Жогорку Кеңеш. Архив

"Ордо" партиясынын депутаттыкка талапкерлери. Тизме

220
"Ордо" партиясы башка саясий бирикмелер сыяктуу эле мыйзамга таянып, 54 талапкерди сунуштаган. Бирок БШК алардын ичинен үчөөнү каттаган жок.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрдагы шайлоого катыша турган партиялардын талапкерлеринин тизмесин жарыялады.

"Ордо" саясий партиясынан 15, 31 жана 52 номерлердеги талапкерлерди БШК каттоого алган жок. Калган 51 кишинин арасынан 21и расмий түрдө эч жакта иштебейт. Калгандары ар кыл кесиптин ээлери. Катарында эсепчилер, кароолчулар, жеке ишкананын директорлору бар.

  1. Мияров Мирбек Ибаратович, 37 жашта, "Ордо" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү;
  2. Турдалиев Айбек Чыныбекович, 43 жашта, ишкер;
  3. Рыскелдиев Нурлан Сүйүндукович, 37 жашта, "Окталион" ЖЧКсынын аткаруучу директору;
  4. Акатова Айзада Канатовна, 40 жашта, жумушсуз;
  5. Эсеналиев Куваныч Аманбаевич, 43 жашта, жумушсуз;
  6. Асанбаев Халиф Намазбекович, 36 жашта, "Окталион" ЖЧКсынын финансылык директору;
  7. Осмоналиев Каныбек Муктарканович, 41 жашта, Швейцариянын КРдеги элчилигинде кароолчу;
  8. Мурзабаева Айтбү Бусурманкуловна, 50 жашта, ОшМУнун доценти;
  9. Оморов Асыкбек Мамбетакунович, 68 жашта, Санжыра борборунун директору;
  10. Өмүракунов Жанарбек Намазбекович, 47 жашта, жумушсуз;
  11. Асаналиев Адилет Талантбекович, 36 жашта, "Айт" ЖЧКсынын директору;
  12. Шаршембаева Жамиля Бакытовна, 37 жашта, адвокат;
  13. Токтобеков Азат Өмүрбекович, 31 жашта, "Шер Гроу" ЖЧКсынын негиздөөчүсү;
  14. Зимин Игорь Викторович, 59 жашта, Санариптик инновациялар академиясынын доценти;
  15. Курманова Тамара Аблабековна, 64 жашта, жеке нотариус;
  16. Бердалиев Бакир Калимович, 41 жашта, "Түндүк электр" ишканасынын инспектору;
  17. Жантемиров Самат Белекович, 27 жашта, айылдык кеңештин депутаты;
  18. Мамбетказиев Нарис Сталбекович, 45 жашта, айылдын старостасы;
  19. Абдыллаева Гүлнара Оморовна, 62 жашта, Электроника жана телекоммуникациялар институтунун директору;
  20. Намасалиев Юруслан Бейшенкулович, 26 жашта, "РЮЗ Компани" ЖЧКсынын директору;
  21. Акматов Уларбек Алмасканович, 39 жашта, жумушсуз;
  22. Сушанло Муслим Рахимович, 49 жашта, жумушсуз;
  23. Мутешева Елена Александровна, 32 жашта, жумушсуз;
  24. Абдрахманов Уланбек Есенгельдиевич, 47 жашта, жумушсуз;
  25. Сагынбеков Бексултан Муратбекович, 30 жашта, жумушсуз;
  26. Базаров Алмазбек Бакирович, 47 жашта, ишкер;
  27. Лоба Фарида Шербаевна, 37 жашта, жумушсуз;
  28. Журумбаева Дина Орынбаевна, 47 жашта, жумушсуз;
  29. Дыйканбаев Азамат Абдилмаликович, 36 жашта, жумушсуз;
  30. Сардаров Ашырбек Айбекович, 27 жашта, жумушсуз;
  31. Жеңиш кызы Элвира, 45 жашта, Санариптик инновациялар академиясынын директорунун орун басары;
  32. Мамытов Мирлан Рысбекович, 45 жашта, жумушсуз;
  33. Султанов Максат Өмүрбекович, 36 жашта, айылдык кеңештин депутаты;
  34. Мурзакматов Кубанычбек Абылович, 33 жашта, Санариптик инновациялар академиясынын директорунун орун басары;
  35. Байсабаева Мээрим Байтурсуновна, 33 жашта, жумушсуз;
  36. Сагынбек уулу Кубан, 37 жашта, "Джи Нэт" ТМ "Boost" ЖЧКсынын директору;
  37. Нурлан уулу Элдияр, 28 жашта, "Айт" ЖЧКсында технолог;
  38. Нуржанов Мухаммед Кавланович, 30 жашта, "Нурмад Компани" компаниясынын директору;
  39. Койчуманова Чинара Жолдошбековна, 43 жашта, экономист;
  40. Токтобеков Мирлан Мурзабекович, 35 жашта, мектепте уюштуруу иштери боюнча завуч;
  41. Самаков Мирбек Нурдинович, 30 жашта, жумушсуз;
  42. Мелолю Тимур Губеевич, 33 жашта "Кыргыз темир жолу" ишканасында кароолчу;
  43. Нарботоева Айнура Токтосуновна, 53 жашта, жумушсуз;
  44. Кожогулов Нурдан Мусаевич, 67 жашта, жумушсуз;
  45. Шаршембиев Бектурган Асанович, 64 жашта, жумушсуз;
  46. Лосы Шарип Мухамедович, 38 жашта, жумушсуз;
  47. Акматжан кызы Каныкей, 26 жашта, жумушсуз;
  48. Дилдебек уулу Азизбек, 31 жашта, жумушсуз;
  49. Өмүракунова Айжан Намазбековна, 35 жашта, кредит боюнча адис;
  50. Жаныбеков Эржан Жаныбекович, 28 жашта, жумушсуз;
  51. Ткаченко Вера Сергеевна, 43 жашта, жеке компанияда эсепчи.
220
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, тизме, талапкер, шайлоо, 'Ордо' партиясы
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо (306)
Аткаминерлер. Архив

Коррупцияга каршы ишкердик кеңешке кирген аткаминерлер. Тизме

3
Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин курамынан чет элдик эки элчи жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин долбоорлорунун биринин жетекчиси чыгарылган.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Президенттин алдындагы Коррпуцияга каршы ишкердик кеңештин курамы өзгөргөндүгүн мамлекет башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Садыр Жапаров аталган кеңештин курамын өзгөртүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын алгачкы курамы туурасында башка материалдан окуса болот.

Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин курамынан төмөнкүлөр чыгарылган:

  • Айтен Рустамова — Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия боюнча аймактык директору;
  • Габриэла Геллил — Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы элчиси;
  • Оливье Бангертер — Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси;
  • Фред Хьюстон — АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин "Укук булагы" долбоорунун директору.

Жарлык менен Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин курамына төмөнкүлөр кирди:

Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин максаты — мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилердин ишин коргоо деп айтылып келет.

3
Тема боюнча
Президент салыктан бошоткон ишканаларга беш талап койду. Тизме
Нарын шаарына мэр болуп 38 жаштагы Курбанов дайындалды
Жапаров Бишкек менен беш облуска сотторду дайындады. Тизме
Вашингтондогу Капитолий имараты. Архивдик сүрөт

Путинден америкалыктар эмне күтүп, кандай коркутууларга барат?

44
Эртең, 7-декабрда, Россия жана АКШ президенттери видеобайланыш аркылуу сүйлөшөт. Аны утурлай таасирдүү Atlantic Council аналитикалык борбору Байден үчүн бүтүндөй бир сценарий түздү.

Америкалыктардын каалаганы эмне? Эң оболу Россия тезинен Украина менен чек арасынан күчтөрүн алып кетишин күтөт. Бирок алар өз өлкөсүнүн аймагында экенин Кошмо Штаттар эстен чыгарып жатышат. Ошол эле учурда украиналык күчтөр туурасында бир ооз да сөз жок. Киев өзүнүн Куралдуу күчтөрүн Донбасстан чыгарып кетүүгө милдеттенме да албайт. Виктория Никифорованын эки держава лидерлеринин эртеңки баарлашуусунун алдында жагдайды талдоосу РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Батыштын оюнда Россия Украинаны "коркутканын" токтотууга тийиш. Ал эми Украина аймагына америкалык жана британиялык аскердик базалар, жашыруун биолабораториялардын жайната курулуп, америкалыктар өндүрүштүк масштабда "Жавелиндерди" түшүрүп, НАТО өлкөлөрү да оолак карманган комплекстүү аскердик кызматташтыкка умтулуп жатканына көз жумуп коюушу керек экен. Ал тургай Россия аталган мамлекетти газ, көмүр жана башка эмнеге муктаж болсо, баары менен үзгүлтүксүз жабдууга милдеттүү деп эсептешет.

НАТОго мүчө болушун кубаттап же куру дегенде унчукпай моюн сунушун көксөшөт. Россия булардын баарын аткарса, Кошмо Штаттар Минск келишимдерин өзү кошо ишке ашырууну убада кылат. Болгону алар Минскиде кол коюлуп, Германия жана Франция тарабынан кепилденген келишимдер эмес.

Америкалык версиясында Донбассты "эл аралык зонага айлантуу" сунушталат. Республикалардын Украинанын өзгөчө макамы жөнүндөгү жана өлкөнүн тышкы саясатына вето коюу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу саясий талаптары канааттандырылбайт. ЛТР жана ДТРдин жетекчилигин толук бойдон "өткөөл учурдун эл аралык жарандык администрациясы" менен алмаштыруу болжонот.

Кошуундар куралсыздандырылып, милиция таратылат. Бул түзүмдөрдүн ордун эл аралык тынчтык орнотуучулар басат. Алардын көзөмөлүндө Донбасста шайлоо өтүп, "кесипкөй полиция" түптөлөт. Ошентип Украина-Россия чек арасындагы көзөмөл акырындап кайсы бир эл аралык тынчтык орнотуучулардын колуна өтөт. Минск келишимдеринде так жазылган шарттардын эч бири аткарылбастан, көзөмөл алардын колунан Киевге берилет.

Эгер Россия буга көнсө, Вашингтон Киевге азыраак курал берип, Россиядан санкциялардын бир бөлүгүн алууну, НАТО менен Россиянын ортосундагы өз ара аракеттешүүнү жөнгө салууну убада кылат. Ал эми Россия бул талаптарды аткаруудан баш тарта турган болсо, Украинаны курал-жарак менен жабдууну уланта берет. "Жавелиндерден" сырткары, тизмеде — абадан коргонуу жана жээктеги күзөт тутумдары, радиоэлектрондук система жана каражаттар, контрартиллериялык жана контрбатареялык радарлар бар.

НАТО күчтөрү Украинада ротациялык негизде калат, ал эми украиналык армияны "Россияны ооздуктоо" максатында тескөө түндүк атлантикалык альянстын келерки жылга карата стратегиясынын эң башкы артыкчылыгы болмокчу. Бул жаатта Франция жана Германия кандай пикирде экени эске да алынбайт.

Узак мөөнөттүү планда Россияны Батыш аныктаган "агрессиясы" үчүн санкциялар менен муунтууну улантышат. Анткен менен 2014-жылдагы санкциялар топтому да, 2019-жылдагы "тозоктон келген санкциялар" да Россиянын саясатын өзгөртө алган эмес. Буга ынанууга убакыт жетиштүү эле болду.

Жаңы экономикалык кысымдын жаңы чараларында "Газпром" жана анын "бутактары" үчүн каржылоого тыюу салуу камтылат. Ошол эле убакта Европага газ жеткирүүнү толук бөгөттөөгө жол берилбейт. Каржылык акциялардын кеңири түрү "Роснефтинин" филиалдарына каршы багытталган жана "Сургутнефтегаз" менен "Новатэкти" да курмандыкка чалуу сунушталат.

Россиянын тоо-кен өндүрүшү жана металлургиясына азырынча санкция толук масштабда коюла элек. Atlantic Council "Евраз" жана "Алрос", ошондой эле россиялык камсыздандыруучу ири "Согаз" жана "Совкомфлот" ишканасына көңүл бурууга үндөйт. Анан да, албетте, "Түндүк агым — 2" долбоорун да унуткарышкан эмес. Америкалыктардын пикиринде, бул "жаман демилге" болгон, ал эми "Россияны ооздуктоо" чарасы Германиядан аталган долбоордун ишине мораторий коюуну талап кылат.

Ошондой эле Россияны SWIFT системасынан өчүрүү сунушу кайрадан калкып чыкты. "Бул тема дале четке кагыла элек, акыркы чара болот," — деди Киевдеги америкалык мурдагы элчи Жон Хербст. "Ооба, европалык компаниялар санкциялар процессинде кыйынчылыктарга тушугат, — деп моюнга алышат америкалык аналитиктер. — Бирок путиндик агрессияга каршы турууга чечкиндүүлүк — бул Кремлди ооздуктоонун мыкты ыкмасы". Белгилүү болгондой, "биргелешкен аракеттер" деген түшүнүк Atlantic Council борборунун эң көп оозанганы.

Америкалыктардын союздаштары Франция жана Германия НАТОго Украинанын мүчөлүгүнө каршы. Европалыктар жосунсуз санкциялардын айынан россиялык газды алууда үзгүлтүктөрдөн жапа чегүүнү каалашпайт. Бул чектөөлөр Россияга караганда аталган биримдик мейкиндигиндеги экономиканы талкалоодо. Эч ким — европалыктар да, америкалыктар да, украиналыктар да Вашингтондун буйругу менен согушууну каалабайт.

Россия эртеңки баарлашууга буларга карама-каршы шарттар менен камынууда. РФ кызыл чийинди так чийгени маалым. Украина НАТОго мүчөлүккө алынбашы керек. Аймагында үчүнчү өлкөлөрдүн жалпы аскердик күчтөрү жайгаштырылбашы шарт. НАТО чыгышка карай таптакыр жайылбашы керек. Буга жазуу жүзүндөгү кепилдиктерди күтөт. Анткени оозеки макулдашуулардын баарын өнөктөштөр унуткарышканы белгилүү.

Россиялык жана америкалык президенттердин позицияларын кандайдыр жакындатылары арсар. Алардын Женевадагы кезигүүсүнөн эч майнап чыккан эмес, болгону ажырымды тереңдеткен.

Октябрда Байден эгер кокус КЭР кол сала турган болсо, Кошмо Штаттар Тайванды коргой турганын айткан. 1979-жылдан бери Вашингтон Тайванды коргоо каражаттары менен жабдууга милдеттенме алган, бирок президенттер Тайвань үчүн Кытай менен согушууну эч качан убадалаган эмес. Тайвань — Украианадан кийинки дүйнөнүн эң кооптуу жерлеринин бири. Америкалык режим аралды курал менен камсыздап, кытай агрессиясы боюнча тарыхый үгүттөөсүн жүргүзүүдө. Украина жагдайындагыдай эле Кытайга эч кандай агрессиянын зарылдыгы жок. Пекиндегилер мекендештери менен акыры тынч биригерине ишенишет. Бирок америкалыктар Украинаны Россияга кандай тукурса, Тайванды Кытайга да дал ушундай каршы багыттоодо. Эки өлкө тең "экинчи Афганистанга" айланып калуудан коркушат.

Америкалыктар Россия менен Кытай Украина менен Тайванга январь-февралда кол салуу ыктымалдыгын олуттуу түрдө талкуулоодо. Үрөйлөрү учкан тайвандыктар Байдендин сөздөрүн кунт коюу менен тыңдашат. Ал эми эртеси күнү эле Ак үй "силер туура эмес түшүнүп алдыңар, ал жөн гана тамашалады" деп жайгарып коет.

Мындай туруксуз контрагент менен сүйлөшүү кыйынчылыктарга кептейт. Бирок Владимир Путиндин көз карашынын күчү – анын орустардын да, украиналыктардын да, америкалыктардын да жана дегеле Жер жүзүнүн калкынын пикирин билдиргенинде. Бизге согуштун кереги жок! Тынч, өз ара пайдалуу кызматташтык жана өнүгүү зарыл. Бул тилектер түшүнбөстүктөргө жол бербөө үчүн жазуу түрүндө кепилденгени оң.

44
Белгилер:
Россия, Украина, АКШ, Кытай, талап, чек ара, курал, коркутуу
Тема боюнча
Аяктай турган түрү жок антироссиялык аракет: АКШ Украинаны жарга түртүүдө
АКШ эсминецтери Украина үчүн салгылашабы?