Садыр Жапаров Глазгодо Гутерриш жана Борис Жонсон менен учурашты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУлуу Британия Королдугунун жана Түндүк Ирландиянын Глазго шаарына иш сапары менен барган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жана Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен учурашты
Улуу Британия Королдугунун жана Түндүк Ирландиянын Глазго шаарына иш сапары менен барган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жана Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен учурашты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Жапаровдун саммитинин ачылыш аземине катышары күтүлүүдө. Ал эми эртең, 2-ноябрда, дүйнө лидерлеринин саммитинин пленардык жыйынында кайрылуу жасайт.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Улуу Британия Королдугунун жана Түндүк Ирландиянын Глазго шаарына иш сапары менен барган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жана Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен учурашты.
Белгилей кетсек, Жапаров Глазгодогу SEC шотландиялык көргөзмө борборуна БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин саммитине катышуу үчүн барды.
"Саммит өтө турган шотландиялык көргөзмө борборунун кире беришинен мамлекет башчысын БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алды. Аны менен кыска саламдашуудан соң, президент Садыр Жапаров менен Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон учурашты", — деп айтылат маалыматта.
Жапаровдун саммитинин ачылыш аземине катышары күтүлүүдө. Ал эми эртең, 2-ноябрда, дүйнө лидерлеринин саммитинин пленардык жыйынында кайрылуу жасайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0