Бир мандаттуу округдардан шайлоого катышуудан 9 киши баш тартты

© AP Photo / Virginia MayoАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышууга бир мандаттуу округдардан жалпы 321 талапкер катталган. Азыр 312си калды.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Тогуз талапкер бир мандаттуу округдардан Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуудан баш тартты. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышууга бир мандаттуу округдардан жалпы 321 талапкер катталган. Анын ичинен тогузу шайлоого баруудан баш тартты.
  • Бердалиев Бакыт Чырмашевич, №12 Өзгөн шайлоо округунан талапкер;
  • Ибраимов Санжар Кубанычбекович, №11 Алай округунан талапкер;
  • Мамбеткулов Максатбек Назиржанович, №13 Москва шайлоо округунан талапкер;
  • Исаев Канатбек Кедейканович, № 31 Чүй-Кемин шайлоо округунан талапкер;
  • Галдыбаев Жаманкул Жолчуевич, № 11 Алай шайлоо округунан талапкер;
  • Каримбеков Абдисаит Момунбаевич, № 11 шайлоо округунан талапкер;
  • Алыбаев Айбек Ташибекович, № 19 Токтогул шайлоо округунан талапкер;
  • Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович, № 21 Талас шайлоо округунан талапкер;
  • Алтыбаева Айнуру Тойчиевна, № 7 Ош шайлоо округунан талапкер.
Муну менен парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан бара жаткан талапкерлердин саны 312 болуп калды.
Жаңылыктар түрмөгү
0