Президент Садыр Жапаров. Архив

"Факты бер" деп отурбайбыз. Жапаровдун коррупция менен күрөшүү тууралуу айтканы

402
(жаңыланган 13:08 16.11.2021)
Жапаров адам өлтүрүү учурларын журналисттер менен блогерлер кандай резонанс менен жазса, коррупциялык фактылар андан он эсе ызы-чуу менен берилиши керектигин айткан.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров азыркы бийлик коррупция боюнча маалымат түшсө мурдагыдай болуп факт бергиле деп сурап отурбай дароо чара көрөрүн айтты. Мамлекет башчы адам өлтүрүү учурларын журналисттер менен блогерлер кандай резонанс менен жазса, коррупциялык фактылар андан он эсе ызы-чуу менен берилиши керек.

"Биз мурункудай факт бер деп отурбайбыз. Далилдеп бересиңерби, ошол замат чечим кабыл алабыз. Бир күн да создуктурбайбыз", — деди Жапаров.

Ал өлкөдөгү 30 жылдан берки иштерге аудит жүргүзүү керек деген сунуш боюнча тиешелүү органдар иштеп жатканын кошумчалаган.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков бажы тармагындагы коррупциялык иштер тууралуу журналисттердин иликтөөсүнө комментарий берип жатып "факты бергиле" деген. Кийин өзү анын себебин түшүндүргөн.

402
Белгилер:
Садыр Жапаров, президент, факты, коррупция
Тема боюнча
Президент Жапаров: коррупция жөнүндө кабарлаган адамдарга сый акы берилиши керек
Жапаров: коррупциялык иштерди Башкы прокуратуранын атайын башкармалыгы тергейт
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив

Эртең Жогорку Кеңеш үч депутаттын кол тийбестигин алуу маселесин карайт

8
(жаңыланган 17:19 30.11.2021)
27-ноябрда дагы эл өкүлдөрүнүн кол тийбестигин алуу боюнча ЖКнын кезексиз жыйыны пландалып, кворум жоктугунан өтпөй калган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары эртең, шаршемби күнү, жыйынга чогулат. Бул тууралуу маалымат парламенттин сайтына жүктөлдү.

Жыйын саат 10:00дө башталат. Күн тартибине ЖК депутаттары Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду, Бакыт Жетигеновду кол тийбестик укугунан ажыратуу маселеси киргизилген. Башкы прокурор Курманкул Зулушев аталган эл өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Анын сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлөт.

Мындан башка дагы 10го чукул мыйзам долбоорлору каралары күтүлүүдө.

Буга чейин 27-ноябрда дагы эл өкүлдөрүнүн кол тийбестигин алуу боюнча ЖКнын кезексиз жыйыны пландалып, кворум жоктугунан өтпөй калган.

Белгилей кетсек, Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында. Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.

8
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, жыйын, шайлоо, кол тийбестик
Тема боюнча
Атамды тынч койгула! Жапаров ага акаарат келтирген жарандарга жооп берди
Митингчилер. Архив

Таласта Дастан Жумабековдун шайланышына каршы болгондор митингге чыкты

55
(жаңыланган 16:49 30.11.2021)
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, Жумабеков атаандашы Назарбековдон 125 добуш айырма менен алдыда баратат.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Талас облусунун Кара-Буура районунда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон адамдар митингге чыкты.

Алар Кызыл-Адыр айылына чогулуп, №20 Манас шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Дастан Жумабековдун утуп чыгышына каршылыгын билдиришүүдө. Топтолгондор Жумабековду добуш сатып алууга күнөөлөп жатышат. Ошондой эле шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтышты.

Чогулгандар ушул эле округдан талапкерлигин койгон Мирлан Назарбековдун тарапташтары.

№20 Манас шайлоо округунда учурда бюллетендердин 96,41 пайызы кол менен эсептелип бүттү. Анда Жумабеков 13 171 добушка ээ болуп алдыда баратат. Ал эми Назарбеков элдин 13 046 добушу менен экинчи орунда турат.

55
Белгилер:
Дастанбек Жумабеков, Талас облусу, митинг, каршылык, шайлоо
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат. Видео