Тарыхта биринчи жолу. Монголия Кыргызстанга элчи дайындады

© Фото / пресс-служба МИД КРНазначение посла Монголии в Кыргызстане
Назначение посла Монголии в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Жазылуу
Монголиянын Бишкектеги Башкы консулдугу элчилик болуп кайра уюшулган. Өлкөгө жөнөтүлгөн алгачкы элчи ТИМдин башчысы менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы кызматташуунун келечегин талкуулады.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстанга биринчи жолу Монголиянын элчиси дайындалганын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстанга биринчи жолу Монголиянын элчиси дайындалганын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди
Назначение посла Монголии в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кыргызстанга биринчи жолу Монголиянын элчиси дайындалганын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди
Министр Руслан Казакбаев жаңы дайындалган элчи Ганхуяг Содномдон ишеним грамотанын көчүрмөсүн кабыл алды.
© Фото / пресс-служба МИД КРМинистр Руслан Казакбаев жаңы дайындалган элчи Ганхуяг Содномдон ишеним грамотанын көчүрмөсүн кабыл алды
Назначение посла Монголии в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Министр Руслан Казакбаев жаңы дайындалган элчи Ганхуяг Содномдон ишеним грамотанын көчүрмөсүн кабыл алды
Казакбаев Башкы консулдукту элчиликке айландыруу чечими үчүн моңгол тарапка ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле жакын арада Монголияда Кыргызстандын элчилиги ачыларын кошумчалады.
Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2021
Министр Казакбаев Иранды өлкө экономикасына инвестиция жасоого чакырды
Тараптар кыргыз-моңгол мамилелеринин учурдагы абалын, эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасоо, борборлор ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу боюнча пикир алмашышкан. Мындан сырткары, бир катар маданий иш-чараларды өткөрүү, жогорку иш сапарларды уюштуруу макулдашылды.
Содном министрге ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы соода, экономика, айыл чарба, туризм, маданият жана илим тармактарын жандантуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0