Аскерлер. Архив

Коргоо министри Тажикстан менен жазындагы кагылышты ким токтотконун айтты

1114
(жаңыланган 16:05 12.11.2021)
Министр тажик тараптан канча жоготуу болгонун билүү үчүн жергиликтүү калктан сураш керектигин сунуштады.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Жазында Тажикстан менен чектешкен аймактагы куралдуу кагылышты армия гана токтотуп калды. Бул тууралуу коргоо министри Бактыбек Бекболотов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Министр алгач ЖМК жана коомчулукта кайсы тарапта көп жоготуу болду, ким жеңилди деген талкуу жүрүп жатканына токтолду.

"Негизи куралдуу кагылышуу же бардык масштабдагы жаңжалда жоготуулар болот. Биз аскердик уюм катары согуштагы жоготуулар тууралуу маалыматты ачыктай албайбыз. Биз ал күндөрү үчөөнү — эки офицер, бир прапорщикти жоготконубузду гана айта алам. Эгер бизге каршы чыккан тараптан канча жоготуу болгонун билгиңиздер келсе, ошол аймактарга барууга кеңеш берер элем. Жергиликтүү калктан алда канча көбүрөөк маалымат ала аласыздар. "Биз ал жерде жеңилип калдык" деп айтышууда... Кээ бир жерде ал убакта Кыргызстандын армиясы эмне кылып жүрдү деген кептер чыккан. Видеосюжеттерди, кадрларды караңыздар, жаңжалды бир гана армия токтотту. Жергиликтүү тургундар биз кандай иштерди жасаганыбыздын баарын айтып берет", — деди министр.

Ошондой эле ал согушту баштоо оңой, бирок токтотуу кыйын экенин баса белгиледи. Коргоо министри өлкө чек арасын жана калктын коопсуздугун камсыздоого армиянын аскердик техникалары жана жоокерлери бар экенине ишендирди.

Бүгүн, 27-октябрда, Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилери баштаган делегация жолугушту
© Фото / пресс-служба полпредства президента в Баткенской области
Бекболотов УКМКнын линиясы аркылуу сатып алынган аскердик техникалар мамлекеттин коопсуздугун камсыздоого багытталганын кошумчалады. Ал эми канча учкучсуз аппарат сатып алынганын айтуудан баш тартты.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын апрель айында "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайынан чыккан чыр куралдуу кагылышууга алып келген. Анын кесепетинен 36 кыргызстандык набыт болуп, 200 жаран жабыркаган. 300дөй турак жай менен социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган. Тажикстан 19 киши каза таап, 87 киши жаракат алганын айткан. Кыргызстандын башкы прокуратурасы бул окуяны Тажикстандын аскерлери жана бандиттик түзүмдөрүнүн куралдуу кол салуусу деп баалаган.

1114
Белгилер:
Кыргызстан, Тажикстан, Бактыбек Бекболотов, армия, кол салуу
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (320)
Тема боюнча
Казакбаев: кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт жоюлду деп айтууга эрте
Дайындоодо ката кеткен. Кыргызстан ЖККУдагы өкүлүн чакыртып алды
Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясы

Шайлоого байкоо салчу КМШ өлкөлөрүнүн депутаттары ишин баштады

8
(жаңыланган 12:16 27.11.2021)
28-ноябрь күнү Кыргызстанда аралаш система менен парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Кыргызстандыктар 54 депутатты партиялык тизме, 36сын бир мандаттуу округ аркылуу шайлайт. Элдин добушун алуу үчүн 21 партия, 287 талапкер жарышка чыккан.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Өзбекстан Олий Мажлис Сенатынын депутаты Кутбидин Бурханов башында турган байкоочулар тобунун парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзүү иштерин баштады.

  • К краткосрочному мониторингу выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызстана приступила группа международных наблюдателей от Межпарламентской ассамблеи СНГ. 27 ноября 2021 года
    Бүгүн Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Өзбекстан Олий Мажлис Сенатынын депутаты Кутбидин Бурханов башында турган байкоочулар тобунун парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзүү иштерин баштады
    © Фото / пресс-служба Межпарламентской Ассамблеи СНГ
  • К краткосрочному мониторингу выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызстана приступила группа международных наблюдателей от Межпарламентской ассамблеи СНГ. 27 ноября 2021 года
    Мониторингдин алкагында талапкерлигин коюп жаткан саясий партиялардын лидерлери менен жолугушуулар болуп өттү
    © Фото / пресс-служба Межпарламентской Ассамблеи СНГ
1 / 2
© Фото / пресс-служба Межпарламентской Ассамблеи СНГ
Бүгүн Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Өзбекстан Олий Мажлис Сенатынын депутаты Кутбидин Бурханов башында турган байкоочулар тобунун парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзүү иштерин баштады

Мониторингдин алкагында талапкерлигин коюп жаткан саясий партиялардын лидерлери менен жолугушуулар болуп өттү.

Маектешүү учурунда ар бир лидер шайлоо, үгүт иштери, программасы боюнча байкоочулар менен пикир алышты.

Делегациянын курамына Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан парламентинин депутаттары кирген. Ошондой эле ассамблея кеңешинин катчылыгынын өкүлдөрү, Жарандардын шайлоо укуктарын сактоону, парламентаризмди, демократияны өнүктүрүү эл аралык мониторинг институтунун эксперттери да бар. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын каттоосунан жалпы 75 байкоочу өткөн. Алар Жогорку Кеңештин төрагасы тарабынан чакырылган.

Эске салсак, эртең, 28-ноябрь күнү, Кыргызстанда аралаш система менен парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Кыргызстандыктар 54 депутатты партиялык тизме, 36сын бир мандаттуу округ аркылуу шайлайт. Элдин добушун алуу үчүн 21 партия, 287 талапкер жарышка чыккан.

8
Белгилер:
Кыргызстан, Жогорку Кеңешке шайлоо, шайлоо, байкоочу
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Бүгүн Кыргызстанда "жымжырт күн", үгүт иштери токтотулду
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады  
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров

Акылбек Жапаров алгачкы жолу электрондук документке кол коюп, аткарууга жөнөттү

25
(жаңыланган 11:34 27.11.2021)
Бул системаны ишке киргизүү кагаз менен иштөө процессин жоюуну тездетет, документ жүгүртүү процессинин ыкчамдуулугун жана эффективдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи жолу электрондук санариптик кол тамгасы бар документтерге кол коюп, Infodocs тутуму аркылуу аткарууга жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Председатель кабинета министров Акылбек Жапаров впервые подписал документы электронной подписью и направил на исполнение посредством системы электронного документооборота Infodocs (СЭД). 27 ноября 2021 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи жолу электрондук санариптик кол тамгасы бар документтерге кол коюп, Infodocs тутуму аркылуу аткарууга жөнөттү

Мындай жол менен "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруунун алкагында электрондук документ жүгүртүү тутуму ишке киргизилди.

"Бул системаны ишке киргизүү кагаз менен иштөө процессин жоюуну тездетет, документ жүгүртүү процессинин ыкчамдуулугун жана эффективдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат. Ошондой эле кызматтык кат алышуу процесстерин жөнөкөйлөтөт. Борборлоштурулган системанын артыкчылыктарынын бири мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө баа берүү жана мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда 853 мамлекеттик органда, аларга караштуу ведомстволук жана аймактык түзүмдөрдө электрондук документ жүргүзүү (ЭДТ) ишке киргизилген. Аны пайдалануучулардын саны мамлекеттик жана муниципалдык органдарды кошкондо 32 миң кызматкерди түзөт. Тутум ишке киргизилгенден бери 2 миллион 161 миң документ катталган.

25
Белгилер:
Кыргызстан, өкмөт, санариптештирүү, документ, Акылбек Жапаров
Тема боюнча
Акылбек Жапаров: жөлөк пулдун айрым түрү жаңы жылдан тарта 200%га жогорулайт