Аткаминерлер. Архив

"Багыт" партиясы кимдерден куралды. Тизмени сатуучу, мугалимдер толуктайт

207
Партиянын курамына кирген талапкерлердин эң улуусу 66, кичүүсү 26 жашта. Жалпысынан тизмеге 45 адам кирген.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын тизмесин жарыялады. Анда ар бир талапкердин аты-жөнү, туулган жылы, иштеген жери жазылган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги "Багыт" партиясынын талапкерлери менен тааныштырат. Партия мүчөлөрүнүн эң улуусу 66, кичүүсү 26 жашта. Жалпысынан тизмеге 45 адам кирген.

  1. Эсеналиев Белек Төлөбекович, 22.03.1983, "АТН Полис" камсыздандыруу компаниясынын бөлүм башчысы;
  2. Асанов Самаган Алитороевич, 15.09.1969, жумушсуз;
  3. Отунчиев Самат Ооматбекович, 23.06.1987, "БЖ Компани" ЖЧКнын коммерциялык директору;
  4. Окенова Ырыскүл Океновна, 23.07.1979, жумушсуз;
  5. Жапаров Калыбек Арзибекович, 13.10.1970, жумушсуз;
  6. Ибраев Мирлан Маратович, 09.07.1985, жумушсуз;
  7. Нургазы уулу Улан, 16.03.1982, "Кыргызстан" компаниясынын жетекчиси;
  8. Карабаева Айсалкын Райевна, 02.02.1966, Ош кыргыз экономикалык университетинде юрист-консультант;
  9. Исмаилов Икрамжан Исраилович, 23.05.1971, "Кара-Суу" юридикалык компаниясында адвокат;
  10. Тыныбеков Тагайбек Капарбекович, 06.02.1993, жумушсуз;
  11. Акматова Гульмира Нуркуловна, 23.05.1964, медайым;
  12. Исакова Мавлюда Шадымановна, 17.09.1971, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде башкы адис;
  13. Шут Александр Сергеевич, 06.12.1957, "Рембытмаш" компаниясында башкы директор;
  14. Акматова Асель Мухтаровна, 19.12.1978, Ысык-Көл облустук прокуратурада катчы;
  15. Райымкул уулу Касымбек, 31.07.1955, жумушсуз;
  16. Уметалиев Сахибжан Калжигитович, 22.10.1971, "Эмир Финанс" компаниясында башкы директор;
  17. Богданов Алексей Анатольевич, 09.01.1991, "Автотех" компаниясынын директору;
  18. Чекирова Гүлүйпа Беккелдиевна, 12.06.1965, Кант шарындагы №4 мектеп-гимназиянын мугалими;
  19. Смаева Бактыгүл Жайлообаевна, 22.03.1973, "Услышь меня" (Мени ук) фондунун негиздөөчүсү;
  20. Аманбаева Миргүл Орокбаевна, 25.03.1982, жумушсуз;
  21. Амандыков Амантай Тилекбекович, 15.09.1993, "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик башкармалыгында жетектөөчү адис;
  22. Дубанбаева Жылдыз Сартбаевна, 23.05.1969, жумушсуз;
  23. Дабаев Айбек Абылкасымович, 16.10.1982, Туманов атындагы орто мектепте мугалим;
  24. Жолдошев Майсалбек Абдыжапарович, 22.07.1988, "За Штатом-Варшава" компаниясында менеджердин жардамчысы;
  25. Мырзаев Мирлан Жумадилович,14.02.1985, "Чаткал демилгеси" ЖЧКнын жетекчиси;
  26. Жумаева Роза Ражаевна, 09.03.1961, "Кыргызстан аялдарынын демократиялык комитети" коомдук бирикмесинин президенти;
  27. Матниязова Разия Мавляновна, 20.07.1962, №14 лицейде мугалим;
  28. Урулдаева Салтанат Айткуловна, 08.09.1978, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору;
  29. Соурбаев Эрмек Жусупбекович, 30.09.1994, "Сипотех" коомдук фондунун башкы директору;
  30. Махмутова Сакура Махмасабыровна, 12.08.1987, "Сабыр ЛТД" ЖЧКнын директору;
  31. Жумабек кызы Гүлнура, 18.01.1993, жумушсуз;
  32. Логвиненко Марина Ивановна, 28.10.1967, Новопавловкадагы №1 Чыңгыз Айтматов атындагы мектептин мугалими;
  33. Асеин уулу Азамат, 19.10.1992, "Талас облустук жаштар кеңеши" коомдук бирикмесинин координатору;
  34. Коңурбекова Кундуз Абакировна, 17.10.1972, жумушсуз;
  35. Исмаилов Азамат Мухтарович, 05.10.1984, "Кара-Суу" базарында сатуучу;
  36. Исмаилова Мээрим Кубатбековна, 22.05.1983, ресторатор;
  37. Байбек уулу Бакытбек, 18.02.1975, жумушсуз;
  38. Жоробекова Сабира Закирбаевна, 30.12.1966, турак жай кооперативинде консультант;
  39. Баймуратова Рита Нурболотовна, 21.06.1985, жумушсуз;
  40. Курбанова Бурулкан Сыдыковна, 20.08.1971, Ош шаарындагы колледжде мугалим;
  41. Абакиров Уланбек Каныбекович, 14.02.1996, жумушсуз;
  42. Жылышева Элина Сагынбековна, 17.09.1974, адвокат;
  43. Мамур уулу Алмазбек, 30.05.1975, жумушсуз;
  44. Тотубаева Айнагүл Төлөмүшовна, 14.10.1964, Жогорку Кенеште консультант;
  45. Жаналиев Рысбек Молдошевич, 10.04.1976, жумушсуз.
207
Белгилер:
талапкер, тизме, шайлоо, 'Багыт' партиясы
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021 (278)
Тема боюнча
"Кыргызстандын жашылдар партиясынан" депутаттыкка аттангандар. Тизме
Аткаминер. Иллюстративдик сүрөт

"Ынтымактан" депутат болуп келчүлөрдүн эмне бизнеси бар. Тизме

14
(жаңыланган 10:22 01.12.2021)
АСУнун маалыматы боюнча, "Ынтымак" партиясы шайлоочулардын 10,95 пайыз добушун алып, 9 мандатка ээ болот. Sputnik болочок эл өкүлдөрүнүн бизнеси тууралуу материалдар түрмөгүн жарыялап турмакчы.

Sputnik Кыргызстан агенттиги тизмени Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча түздү. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы протоколдор кол менен саналган соң белгилүү болорун эскертмекчибиз.

"Ынтымак" партиясындагылардын ичинен эң көп добуш алган Эрулан Көкүловго эч бир компания, фирма катталган эмес.

Шарапаткан Мажитова жүргүнчү ташыган "Ажы Акпар", май куюучу жайлары бар "Абдымажит Ажы Ата", кен казган "Алтын-Булак компани", курулуш менен алектенген "Модерн Стиль", көмүр казган "Эр-Ислам" жана "Джаунг Хва Майнинг Сары-Бээ", соода-сатык менен алектенген "Кыргыз жаңгак" болуп жалпы жети ишканага ээлик кылат.

Кандидат в депутаты ЖК от партии Ынтымак Шарапаткан Мажитова
© Фото / пресс-служба партии "Ынтымак"
Шарапаткан Мажитова

Мажитова андан сырткары "Асыл Аманат демилгеси", "Энелер соту", Кара-Суу базарынын жеке ишкерлеринин "Ишкер" коомдук бирикмесин жетектеп келет.

Юстиция министрлигинин порталында Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовго да бир дагы компания же ишкана катталган эмес.

Бакыт Тентишевге да расмий эч нерсе катталган эмес. Ал президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдин уулу.

ЖКга эл өкүлү болуп келчү Мурадил Сыдыковдун "MS BUILDING" аталышындагы курулуш компаниясы, жүк ташыган "NuriS-KG" ЖЧКсы бар.

Кандидат в депутаты ЖК от партии Ынтымак Мурадил Сыдыков
© Фото / пресс-служба партии "Ынтымак"
Мурадил Сыдыков

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Марлен Маматалиев "Жалын" жаштар кыймылын, "Ынтымак" саясий партиясын жетектейт.

Кандидат в депутаты ЖК от партии Ынтымак Марлен Маматалиев
© Фото / пресс-служба партии "Ынтымак"
Марлен Маматалиев

Расмий булактарда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Балбак Түлөбаевдин атына эч нерсе катталган эмес.

Ал эми Исатбек кызы Аида "Нурс Мебель" фирмасын башкарып келет.

Кандидат в депутаты ЖК от партии Ынтымак Аида Исатбек кызы
© Фото / пресс-служба партии "Ынтымак"
Аида Исатбек кызы

Лейла Лурова "LBS milk production" жоопкерчилиги чектелген коомун Марат Осмонов экөө ачкан.

Кандидат в депутаты ЖК от партии Ынтымак Лейла Лурова
© Фото / пресс-служба партии "Ынтымак"
Лейла Лурова
14
Белгилер:
Кыргызстан, 'Ынтымак' партиясы, депутат, бизнес
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
"Ата-Журт Кыргызстандан" келчү депутаттардын бизнеси: ломбард, май куюучу жайлар
"Ишенимден" келчү депутаттардын бизнеси: базар, микрокредиттик компаниялар
Шайлоо-2021: бир мандаттуу округ боюнча кол менен саноонун алдын ала жыйынтыгы
Шайлоо участкасында аял добуш берип жатат

7 партия босого чектен өтүүдө. Добуштардын 30 пайызы кол менен саналып бүттү

1899
(жаңыланган 23:02 30.11.2021)
Саат 20:30га карата 759 шайлоо тилкесинде бюллетендер эсептелип, протоколдор БШКга жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 30,43 пайызы кол менен саналып бүттү. Бул тууралуу Боршайкомдун бюллетендерди эсептөөнү онлайн режиминде көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg порталында маалымдалат.

Саат 20:30га карата 759 шайлоо тилкесинде бюллетендер саналып бүтүп, протокол жөнөтүлгөн. Бул 323 376 жарандын тандоосу ачыкталганын түшүндүрөт. Жалпысынан шайлоого 1 273 557 кыргызстандык катышкан.

Азырынча төмөнкү партиялар беш пайыздык босого чектен өттү:

  1. "Ата-Журт Кыргызстан" — 14.58 пайыз;
  2. "Ынтымак" — 14.06 пайыз;
  3. "Ишеним" — 11.97 пайыз;
  4. "Ыйман нуру" — 7.41 пайыз;
  5. "Альянс" — 7.09 пайыз;
  6. "Эл үмүтү" — 5.85 пайыз;
  7. "Бүтүн Кыргызстан" — 5.69 пайыз.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Партия тизмеси боюнча беш пайыздык босогодон алты партия өттү. Бир мандаттуу округ боюнча да алдын ала жыйынтык белгилүү болду. Акыркы жыйынтык протоколдордун баары кол менен эсептелип чыккандан кийин расмий жарыяланат.

1899
Белгилер:
Жогорку Кеңешке шайлоо, добуш, саноо, жыйынтык, мандат
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Адис жаңылган. БШК сайттагы добуштарды ким көбөйтүп салганын айтты
Бюллетендер качан кол менен саналып бүтөт? БШКнын жообу
QR-код текшерүү

Кыргызстанда эмделгенин тастыктоочу QR-код системасы киреби? Министрдин жообу

0
(жаңыланган 10:24 01.12.2021)
Буга чейин социалдык тармактарда бийлик кийинки аптадан тарта адамдын коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн тастыктай турган QR-код системасын киргизет деген маалымат тараган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстанда QR-код системасын киргизүү планы жок. Бул тууралуу Sputnik редакциясына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда, анын ичинде "Бишкек сегодня" Telegram-каналында дагы бийлик кийинки аптадан тарта адамдын коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн тастыктай турган QR-код системасын киргизет деген маалымат тараган. Анда вакцина албай, QR-кодго ээ болбогондор соода борборлору, кафе-ресторан сыяктуу коомдук жайларга киргизилбей турганы айтылган.

Министр бул маалыматты төгүндөдү.

"Жок, андай нерсе пландалган эмес. Бул маселени мен чечем да, азыр андай оюбуз жок", — деди Бейшеналиев.

Соңку маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 1,1 миллион киши коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алды. Ал эми экинчи компоненти дээрлик 900 миң кишиге сайылды.

Белгилей кетсек, эмделгендер жана ооруп сакайгандар коомдук жайларда эркин жүрүшү үчүн аларга QR-код берүү чечимин Россия бийлиги кабыл алган. Ушул эле эрежелер Европанын айрым мамлекеттеринде колдонулуп жатат.

0
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, QR-код, Алымкадыр Бейшеналиев