Талапкерлер, Жапаровдун атын жамынбагыла! Маалымат катчынын билдирүүсү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана маалымат катчысы Эрбол Султанбаев. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана маалымат катчысы Эрбол Султанбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
Маалымат катчы Жапаровдун атын жамынган Жогорку Кеңештин талапкерлери боюнча маалымат болсо тартип коргоо органдарына кайрылуу керектигин айткан.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун атына жамынып пайдалангандардын баары жоопкерчиликке тартылат, бул өзгөчө Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлерге тиешелүү. Мындай билдирүүнү мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев таратты.
Ал президент шайлоону ачык-айкын, таза өткөрүү үчүн чечкиндүү реформаларга барып жатат деген пикирин билдирген.
"Садыр Жапаров шайлоо процессин ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн чараларды көрүп жатат. Ошондуктан биз бардык жарандарды, мамлекеттик органдардын жана башка бюджеттик мекемелердин өкүлдөрүн президенттин атын кыянаттык менен пайдалануу фактылары болсо, токтоосуз түрдө билдирүүгө чакырабыз", — деген Султанбаев.
Маалымат катчы Жапаровдун атын жамынган талапкерлер тууралуу маалымат болсо, тартип коргоо органдарына кайрылуу керектигин айткан.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Дүйнө таң кала тургандай шайлоо өткөрөлү. Жапаров аткаминерлерге кайрылды
"Өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен кандайдыр бир байланыштарына жамынган талапкерлер тууралуу жана аларга тийиштүү чараларды көрүү үчүн тез арада укук коргоо органдарына билдирүүңүздөрдү суранабыз", — деген маалымат катчы.
Буга чейин Садыр Жапаров добуш сатуу жана сатып алуу мыйзамга туура келбей турганын айтып, мындай учурда эки тарап тең жоопко тартыларын айткан. Андан сырткары мамлекеттик кызматкерлердин шайлоого кийлигишпешин эскерткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0