Ишенимден чыкты. Айыл чарба министринин кармалган орун басары иштен бошотулду

© Sputnik / Асель СыдыковаИльич Марсбек уулу. Архив
Ильич Марсбек уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Аткаминерди иштен бошотуу боюнча токтомго министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров кол койгон. Октябрдын соңунда айыл чарба министринин мурдагы жана азыркы орун басарынын кармалганы тууралуу маалымат тараган.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Ильич Марсбек уулу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басарлыгынан бошотулганын министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлады.
Аткаминерди иштен алуу боюнча токтомго министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров кол койгон. Аталган чечим "Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын "ишенимди жоготту" деген негиздемеси менен кабыл алынганы айтылды.
Кармалган шектүү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Үй убадалап акчасы менен унаасын алып кеткен шылуун 6 жылдан соң кармалды
Бир нече күн мурда УКМК Айыл, суу чарба жана регионду өнүктүрүү министринин М.И. (Ильич Марсбек уулу) аттуу азыркы жана И.А.С. (Амангелди Исаев) аттуу мурдагы орун басарын кармаган.
Анда айыл чарба азыктарын сыртка экспорттоодо бир нече жыл бою атайылап тоскоолдуктарды жаратып, өз ара сүйлөшүп алган кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталган. Алардын мындай жол менен материалдык пайда көргөнү айтылган.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0