Садыр Жапаров администрациясына эки жаңы кадр дайындады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Анарбек Калматов. Архив
Депутат Анарбек Калматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Жазылуу
Абытов буга чейин министрлер кабинетинин ЖКдагы өкүлү кызматын аркалап келген, эми ал президенттин жана президенттик администрациянын дагы өкүлү катары иштейт.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Анарбек Калматов президенттин парламенттеги өкүлү кызматынан бошотулуп, администрацияга караштуу Ырайым кылуу боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган документке мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
МБКнын өздүк курамына жаңы башчысы жана анын орун басарлары  тааныштырылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Бажы кызматынын бардык жетекчилери алмашты. Жаңы келгендер
Ал эми Калматовдун ордуна Алмасбек Абытов келип, президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тескемеге президенттин администрация жетекчиси Акылбек Жапаров кол койгон.
Абытов буга чейин министрлер кабинетинин ЖКдагы өкүлү кызматын аркалап келген, эми ал президенттин жана президенттик администрациянын дагы өкүлү катары иштейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0