Навои атындагы эл аралык сыйлык болот. Түркияда кол коюлган документтердин тизмеси

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТүрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңеши (ТМКК) желектери
Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңеши (ТМКК) желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Иш-чарада мамлекет башчылар Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүү чечимин кабыл алышкан.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешине (ТМКК) мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинде бир нече документке кол коюлганын билдирип, алардын тизмесин жарыялады.
Ошондой эле иш-чарада Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн лидерлери Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүү чечимин кабыл алышкан.
"Мындай чечим уюмдун макамын жогорулатуу максатында, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши түзүлгөндөн бери жетишилген прогрессти эске алуу менен кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.
Түрк кеңеши өлкөлөрүнүн лидерлери кол койгон документтер:
  • Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин аталышын Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүү жөнүндө чечим;
  • Түрк мамлекеттер уюмунун сегизинчи саммитинин декларациясы;
  • Түркмөнстанга Түрк мамлекеттер уюмунда байкоочу макамын берүү жөнүндө чечим;
  • Түрк дүйнөсүнүн 2040-көз карашын кабыл алуу жөнүндө чечим;
  • Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн Түрк мамлекеттер уюмунун Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгы жөнүндө чечим;
  • Түрк мамлекеттер уюмуна өнөктөш макамын белгилөө жөнүндө чечим;
  • Түрк мамлекеттер уюмунун ардактуу төрагасынын укуктарын жөнгө салуу жөнүндө чечим;
  • Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчылыгынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө чечим;
  • Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басарларын дайындоо жөнүндө чечим;
  • Түрк мамлекеттеринин уюмунун Түрк инвестициялык фондун түзүүнү жыйынтыктоо жөнүндө чечим.
Жаңылыктар түрмөгү
0