УКМК: Кыргызстан Россиядан тик учак менен учкучсуз аппараттарды сатып алат

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жана "Рособоронэкспорт" АК жетекчиси Александр Михеев менен жолугушуусу
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жана Рособоронэкспорт АК жетекчиси Александр Михеев менен жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Жазылуу
Бийлик жаңы техника алып, колдо барын оңдоп-түзөөгө ниеттенип жатат. Акча республикалык бюджеттен бөлүнмөкчү.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстан Россиядан Ми-17В-5 тик учактарын жана учкучсуз башкарылуучу "Орлан-10Е" аппараттарын сатып ала турганын УКМК билдирди.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР29-октябрь күнү "Ала-Арча" мамлекеттик резинециясында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Рособоронэкспорт" акционердик коомунун жетекчиси Александр Михеев менен жолуккан
Встреча замглавы кабмина Камчыбека Ташиева и главы АО Рособоронэкспорт Александра Михеева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
29-октябрь күнү "Ала-Арча" мамлекеттик резинециясында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Рособоронэкспорт" акционердик коомунун жетекчиси Александр Михеев менен жолуккан
29-октябрь күнү "Ала-Арча" мамлекеттик резинециясында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Рособоронэкспорт" акционердик коомунун жетекчиси Александр Михеев менен жолуккан.
Анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аскерий-техникалык кызматташууну алдыга жылдыруу маселелери талкууланганы айтылды. Тараптар "Рособоронэкспорт" компаниясынан жаңы тик учак сатып алуудан тышкары Кыргызстандагы Ми-8 МТВ тик учактарын капиталдык ремонттон өткөрүүгө макулдашкан. Мындан тышкары, тетиктер жеткирилип, агрегаттары оңдолмокчу.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына күжүрмөн техника тапшыруу аземине - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Биринчи жолу. Кыргызстан өз акчасына сооттолгон 40 техника сатып алды. Сүрөт
УКМКнын маалыматына караганда тараптар Кыргызстандын учкучсуз башкарыла турган көп функционалдуу "Орлан-10Е" аппараттарын сатып алуусу боюнча келишимге кол коюшкан. Саны азырынча белгисиз. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнөрү айтылды.
Буга чейин Ташев бийлик Түркиядан "Байрактар" аппараттарын сатып аларын айткан болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0