Администрация Жапаров Глазгого учак жалдап кеткенин тастыктап, себебин айтты

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Мамлекет башчысы Глазгого БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндөгү алкактык конвенциясынын 26-конференциясына жана дүйнө лидерлеринин Саммитине катышуу үчүн барган.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Президенттик администрациянын маалымат кызматы өлкө башчы Садыр Жапаров баштаган делегация Глазго шаарындагы саммитке жеке учак жалдап кеткенин тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, президентти ташыган №1 борт (Ту-154) Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын техникалык нормаларына дал келбегендиктен, кыргыз тарапка мындай самолёт менен келүү мүмкүн эместиги маалымдалган.
"Улуу Британия Королдугунун жана Түндүк Ирландиянын талаптары боюнча Кыргызстандын делегациясына Глазго шаарына жеке учак менен баруу чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндөгү алкактык конвенциясынын 26-конференциясына катышат жана дүйнө лидерлеринин Саммитинде кайрылуу жасайт. Кыргыз делегациясы Глазгого кечээ, 31-октябрда, барган.
Жаңылыктар түрмөгү
0