Портфель. Архив

"Жашасын Кыргызстан" партиясында кимдер бар. Талапкерлердин аты-жөнү

96
(жаңыланган 14:36 01.11.2021)
"Жашасын Кыргызстан" партиясы 28-ноябрда өтө турчу парламенттик шайлоого 26 талапкер менен катышат. Тизме БШК берген маалыматтардын негизинде жазылды.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. БШКнын сайтына парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын тизмеси тууралуу маалымат жарыяланды.

Sputnik алардын ичинен "Жашасын Кыргызстан" партиясы менен саясий жарышка аттанган талапкерлерди тааныштырат.

Аталган саясий уюмдун тизмесине 26 талапкер кирген. Алардын көбү ар кыл тармакта эмгектенишсе, айрымдары жумушсуз.

Тизме БШК берген маалыматтардын негизинде жазылды:

  1. Үмөталиева Токтайым Жумаковна, 1962, "Ай-Данек" гезитинин башкы редактору;
  2. Токсобаева Бактыгүл Асановна, 1948, М.Рыскулбеков атындагы КЭУда илимий консультант;
  3. Батыркулов Улан Умарович, 1983, Бишкек шаардык мэриясынын "Санарип технологиялар борборунда" системдик администратор;
  4. Курамаева Токтокан Надырбаевна, 1980, Салык кызматынын Октябрь райондук бөлүмүндө башкы инспектор;
  5. Волкодав Сергей Викторович, 1962, жумушсуз;
  6. Эргешова Нүрбүбү Базарбековна, 1971, жумушсуз;
  7. Айдаров Мураткан Абасканович, 1956, Салттуу медицина жана космоэнергетика академиясынын президенти;
  8. Айдосова Гүлбарчын Абдурахмановна, 1988, жумушсуз;
  9. Мурзакматова (Жумабаева) Бактыгүл Адановна, 1969, ишкер;
  10. Асылбеков Куттубек Бообекович, 1957, жумушсуз;
  11. Пузиков Александр Валерьевич, 1985, Логистика жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча илимий борбордо иштейт;
  12. Ашымбекова Мадина Ашымбековна, 1992, жумушсуз;
  13. Крепышев Виталий Викторович, 1976, жумушсуз;
  14. Ашыйгазиева Максатгүл Саматовна, 1971, жумушсуз;
  15. Дүйшөналиев Уланбек Акынович, 1964, жумушсуз;
  16. Сыдыкова Айбарчын Жапановна, 1967, ЭЛТРде инженер;
  17. Заков Самат Орусбатович, 1975, адвокат;
  18. Зыкова Олеся Александровна, 1968, "Билимкана" Токмок индустриалдык педагогикалык техникумунда мугалим;
  19. Муратов Азимбек Идрисович, 1974, "Urban Zone" ЖЧКсында аткаруучу директор;
  20. Дүйшөнкулова Марина Касымбаевна, 1992, Эл аралык жогорку медициналык мектепте мугалим;
  21. Насирдинова Айгүл Мамытовна, 1965, эксперт;
  22. Мамбеков Улукман Кенжекулович, 1982, "Керемет Банк" ААКда финансылык менеджер;
  23. Владимирова Анастасия Павловна, 1987, №56 орто мектепте мугалим;
  24. Ибраимов Сатыбалды Бакытбекович, 1988, "Ак чардак пати" ЖЧКсынын генералдык директору;
  25. Ряхов Арсений Васильевич, 1989, айыл чарба башчысы;
  26. Измаилова Рамиля Хаштовна, 1965, адвокат.
96
Белгилер:
талапкер, шайлоо, тизме, 'Жашасын Кыргызстан' партиясы
Тема:
Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерлердин тизмеси (54)
Бишкектеги өкмөтүнүн имараты. Архив

Президенттин иш башкармалыгы эми Жогорку Кеңешти да тейлемей болду

150
(жаңыланган 16:51 02.12.2021)
Таратылган маалыматта эки башкармалыктын базасында президенттин иш башкармалыгы түзүлөрү айтылды.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгы менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы бириккенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө" жарлыгына мамлекет жетекчиси Садыр Жапаров кол койгон.

Ага ылайык, президенттин иш башкармалыгы жана Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы түзүлөт.

Аталган башкармалык президенттин, Жогорку Кеңештин, министрлер кабинетинин, президенттик администрациянын жана Жогорку Кеңеш аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону жүзөгө ашырат.

150
Белгилер:
президент, Жогорку Кеңеш, Министрлер кабинети, иш, башкармалык, биригүү
Тема боюнча
Бак чуркайт! Партия номери менен дал келип, көп добуш алган талапкерлер эмне дейт?
ТЭЦ-2 аймагында жашагандардын 47,7 гектар жери мыйзамдаштырылды. Чоо-жайы
Жогорку Кеңештин вице-спикеринин орду. Архив

Бирөөнүн ордуна добуш бере албайсыңар. ЖКнын вице-спикери шайланбай калды

163
(жаңыланган 16:02 02.12.2021)
Залда 40ка чамалуу эле депутат отурган. Касымалиева ишеним каттын негизинде бирөөнүн ордуна добуш берүүгө тыюу салды.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга толук келбегендиктен вице-спикер шайланбай калды.

Аталган кызматка "Бир бол" фракциясынан Мамасадык Бакиров менен "Кыргызстан" фракциясынан Улугбек Садиков көрсөтүлгөн.

Төраганын милдетин аткарып жаткан Аида Касымалиева вице-спикерди шайлоо электрондук эмес, бюллетень аркылуу жабык добуш берүү менен өтөрүн айтты. Ошол эле учурда ал ишеним каттын негизинде бирөөнүн ордуна добуш берүүгө тыюу салды. Мындай норма Конституцияда дагы, Жогорку Кеңештин регламентинде да жок экенин белгиледи.

"Негизи 61 добуш алган талапкер вице-спикерликке шайланат. Азыр залда 40 эле депутат отурат. Анан кантип шайлоо өткөрөбүз. Андан көрө бул маселени күн тартибинен алып салалы", — деди эл өкүлү Айбек Осмонов.

Ал эми Аманкул Токтомамбетов мурда деле ишеним каттын негизинде шайлап келишкенин айтып, ошол ыкманы азыр да колдонууну сунуштады.

Ага Аида Касымалиева "мурдагыларга ошол төрагалар жооп берсин. Мен төрагалык кылып жатканда андай болбойт" деп жооп берди. Ошондой эле ал кармалган депутаттардан УКМК эмнеге бирөөнүн ордуна добуш бергенин сурап жатканын эскертти.

Белгилей кетсек, мурдагы вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев парламенттик шайлоого катышып жатканына байланыштуу кызматын тапшырып кеткен. Аны менен катар төрага Талант Мамытов дагы кызматтан убактылуу четтетилген. Учурда төраганын милдетин вице-спикер Аида Касымалиева аткарууда.

163
Белгилер:
Аида Касымалиева, вице-спикер, шайлоо, добуш берүү, ишеним кат
Тема боюнча
Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болмокчу

Өзүнө тартып, кыя өткөрбөй... Чыгыш бийинде термелген кыздар

0
  • Чыгыш бийин (танец живота) бийлеп жаткан кыз. Сүрөт 1969-жылы Египеттин Каир шаарына жакын жерде тартылган.
  • 1963-жыл. Белгилүү бийчи кыз Сохаир Закинин туристтердин алдында бийлеп жаткан учуру
  • Марокколук бий чебери Майя Дбайч үлпөт тойдо бийлеп жатат
  • Мексикалык бийчи кыздын Каирдеги фестивалда чыгыш бийин аткарып жаткан чагы
  • Майя Дбайчтин аткаруусундагы чыгыш бийи
  • Каирдеги чыгыш бийи фестивалына катышкан АКШлык конкурсанттын бийлеп жаткан чагы
  • Каирдеги отелдердин биринде өткөн шоудагы бийден бир көрүнүш
  • Россиялык бийкечтин бийи
  • Бийчи Сохаир Заки тыюу салынган костюм менен уят катары саналган көрүнүштө турат. Египеттик түшүнүк боюнча каптал жагы жырык көйнөк кийүү сексуалдуулукка азгыруу деп эсептелет.
  • Чыгыш бийи боюнча Казанда (Татарстанда) өткөн Европа чемпионатынан бир көрүнүш
Чыгыш бийи — улутка, динге, адамдын жынысына карабай көптөрдү кызыктырган, өзүнө тарткан искусствонун бир түрү. Sputnik бул сапар ар кайсы өлкөлөрдөгү бий чеберлерин сүрөт баянда сунуш кылат.

Көргөн көздү кызыктырган бул бийдин мекени Жакынкы Чыгыш деп эсептелет. Ал бир нече кылымда бүтүндөй дүйнө жүзүнө тараган. Азыркы күндө анын элүүгө чукул түрү бар деп айтылып келет.

Ал аткарылып жатканда көз салбай, кайдыгер карап, кыя өткөндөрдү кезиктирүү кыйын. Чыгыш бий дүйнөнүн башка жагынан пайда болгону менен бул кылымда тутунган динине, улутуна карабай көп мамлекеттерде эл кызыгып көргөн, кызыгып бийлеген искусствонун түрүнө айланды.

0
  • Чыгыш бийин (танец живота) бийлеп жаткан кыз. Сүрөт 1969-жылы Египеттин Каир шаарына жакын жерде тартылган.
    © AP Photo / Anonymous

    Чыгыш бийин (танец живота) бийлеп жаткан кыз. Сүрөт 1969-жылы Египеттин Каир шаарына жакын жерде тартылган.

  • 1963-жыл. Белгилүү бийчи кыз Сохаир Закинин туристтердин алдында бийлеп жаткан учуру
    © AP Photo

    1963-жыл. Белгилүү бийчи кыз Сохаир Закинин туристтердин алдында бийлеп жаткан учуру

  • Марокколук бий чебери Майя Дбайч үлпөт тойдо бийлеп жатат
    © AFP 2021 / Amir Makar

    Марокколук бий чебери Майя Дбайч үлпөт тойдо бийлеп жатат

  • Мексикалык бийчи кыздын Каирдеги фестивалда чыгыш бийин аткарып жаткан чагы
    © AFP 2021 / Patrick Baz

    Мексикалык бийчи кыздын Каирдеги фестивалда чыгыш бийин аткарып жаткан чагы

  • Майя Дбайчтин аткаруусундагы чыгыш бийи
    © AFP 2021 / Amir Makar

    Майя Дбайчтин аткаруусундагы чыгыш бийи

  • Каирдеги чыгыш бийи фестивалына катышкан АКШлык конкурсанттын бийлеп жаткан чагы
    © AFP 2021 / Khaled Desouki

    Каирдеги чыгыш бийи фестивалына катышкан АКШлык конкурсанттын бийлеп жаткан чагы

  • Каирдеги отелдердин биринде өткөн шоудагы бийден бир көрүнүш
    © AFP 2021 / Patrick Baz

    Каирдеги отелдердин биринде өткөн шоудагы бийден бир көрүнүш

  • Россиялык бийкечтин бийи
    © AFP 2021 / Patrick Baz

    Россиялык бийкечтин бийи

  • Бийчи Сохаир Заки тыюу салынган костюм менен уят катары саналган көрүнүштө турат. Египеттик түшүнүк боюнча каптал жагы жырык көйнөк кийүү сексуалдуулукка азгыруу деп эсептелет.
    © AP Photo / Aly Mahmoud

    Бийчи Сохаир Заки тыюу салынган костюм менен уят катары саналган көрүнүштө турат. Египеттик түшүнүк боюнча каптал жагы жырык көйнөк кийүү "сексуалдуулукка азгыруу" деп эсептелет.

  • Чыгыш бийи боюнча Казанда (Татарстанда) өткөн Европа чемпионатынан бир көрүнүш
    © Sputnik / Максим Богодвид

    Чыгыш бийи боюнча Казанда (Татарстанда) өткөн Европа чемпионатынан бир көрүнүш

Белгилер:
чыгыш, бий, сулуу, сүрөт, фото, Каир, искусство
Тема боюнча
Муз үстүндө чимирилип, абада айланган спортчулар. Японияда тартылган сүрөттөр
Карап эле тургуң келет! Чимириле бийлеген Валентина Шевченконун видеосу