Бажы кызматынын башчысы Исабеков отставкага кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековБажы боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы жетекчиси Самат Исабеков. Архив
Бажы боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы жетекчиси Самат Исабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Жазылуу
Исабеков Бажы кызматын жарым жылга чукул башкарган. Ага чейин аталган тармактагы ар кыл бөлүмдөрдө эмгектенген.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бажы боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Самат Исабеков кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлады.
Азырынча отставканын себеби айтыла элек.
Исабеков Бажы кызматын 2021-жылдын июнь айынан бери жетектеп келе жаткан. Ага чейин аталган тармактагы ар кыл бөлүмдөрдө эмгектенген.
Жаңылыктар түрмөгү
0