Жапаров Стамбулдагы саммитте Түрк инвестициялык фондунун Бишкекте болушун сунуштады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров Стамбул шаарында
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Стамбул шаарында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Президент фондуну Кыргызстандын борборуна жайгаштыруунун финансылык гана эмес, саясий да мааниси бар экенин белгилеген.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Стамбулдагы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК)  VIII саммитинде сүйлөп жатып, Түрк инвестициялык фондун Бишкек шаарына жайгаштырууну сунуштады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, Жапаров Стамбул шаарындагы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешине мүчө болгон жетекчилердин саммитине катышты.
Стамбулда ТМКК Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын ачылышы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Стамбулда түрк тилдүү мамлекеттердин катчылыгынын жаңы кеңсеси ачылды. Сүрөт
Мамлекет башчы Түрк тилдүү мамлекеттердин уюму саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, социалдык-гуманитардык маселелерди талкуулоо менен бирге өз ара карым-катнашты жана байланыштарды өркүндөтүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ача турганын айтып, эл аралык аренада мыкты платформа болуп берет деген ишенимин билдирген.
"Азыркы экономикалык каатчылыктан бири-бирибизге жөлөк болуп, бир-бирибизге колдоо көрсөтүү аркылуу гана чыгып кетерибизге ишенич чоң. Түрк инвестициялык фонду өз ара экономикалык мамилелерибиздин реалдуу инструментине айланып, эки жана көп тараптуу долбоорлорду ишке ашыруунун механизми катары чоң ролду ойнойт. Аны Кыргызстанга жайгаштыруу Түрк кеңешинин миссиясына толугу менен жооп берет. Өлкөбүздө түрк уюмдарынын жоктугун эске алып, бул финансылык институтту Бишкекке жайгаштырууну ылайык көрөбүз. Урматтуу мамлекет башчылары, сиздерден Кыргызстандын бул багыттагы позициясын колдоп коюуңуздарды өтүнөм", — деди Жапаров.
Президент фондуну Кыргызстандын борборуна жайгаштыруунун финансылык гана эмес, саясий да мааниси бар экенин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0