Жапаров Түркмөнстан менен газ алуу, өнүктүрүү фондун түзүүнү талкуулады

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Чары Гылыджов менен жолугушуу учурунда
Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Чары Гылыджов менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Жазылуу
Жапаров Кыргызстан Түркмөнстандын инвесторлору менен кызматташуу жана өз ара товар жүгүртүүнү жогорулатуу боюнча биргелешкен аракеттер үчүн ар дайым ачык экенин айткан.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Чары Гылыджов менен жолугуп, кыргыз-түркмөн фондун түзүү тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жолугушуу Бишкекте өткөн "Европа биримдиги — Борбордук Азия" биринчи экономикалык форумунун алкагында өткөн.
Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
Жапаров Өзбекстандын премьери Арипов менен электр энергиясын алууну сүйлөштү
Жапаров Кыргызстан Түркмөнстандын инвесторлору менен кызматташуу жана өз ара товар жүгүртүүнү жогорулатуу боюнча биргелешкен аракеттер үчүн ар дайым ачык экенин айткан. Ошондой эле ал энергетикалык кызматташуу жаатында Кыргызстанга ташылып жаткан түркмөн электр энергиясынын маанилүүлүгүн белгилеген.
Сүйлөшүүлөр алкагында биргелешкен кыргыз-түркмөн фондун түзүү, ошондой эле транспорттук-логистикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттешүү маселеси талкууланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0