Кожошев Россиянын элчиси менен билим берүү мекемелерин куруу тууралуу сүйлөштү

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуу учурунда
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана энергетикалык тармакта өз ара аракеттенүү тууралуу кеп болгон.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, анда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана энергетикалык тармакта өз ара аракеттенүү тууралуу кеп болгон.
"Кыргызстан Россия менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар. Өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы катары анын ишин активдештирүүгө жана эпидемиологиялык абалды эске алуу менен өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги кеңешмесин өткөрүүгө даярмын", — деди Кожошев.
Тараптар илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтип, Кыргызстанда жалпы билим берүү уюмдарын куруу маселесине да токтолушкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0