Чек ара өткөрүү жайлары ачылабы? Кыргыз-казак өкмөт башчылары жолукту

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКырргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан "Европа биримдиги жана Борбор Азия" экономикалык форумунун алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолукту
Кырргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан Европа биримдиги жана Борбор Азия экономикалык форумунун алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
Жазылуу
Соода-экономикалык кызматташтык менен катар кыргыз жарандары үчүн Казакстандын чек ара өткөрүү пунктуларын ачуу маселелери талкууланды.
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Өлкөнүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан "Европа биримдиги жана Борбор Азия" экономикалык форумунун алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨлкөнүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан "Европа биримдиги жана Борбор Азия" экономикалык форумунун алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолукту
Өлкөнүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан Европа биримдиги жана Борбор Азия экономикалык форумунун алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
1/3
Өлкөнүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан "Европа биримдиги жана Борбор Азия" экономикалык форумунун алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолукту
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЖапаров эки өлкөнүн президенттери мамлекеттердин ортосундагы сооданын деңгээлин бир миллиард долларга жеткирүү милдетин койгонун белгиледи
Жапаров эки өлкөнүн президенттери мамлекеттердин ортосундагы сооданын деңгээлин бир миллиард долларга жеткирүү милдетин койгонун белгиледи - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жапаров эки өлкөнүн президенттери мамлекеттердин ортосундагы сооданын деңгээлин бир миллиард долларга жеткирүү милдетин койгонун белгиледи
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМамин өз кезегинде казак тарап соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Мамин өз кезегинде казак тарап соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Мамин өз кезегинде казак тарап соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
1/3
Өлкөнүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан "Европа биримдиги жана Борбор Азия" экономикалык форумунун алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолукту
2/3
Жапаров эки өлкөнүн президенттери мамлекеттердин ортосундагы сооданын деңгээлин бир миллиард долларга жеткирүү милдетин койгонун белгиледи
3/3
Мамин өз кезегинде казак тарап соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Жапаров эки өлкөнүн президенттери мамлекеттердин ортосундагы сооданын деңгээлин бир миллиард долларга жеткирүү милдетин койгонун белгиледи.
"Быйыл соода жүгүртүүнүн ырааттуу түрдө өсүүсү, инвестиция тартууда оң тенденция, эки тараптуу байланыштын активдешкени байкалды. Бирок ошого карабастан, өз ара соодада болгон потенциал ишке ашырыла элек. Кыргызстан Казакстандан инвестиция тартууга кызыкдар", – деген ал.
Мамин өз кезегинде казак тарап соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Жолугушууда тараптар соода-экономикалык, агрардык жана энергетикалык тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
"Тараптар Казакстандан электр энергиясын жеткирүү жана анын аймагы аркылуу электр энергиясын транзиттөө маселелерин талкуулашты. Бул маселелерди иштеп чыгуу боюнча тиешелүү министрликтердин жетекчилерине тапшырмалар берилди", — деп белгиленет билдирүүдө.
ТИМ башчысы Руслан Казакбаев Кыргызстанга расмий сапары менен келген Индиянын Тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Кыргызстан Индия өкмөтүнөн 200 млн. доллар кредит алууну макулдашты
Жолугушууда дүң-бөлүштүрүү борборлорун куруу, казакстандык инвестицияларды тартуу менен өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Ысык-Көлдө казакстандык пансионаттардын иштеши боюнча маселелер каралды.
Мындан тышкары, коронавирус инфекциясына каршы вакцина алган Кыргызстандын жарандары үчүн Казакстандын чек ара өткөрүү пунктуларын ачуу маселелери талкууланды. Бул маселелерди эки республиканын тармактык министрликтери карап чыгышат.
Жапаровду Мамин ноябрь айында Астана шаарында өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0