Бишкек Карабах согушун 26 жылга токтоткон. Баку — Ереван тирешинин белгисиз тарабы

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов Киргизской ССРКыргызстандын президенти Аскар Акаев Россия өлкө башчысы Борис Ельцинди “Манас” аэропортунан тосуп жаткан учуру. Бишкек, 1991-жыл
Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Россия өлкө башчысы Борис Ельцинди “Манас” аэропортунан тосуп жаткан учуру. Бишкек, 1991-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
Жазылуу
Тоолуу Карабах үчүн Азербайжан жана Армениянын ортосунда тутанган согуш акыры Бакунун жеңиши менен аяктады. Ал эми 27 жыл мурун Бишкекте Армения, Азербайжан жана таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын ортосунда тынчтык жөнүндө келишимге кол коюлган.
Армения жана Азербайжандын ортосунда Тоолуу Карабах аймагы үчүн чыр 1988-жылы 20-февралда башталып, 1991-жылы 14-декабрда эки союздук республика бири-бирине ок атышат. Ошол жылдан баштап Россия, Кыргызстан жана КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы эки өлкөнү элдештерүү боюнча аракет көрө  баштайт. Сүйлөшүүлөр, уюштуруу иштери үч жылга уланат. Акыры 1994-жылы 5-майда Бишкекте Армения, Азербайжан жана таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын ортосунда тынчтык жөнүндө келишимге кол коюлган.
Кыргызстан элине ыраазымын. Рахмондун оппозициясы менен Бишкекте элдешкен видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Кыргызстан элине ыраазымын. Рахмондун оппозициясы менен Бишкекте элдешкен видеосу
Быйыл 25-мартта жогорудагы тарыхый процесстин белгисиз барактары тууралуу колумнист Алмаз Батилов Кыргызстандын туңгуч ажосу Аскар Акаев менен Москва шаарында Россия Илимдер академиясынын окумуштууларынын борбордук үйүндө жолугуп маектешкен. Автор белгилүү опера ырчысы Алмаз Истамбаевге бул маекти уюштуруп бергенине терең ыраазычылык билдирет.
— Армения жана Азербайжанды бир ымалага келтирүү боюнча алгачкы кадамдар кандай болду эле?
— 1991-жылы апрелден баштап июнга чейин советтик республикалардын башчылары Москва шаарында СССРдин президенти Михаил Горбачёвдун кеңсесинде жаңы союздук келишим түзүү боюнча такай чогулуп турганбыз. Анда Советтер Союзунун ичинде болуп жаткан көйгөйлөрдү сөзсүз талкуулачубуз. Тоолуу Карабахтагы Азербайжан жана Армениянын ортосундагы согушту токтотуу боюнча да сөз болчу. Михаил Сергеевич да бул көйгөйгө аябай көңүл бурчу. Россия жетекчиси Борис Ельцин менен Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаевди Тоолуу Карабахтагы кандуу тирешти токтотууга жибергени эсимде. Алар эки тарапты элдештирүү боюнча эки ай иштеди, Азербайжан, Армения жана Тоолуу Карабахка барып, абалды жеринен көрүштү.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов Киргизской ССРКыргызстан парламентинин төрагасы Медеткан Шеримкулов КМШ өлкөлөрүнүн Парламент аралык ассамблеясынын жыйынында сүйлөп жаткан учуру. Бишкек, 1992-жыл
Спикер парламента Медеткан Шеримкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кыргызстан парламентинин төрагасы Медеткан Шеримкулов КМШ өлкөлөрүнүн Парламент аралык ассамблеясынын жыйынында сүйлөп жаткан учуру. Бишкек, 1992-жыл
Ошол учурда Азербайжандын биринчи ажосу Аяз Муталибов менен мамилем жакшы болчу. Ал Бишкекте Тоолуу Карабахтагы согушту токтотуу үчүн эки өлкөнүн парламент өкүлдөрүнүн жолугушуусун уюштуруп берүүмдү өтүнүп кайрылды. Мен дароо макул болдум. Демилгемди Кыргызстандын парламенти да колдоду. Ал кезде парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов эле. Жаңжалдашкан эки республиканын аткаруу бийлиги Москва жана Алматы менен тыгыз кызматташчу, ошондуктан жолугушууну бейтарап болгон Кыргызстанда уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Белгилей кетчү жагдай, ноябрь айында Советтер Союзунун башчысы Михаил Горбачев Кыргызстанга келген. Аэропорттон түз эле Чыңгыз Айтматов менен Кемин районуна барган эле. Максаты Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан жерди бөлүштүрүү боюнча реформанын тажрыйбасын көрүү болчу. "Силердин тажрыйбаңарды бүткүл Союзга жайылтуу керек" деп Михаил Сергеевич ыраазы болуп, Москвага учуп кеткен. Анын бул расмий иш сапары СССР боюнча эң акыркы болду. Декабрь айынын аягында Советтер Союзу ыдырап, Горбачев тактыдан түштү. Буга карабастан биз үч жылдын ичинде жогоруда сөз болгон кезигүүнү уюштуруш үчүн бардык даярдыктарды көрдүк. 1994-жылы май айынын башында Бишкекке Азербайжан, Армения жана таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын өкүлдөрү келишти.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов Киргизской ССРАзербайжан ССРнин мамлекетттик камсыздоо комитетинин башкармалык башчысы А.Азимов жана Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов эки республиканын ортосунда кызматташуу тууралуу келишимге кол коюу учурунда. Фрунзе, 1990-жыл
Глава комитета государственной безопасности Азербайджана А.Азимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Азербайжан ССРнин мамлекетттик камсыздоо комитетинин башкармалык башчысы А.Азимов жана Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов эки республиканын ортосунда кызматташуу тууралуу келишимге кол коюу учурунда. Фрунзе, 1990-жыл
— Ошол сүйлөшүүнүн учурунда армян менен азербайжан депутаттары бири-бири менен мушташкан деген сөздөр айтылып жүрөт. Чын-төгүнүн билсек.
— Ооба. Мага бул мушташ тууралуу айтышкан. Эки делегациянын ичинде кызуу кандуу депутаттар болгон. Анын үстүнө алардын арасында Тоолуу Карабахта тынчтык орношуна кызыкдар эмес ишмерлер да бар болчу. Булар отко кайрадан май чачып, жогорудагы кызуу кандуу депутаттарды тукуруп, Бишкектеги сүйлөшүүдө ушундай көрүнүш болду. Бирок пикир келишпестикке карабастан, 5-майда Азербайжан, Армения жана таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын өкүлдөрү тынчтык жөнүндө протоколго кол коюшту. Бул протоколдо 8-майдан 9-майга караган түнү каршы тараптар ок атканды токтотуп, бир сөзгө келели деген чакырык болгон. 9-майда тынчтык жөнүндө келишимге Азербайжандын коргоо министри Мамедрафи Мамедов, 10-майда Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн жетекчиси Серж Саргсян, 11-майда таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын армиясынын колбашчысы Самвел Бабаян кол коюшкан. Ошентип Тоолуу Карабахта армян менен азербайжан элинин ортосунда 26 жылга кан төгүү токтоду.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов Киргизской ССРАрмениянын президенти Левон Тер-Петросяндын Кыргызстанга расмий иш-сапары менен келиши. "Манас аэропорту, 1993-жыл
Визит президента Армении Левона Тер-Петросяна в Бишкек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Армениянын президенти Левон Тер-Петросяндын Кыргызстанга расмий иш-сапары менен келиши. "Манас аэропорту, 1993-жыл
— Кийинки мамиле кандай болду?
— Андан кийин Армениянын президенти Левон Тер-Петросян Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип, бизде жүргүзүлгөн жер реформасы боюнча тажрыйбаны көргөн. Азербайжан менен согуштун айынан Армения блокадада калган эле. Ереван кыска убакыттын ичинде жер реформасын жасап, азык-түлүк каатчылыгын чечүүгө умтулган. Бишкекте өткөн парламент аралык жолугушуу эки өлкөнүн ортосунда тынчтык орнотту деп Левон Акопович ыраазычылыгын билдирген.
Рустам Раджапов жубайы Татьяна менен Душанбе шаарындагы Бакыт үйүндө экөө баш кошкону жөнүндө күбөлүккө кол коюп жаткан учур - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
"Тажикстандыктардын көбү Кыргызстанга качып аман калган". Жарандык согуштун каары
Менин пикиримде, постсоветтик Армениянын башчыларынын арасында Тер-Петросян эң чыгааны болчу. Тилекке каршы, андан кийинки президенттер Тоолуу Карабахта согушту улантуу керек деген көз карашта болушту. Мындай иш-аракеттин натыйжасында көйгөй туңгуюкка кептелип, быйыл Армения менен Азербайжандын ортосунда кайрадан согуш болуп кан төгүлдү.
Аскар Акаев буга чейин Кыргызстандын Тажикстандагы жарандык согушту токтотууга кошкон салымы тууралуу кенен айтып берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0