Садыр Жапаров аймактарга 14 судья дайындады. Тизме

© Фото / Pixabay / succoСудьянын балкасы жана китеп. Архив
Судьянын балкасы жана китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Жазылуу
Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына сунуштар келип түшкөн.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 14 сотту кызматка дайындаган жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Судьяларды тандоо боюнча кеңешинен президентке Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Нарын облусу

Нарын райондук сотуна:
  • Калдыбаев Руслан Джаныбекович;
Кочкор райондук сотуна:
  • Жунусов Сапарбек Токонович;
Нарын шаардык сотуна:
  • Жолдошбек уулу Жеңишбек;
  • Назира Сейдакмат кызы;

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл райондук сотуна:
  • Шаршенбиева Айнура Турарбековна;
Каракол шаардык сотуна:
  • Токтобаев Айбек Болотович;

Талас облусу

Талас райондук сотуна:
  • Калматов Ниязбек Курманбекович;
Бакай-Ата райондук сотуна:
  • Кермалиев Нурмухамбет Байысбекович;
  • Турсункулов Бообек Шамалбекович;
Манас райондук сотуна:
  • Шатманов Дуйшенкул Жээнбекович;
Талас шаардык сотуна:
  • Турусбеков Акылбек Джусупбекович;

Бишкек шаары

Октябрь райондук сотуна:
  • Абылкасымова Гүлнара Абдымыктаровна;
Биринчи май райондук сотуна:
  • Айдаралиева Венера Калмуратовна;
  • Эсенгулова Асел Токтакуновна.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0