Кыргызстандагы чет элдиктер эми камсыздандыруу акысын 9 эсе көп төлөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча кармап турган адам. Архив
Акча кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Жазылуу
Чет элдик жарандардын социалдык камсыздандыруу системасына толук кандуу тартылуусунан улам пенсиялык системанын туруктуулугу бекемделмекчи.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Мыйзамдын максаты — өлкөдө убактылуу жүргөн чет элдик жарандардын учурдагы 3 пайыз өлчөмүндөгү камсыздандыруу төгүмүн кыргызстандык жумушчулар төлөгөн 27,25 пайыздык тарифке теңөө.
"Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандары менен чет элдик жарандардын социалдык камсыздандыруу жаатындагы милдеттерин бирдей аныктоого багытталат. Бул аларга кийин пенсиялык камсыздалуусуна бирдей укук берет", — деп айтылат маалыматта.
Бийлик чет элдик жарандардын социалдык камсыздандыруу системасына толук кандуу тартылуусунан улам пенсиялык системанын туруктуулугу бекемделе турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0