Абдырахман Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматынын директорлугунан бошотулду

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев
Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Абдырахман Маматалиев буга чейин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты жана күч блогун жөндөгөн вице-премьер болуп да иштеген.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Абдырахман Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматынын директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ал аталган кызматты 2020-жылдын октябрь айынан бери аркалап келди.
Абдырахман Маматалиев Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты жана күч блогун жөндөгөн вице-премьер болуп да иштеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0