Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешев. Архив

УКМК суракка чакырылган талапкер Дастан Бекешев боюнча маалымат таратты

347
(жаңыланган 15:41 16.11.2021)
Сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын көчүрмөлөрү тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилери айтылды.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешев кечээ, 15-ноябрда, УКМКга сурак берип чыкты.

Ал эми бүгүн, 16-ноябрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул боюнча расмий маалымат таратты. Ага ылайык, Бекешев Жазык кодексинин 194-беренесинде каралган "Шайлоону же референдумдарды өткөрүүдө каражатты мыйзамсыз пайдалануу" боюнча шайлоо мыйзамын бузган.

"Дастан Бекешевдин шайлоо фондундагы каражаттан тышкары келишим түзбөстөн үгүтчүлөргө акча төлөнгөндүгү аныкталды. Мындан сырткары, 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр талапкердин үгүт иштерин жүргүзгөн. Бул Конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузгандык", — деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ошол эле учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын көчүрмөлөрү тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилери айтылды.

Ал эми депутаттыкка талапкер Бекешев мындай айыптоолорду четке кагып, окуя боюнча пикирин өзүнүн Telegram каналына жарыялады.

"Шайлоо фондунан тышкаркы каражатка айлык төлөдү деген болбогон кеп. Мен фонд үчүн үч миллиондон бир аз ашык акчаны эптеп чогултсам, шайлоо фондуна кирбеген каражатты кайдан таап, айлыктарды кантип төлөмөк элем? Бул ойго келбеген нерсе да. Алар андан көрө бюджети 20 миллион сомго жеткен менин оппоненттеримди текшерсе болмок. Мен болбогон акчам менен жакшы шайлоо өткөрүүгө аракет жасап жатам", — деди Бекешев.

Ал ошондой эле УКМКнын аракетин административдик ресурс катары баалай турганын кошумчалады.

347
Белгилер:
Кыргызстан, Жогорку Кеңеш, Дастан Бекешев, шайлоо, мыйзам, үгүт, БШК
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021 (278)
Тема боюнча
Соттолуп кетесиңер! Садыр Жапаров элди добушун сатпоого чакырды
Партия лидерлери качан жана ким менен теледебатка чыгары аныкталды
Аткаминер. Иллюстративдик сүрөт

"Ынтымактан" депутат болуп келчүлөрдүн эмне бизнеси бар. Тизме

15
(жаңыланган 10:22 01.12.2021)
АСУнун маалыматы боюнча, "Ынтымак" партиясы шайлоочулардын 10,95 пайыз добушун алып, 9 мандатка ээ болот. Sputnik болочок эл өкүлдөрүнүн бизнеси тууралуу материалдар түрмөгүн жарыялап турмакчы.

Sputnik Кыргызстан агенттиги тизмени Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча түздү. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы протоколдор кол менен саналган соң белгилүү болорун эскертмекчибиз.

"Ынтымак" партиясындагылардын ичинен эң көп добуш алган Эрулан Көкүловго эч бир компания, фирма катталган эмес.

Шарапаткан Мажитова жүргүнчү ташыган "Ажы Акпар", май куюучу жайлары бар "Абдымажит Ажы Ата", кен казган "Алтын-Булак компани", курулуш менен алектенген "Модерн Стиль", көмүр казган "Эр-Ислам" жана "Джаунг Хва Майнинг Сары-Бээ", соода-сатык менен алектенген "Кыргыз жаңгак" болуп жалпы жети ишканага ээлик кылат.

Кандидат в депутаты ЖК от партии Ынтымак Шарапаткан Мажитова
© Фото / пресс-служба партии "Ынтымак"
Шарапаткан Мажитова

Мажитова андан сырткары "Асыл Аманат демилгеси", "Энелер соту", Кара-Суу базарынын жеке ишкерлеринин "Ишкер" коомдук бирикмесин жетектеп келет.

Юстиция министрлигинин порталында Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовго да бир дагы компания же ишкана катталган эмес.

Бакыт Тентишевге да расмий эч нерсе катталган эмес. Ал президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдин уулу.

ЖКга эл өкүлү болуп келчү Мурадил Сыдыковдун "MS BUILDING" аталышындагы курулуш компаниясы, жүк ташыган "NuriS-KG" ЖЧКсы бар.

Кандидат в депутаты ЖК от партии Ынтымак Мурадил Сыдыков
© Фото / пресс-служба партии "Ынтымак"
Мурадил Сыдыков

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Марлен Маматалиев "Жалын" жаштар кыймылын, "Ынтымак" саясий партиясын жетектейт.

Кандидат в депутаты ЖК от партии Ынтымак Марлен Маматалиев
© Фото / пресс-служба партии "Ынтымак"
Марлен Маматалиев

Расмий булактарда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Балбак Түлөбаевдин атына эч нерсе катталган эмес.

Ал эми Исатбек кызы Аида "Нурс Мебель" фирмасын башкарып келет.

Кандидат в депутаты ЖК от партии Ынтымак Аида Исатбек кызы
© Фото / пресс-служба партии "Ынтымак"
Аида Исатбек кызы

Лейла Лурова "LBS milk production" жоопкерчилиги чектелген коомун Марат Осмонов экөө ачкан.

Кандидат в депутаты ЖК от партии Ынтымак Лейла Лурова
© Фото / пресс-служба партии "Ынтымак"
Лейла Лурова
15
Белгилер:
Кыргызстан, 'Ынтымак' партиясы, депутат, бизнес
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
"Ата-Журт Кыргызстандан" келчү депутаттардын бизнеси: ломбард, май куюучу жайлар
"Ишенимден" келчү депутаттардын бизнеси: базар, микрокредиттик компаниялар
Шайлоо-2021: бир мандаттуу округ боюнча кол менен саноонун алдын ала жыйынтыгы
Шайлоо участкасында аял добуш берип жатат

7 партия босого чектен өтүүдө. Добуштардын 30 пайызы кол менен саналып бүттү

1899
(жаңыланган 23:02 30.11.2021)
Саат 20:30га карата 759 шайлоо тилкесинде бюллетендер эсептелип, протоколдор БШКга жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 30,43 пайызы кол менен саналып бүттү. Бул тууралуу Боршайкомдун бюллетендерди эсептөөнү онлайн режиминде көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg порталында маалымдалат.

Саат 20:30га карата 759 шайлоо тилкесинде бюллетендер саналып бүтүп, протокол жөнөтүлгөн. Бул 323 376 жарандын тандоосу ачыкталганын түшүндүрөт. Жалпысынан шайлоого 1 273 557 кыргызстандык катышкан.

Азырынча төмөнкү партиялар беш пайыздык босого чектен өттү:

  1. "Ата-Журт Кыргызстан" — 14.58 пайыз;
  2. "Ынтымак" — 14.06 пайыз;
  3. "Ишеним" — 11.97 пайыз;
  4. "Ыйман нуру" — 7.41 пайыз;
  5. "Альянс" — 7.09 пайыз;
  6. "Эл үмүтү" — 5.85 пайыз;
  7. "Бүтүн Кыргызстан" — 5.69 пайыз.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Партия тизмеси боюнча беш пайыздык босогодон алты партия өттү. Бир мандаттуу округ боюнча да алдын ала жыйынтык белгилүү болду. Акыркы жыйынтык протоколдордун баары кол менен эсептелип чыккандан кийин расмий жарыяланат.

1899
Белгилер:
Жогорку Кеңешке шайлоо, добуш, саноо, жыйынтык, мандат
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Адис жаңылган. БШК сайттагы добуштарды ким көбөйтүп салганын айтты
Бюллетендер качан кол менен саналып бүтөт? БШКнын жообу
QR-код текшерүү

Кыргызстанда эмделгенин тастыктоочу QR-код системасы киреби? Министрдин жообу

0
(жаңыланган 10:24 01.12.2021)
Буга чейин социалдык тармактарда бийлик кийинки аптадан тарта адамдын коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн тастыктай турган QR-код системасын киргизет деген маалымат тараган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстанда QR-код системасын киргизүү планы жок. Бул тууралуу Sputnik редакциясына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда, анын ичинде "Бишкек сегодня" Telegram-каналында дагы бийлик кийинки аптадан тарта адамдын коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн тастыктай турган QR-код системасын киргизет деген маалымат тараган. Анда вакцина албай, QR-кодго ээ болбогондор соода борборлору, кафе-ресторан сыяктуу коомдук жайларга киргизилбей турганы айтылган.

Министр бул маалыматты төгүндөдү.

"Жок, андай нерсе пландалган эмес. Бул маселени мен чечем да, азыр андай оюбуз жок", — деди Бейшеналиев.

Соңку маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 1,1 миллион киши коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алды. Ал эми экинчи компоненти дээрлик 900 миң кишиге сайылды.

Белгилей кетсек, эмделгендер жана ооруп сакайгандар коомдук жайларда эркин жүрүшү үчүн аларга QR-код берүү чечимин Россия бийлиги кабыл алган. Ушул эле эрежелер Европанын айрым мамлекеттеринде колдонулуп жатат.

0
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, QR-код, Алымкадыр Бейшеналиев
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстандагы вакциналар "омикронго" каршы эффективдүүбү? Адистин жообу
Жугуштуу илдеттер ооруканасы COVID жуктургандарды кайра кабыл алмай болду