Пара менен кармалган Ырайым кылуу комиссиясынын катчысы Апенов иштен алынды

© AFP / SIPHIWE SIBEKOАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Жазылуу
УКМК Апенов соттолгон адамды ырайым кылына тургандардын тизмесине киргизүү үчүн 170 миң сом талап кылганын билдирген.
БИШКЕК, 26-окт. – Sputnik. УКМК акча талап кылды деп кармаган Таалайбек Апенов президенттин администрациясынын Ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Документке президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эске салсак, Апеновду улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет акча алып жатканда кармаган.
УКМК ал соттолгон адамды ырайым кылына тургандардын тизмесине киргизем деп 170 миң сом талап кылганын билдирген.
Жапаров бул туурасында жакында өткөн маалымат жыйын учурунда да кеп кылган. Ага пара алуу боюнча маалыматтар түшүп жатканын айтып эскерткенин, Апенов муну танганын, бирок көп өтпөй тартип коргоочулардын колуна түшкөндүгүн айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0