Масадыков Афганистан боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди

© Sputnik / Табылды КадырбековКоопсуздук кеңештин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков
Коопсуздук кеңештин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
Жазылуу
Таалатбек Масадыков Афганистан боюнча эл аралык конференцияда сүйлөп, Кыргызстандын позициясын айтты.
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кыргызстан талибдерди тааныбоо туурасында эмес, Афганистандын азыркы жетекчилиги менен диалогго келүү зарылдыгы жөнүндө айтып жатат деди Коопсуздук кеңештин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков эл аралык конференцияда сүйлөп жатып.
Ал эксперттердин "Афганистандагы жаңы кырдаал, Борбор Азия мамлекеттерин эмне күтүп турат" деген эл аралык конференцияга катышкан. Иш-чара Бишкек шаарында өтүп, ага Европанын жана Борбор Азиянын эксперттери чакырылган.
"Бүгүн биз эл аралык коомчулуктун көпчүлүгү катары аларды ("Талибан"* ) таануу тууралуу маселени көтөрбөйбүз жана талкуулабайбыз. Бирок биз Афганистандын азыркы өкмөтүнүн де-факто өкүлдөрү менен диалог куруунун зарылдыгы боюнча айтып жатабыз. Бул баарыбыз үчүн абдан маанилүү. Себеби дүйнөдөгү кандай гана чыр-чатак болбосун, сүйлөшүү, кепке келүү жолу менен гана чечилген", — деди Масадыков.
Өткөн жумада Масадыков бир нече күн Кабулда болуп, бир катар министрликтердин, алардын ичинде күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген эле.
Кыргызстандын Афганистандагы элчилигинин кызматкери Нурлан Орузбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Кабулда кыргызстандыктарды куткарган дипломат Нурлан: тил билгенимен аман калдык
"Жаңы көз караштан айтып коеюн, дүйнөлүк ЖМКлардын жазганы менен ал жакта эмне болуп жатканында чоң айырма бар", — деп билдирген Коопсуздук кеңештин төрагасынын орун басары.
Масадыков аны менен катар эле талибдердин бийликке келиши менен негативдүү да, позитивдүү да өзгөрүүлөр болгондугун айтты. Мисалы, Кабулда коопсуздук боюнча абал бир топ жакшырып калган, бажы алымдары 5 миллион доллардан төрт миллионго түшкөн. Бирок сырткы соода 80 пайызга ылдыйлап кеткен.
Анын айтымына караганда, бул мурдагы президенттин учурундагы коррупцияны таамай тастыктап турат. Мындан сырткары, Масадыковдун экинчи сапары учурунда аялдардын укугунун корголушу боюнча сураганда ага Кабулду аралап көрүүнү сунушташкан.
Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары шаардын чет жакасында таптакыр эле оронуп, чулганган аялдарды сейрек кездештиргендигин, алар эркектердин коштоосу жок өздөрү эле жүргөндүгүн айтып берди.
Масадыков Кыргызстан өтө бай эмес мамлекет катары Афганистанга колунан келген жардамын берип жаткандыгын айтты.
АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Талибдер Афганистанда доллар колдонууга тыюу салды
Август айынын башында "Талибан"* кыймылы Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирип, 15-августта Кабулду басып алган. Анын эртеси эле согуш токтогонун жар салышкан. Августтун акыркы эки жумасы америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Афганистанда болгон АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кеткен.
Сентябрдын башында Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектеген. Ал талибдердин биринчи жолу бийликтеги учурунда тышкы иштер министри болуп иштеп, 2001-жылдан бери Бириккен Улуттур Уюмунун санкцияларында болчу.
* — Кыргызстанда жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.
Жаңылыктар түрмөгү
0