүн жолун издешибиз керек. Президент жыйында дал ушуну кыйытты", — деп кебин жыйынтыктады маектешибиз.

Азырынча дале коркунучтуу, бирок жылыш бар

Саясат таануучу Денис Бердаков мамлекет башчысынын басма сөз жыйынынан таасирленгенин жашырбайт.
© Sputnik / Жоомарт УраимовСаясат таануучу Денис Бердаков
Директор центра социально-политических исследований Эльчи, политолог Денис Бердаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Саясат таануучу Денис Бердаков
"Доклад бир аз узарып кетти, анан да көп сандарды камтыптыр. Бирок жалпысынан дурус жагы бар, иш-чара динамикалуу өттү. Сөзү жакшы иштелип чыгыптыр, бул администрациянын аракетин, аны даярдаган адамдар иштин маңызын билерин айкындап турат. Аткаминерлер болбогон бир нерселерди саймедиреген учурлар да өтпөдүбү", — деди Бердаков.
Айтымында, Садыр Жапаров суроолордон качпаганы да таасир калтырат.
Бердаков: госуправление будет более жестким и вертикальным
"Калктын өтүнүчтөрүнө чара көрүүгө умтулганы байкалды. Азыркы бийликтин чала иштери, көңүлгө туура келбеген кадамдары да жок эмес, бирок президенттин эрки бар, мамлекет элге кулак сала баштады. Албетте, жемкорлуктун изи калбай адамдар бай жашап калды дей албайбыз. Бирок мамлекеттик аппарат жеме угуп калгандан чочулап, тезирээк чара көрүп калды. Пенсия менен айлык акы, күч органдарынын кызматкерлери, врачтарга социалдык төлөмдөр жогорулатылууда. Ылаңдуу, жакыр мамлекетте татаал процесс жүрүп жатат, анткен менен институттар акырындап бекемделип, элдин мүдөөсү эске алынып жаткандай. Мамлекет башчысы социалдык медиага реакциясын билдирип келет, демек, байланыш үзүлгөн эмес", — деди саясат таануучу.
Бердаков былтыр эле өлкө жардан ары кулачудай коркунучта, баарыбыз кысталышта турсак, жыл аралыгында кырдаал турукташып калганын боолголоду.
Вручение премии имени Салтанат Саматовой Держи мою руку - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Айгүл Жапарова кайрымдуулукка берген жарым миллион сомду кайдан алганы айтылды
"Адамдар ошондо да, ушул тапта деле чочулайт: белгисиздик дале терең, саясий жагдай жакшырганы менен экономикалык абал азырынча оор. Октябрь окуяларынын алдында өлкөдө алдыга жылыш жок эле, эл да андай акыбалга нааразы болчу. Бүгүнкү күндө да азырынча алдыда эмне күтөрү түшүнүксүз, анткен менен жылыш бар. Жоктон көрө жогору эмеспи. Өзгөрүүлөр болорун эл түшүнүп турат. Анан, албетте, мобилизациялык маал уланууда. Ошентсе да келечектеги мамлекеттик башкаруунун жыйынтыкка багыт алуу жана мамлекеттик институттарды бекемдөө менен катаал, вертикалдык жана интеграцияланган чийиндери байкалды. Былтыр октябрь окуяларынан соң көптөгөн кыргызстандыктар жер которууну чындап ойлоно баштаса, бүгүн бул маселе анчалык курч эмес. Калктын агымы, албетте, токтобойт, бирок жайлап баратканы байкалат", — деди Бердаков.
Кыргызстанда орус тилдүү мектептердин саны көбөйүүдө, алар болжол менен жалпы билим берүү мекемелеринин төрттөн бир бөлүгүн түзөт.
"Бирок аймактарда орус тили жоголуп, бизнес, маданият, башкаруунун тилине айланып барат. Бул тилге кыйла сапаттуу билим алып, карьера куруп же бизнес түптөөнү көздөгөндөр басым жасашат.
Президент кыргыз тилинде сүйлөдү, бул — туура кадам. Анткени анын кайрылуусу калктын басымдуу бөлүгүнө багытталган. Учурда кыргыз тили саясат жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланууда. Мисалы, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстанда 1990-жылдары мамлекеттик тилди катуу тартипте киргизишкен, анткени аткаминерлер эне тилинде сүйлөшчү да эмес.
Исправительная колония общего режима №2 во Владимирской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Жапаров: түрмөдө бай киши отурбайт, ырайым сурагандар кедейдин балдары
Ал эми бизде акыркы 4-5 жылда документ жүргүзүү акырындап мамлекеттик тилге өтүп, чечим кабыл алчу өкүлдөр да кыргызча сүйлөөгө өтүштү. Эне тили алардын жумушчу тили болуп калды. Ошондуктан саясатта ал үстөмдүк кылганы акылга сыярлык", — деп белгиледи эксперт.
Ошондой эле ал калктын сыртка кетишинде жаман нерсе жок экенине токтолду. "Көп киши көчүп кетет деген жаңылыш ой болбошу керек. Эки, үч тилде жакшы сүйлөгөндөр кетет. Бул кадыресе көрүнүш, бизнес, маданият, жарандык сектордо чыйыр сала алгандар калат. Кыргызстанда орус тили англисчеге караганда кеңири таралган, көбүнесе анын функциясын аткарат, себеби глобалдык маданиятка чыгууга шарт түзөт", — деди саясат таануучу.

Көч жүрө-жүрө түзөлөт

Президенттин басма сөз жыйынынын медиа өңүтүн КР журналисттер союзунун төрагасы Азамат Касыбеков сыпаттады.
"Техникалык жактан алганда иш-чара жогорку деңгээлде: мыкты уюшкандыкта, баары болушунча ачык өттү. Журналисттер гана чакырылып, блогерлер, жарандык коомчулуктун өкүлдөрү киргизилбегени бир аз кейитти. Жалпысынан баары кыйла динамикалуу өттү, сын да айтылды. Ал эми бул мурдагыдай суроолор уюштуруучулар тарабынан иргелбегенин айгинелейт. Жеке өзүм маалымдоо каражаттарын колдоо жана кыйсыпыр кырдаалдарда жардам көрсөтүү жөнүндө сурагым келген. Анткени мурда өкмөт биздин өтүнүчтөрүбүзгө кулак жапырган эмеспи. Мамлекет башчысы бул көйгөйгө көңүл бурат деп ойлойм", — деди Касыбеков.
Касыбеков: огорчило, что на встрече с Жапаровым не было блогеров
Анын айтымында, конференцияны "бардык кыргызстандыктарга президенттен изги билдирүү жеткирүү" үчүн уюштурушкан, анткен менен "азырынча жыл окуясы деп атала албайт", "кызыктардын көбү алдыда" болушу мүмкүн.

Сырттан көз караш

Евразиялык аналитикалык клубдун жетекчиси, россиялык саясат таануучу Никита Мендкович КР президенти Садыр Жапаровдун алгачкы маалымат жыйыны жакшы таасир калтырганын айтты.
© Sputnik / Владимир ТрефиловЕвразиялык аналитикалык клубдун жетекчиси, россиялык саясат таануучу Никита Мендкович
Политолог, председатель Евразийского аналитического клуба Никита Мендкович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Евразиялык аналитикалык клубдун жетекчиси, россиялык саясат таануучу Никита Мендкович
"Эл менен иштешүүнүн мындай форматы кадыресе көрүнүшкө айланып баратканынан кабар берет. Жапаров Владимир Путиндин стилинде – эркин, ачык, динамикалуу маалымат жыйынын өткөрүүгө аракет кылганы айдан ачык. Кезегинде Курманбек Бакиев амалданууга тырышып, бирок андан майнап чыкпаган америкалык база тууралуу айткандарын да айрыкча белгилегим келет. Президент тарыхтын сабактарын да унуткарбайт. Жапаров өз позициясын так белгилеп, эки базаны жайгаштыруу менен эки державанын ортосунда мышык-чычкан ойногусу келбегенин билдирди. Ошондой эле ал Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруунун көйгөйлөрүн жеткиликтүү түшүндүрүп, башкалар айткандай Россия буга каршы эместигин айтты", — деди Мендкович.
Мамлекет башчысы ички да, тышкы да мүнөздөгү бир топ темадан кеп козгоду.
Мендкович: Жапаров готов выстроить систему, не взирая на прошлое, но которая будет давать результат
"Бедел жана эл менен баарлашуу жагынан мурдагы кесиптештеринен айырмаланып Жапаровдун жыйынтыгы жаман эмес. Анын ак ниети ишенимди ойготуп, эл аны уккусу келет. Курч соболдордон качууга же көйгөй жок сымал түр көрсөтүүгө тырышпады. Коомго сиңе турган жоопторду берип, тигил же бул маселелерге кандайдыр бир деңгээлде терең караганын көрсөтө алды. Бир жыл мурун алган чоң ишеним кредитин кантип актай алат, ал башка кеп", — деди саясат таануучу.
Эксперт мамлекет башчысынын калк менен баарлашып, кайтарым байланышты оңдоого ынтызарлыгын көргөнүн айтат. "Бул жыл сайын өтүүчү "президент менен түз байланыш" форматына айланып, Кыргызстандагы салтка айланган окуя болуп калышы ыктымал. Суроолорго жооп бергенинен байкалгандай, менимче, Жапаров Кыргызстандагы абалды жакшыртууга көп нерсе жасай алат. Айрымдар чындап эле курч болду. Маселен, анын люстрация, Ташиев менен мамилеси, октябрь окуяларына жоопкерчилиги жөнүндөгү, ошондой эле үй-бүлөсү, кирешеси, тыңшоолор, сурак жана камакка алуулар тууралуу айткандарынан улам жыйынтык берчү системаны түзүүдөн кабар берет", — деди Мендкович.
Жаңылыктар түрмөгү
0